Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Жогорку Кеңеш кумсаларды чектегиси келет


Сексуалдык азчылыкка каршы митинг. Бишкек, февраль.
Сексуалдык азчылыкка каршы митинг. Бишкек, февраль.

Кыргыз парламентинин тиешелүү комитети бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга тыюу салчу мыйзам долбоорун колдоду.

Кумсаларга каршы мыйзамдын демилгечилердин айтымында, бул мыйзам кумсалардын маалымат каражаттары аркылуу бири-бирин издеп, ар кандай флеш-моб акцияларды өткөрүп, айтор коомчулуктун көңүлүн бирдей жыныстагы адамдарга бурдурган чараларга тыюу салат. Мыйзамдын авторлорунун бири депутат Курманбек Дыйканбаев кумсалардын саны тездик менен көбөйүп жатканына тынсызданып, ушул кадамга барууга аргасыз болгонун айтууда:

- Эксперттер, ушул маселени анализ кылгандар кумсалардын жалпы саны 35 миңден ашат деп айтышууда. Кыргыз телеканалдарында 24 саат бою эркек эркекти издейт деген өңдүү жүгүртмө саптар кетип жатат. Ошону тыйышыбыз керек.

Парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети бул мыйзамды бир добуштан колдоого алышып, бул мыйзам адам укугун чектейт деп корутунду чыгарган өкмөттү катуу сындашты. Анткен менен депутаттардын бул кадамын бир катар эл аралык уюмдар "Баш мыйзамды бузушту" деп сындап чыгышты. Бишкектик активист Дастан бул демилге Орусиядан көчүрүлгөн мыйзамдардын дагы бирөөсү деп эсептейт:

- Кумсаларга каршы мыйзам жалгыз эмес, жакында эле бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деген, митингдерге тыюу салчу мыйзамдарды көтөрүштү. Эми кумсалар боюнча мыйзамы да орустардын мыйзамынын эле көчүрмөсү. Биздин Жогорку Кеңеш Орусиянын Мамдумасынын эле филиалы болуп баратат, - деди Дастан.

Буга чейин аялдарга болгон зомбулукка каршы деген идея менен Бишкекте жөө жүрүш өткөргөн феминисттер катуу айыптоого кабылган эле. Андан көп өтпөй жарандык актвисит Илья Лукаш кумсалардын аракетин жайылтууда деп улутчул топтор тарабынан айыпталып, сүрөтү өрттөлгөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ушул тапта "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев дагы азыркы мыйзамга коендой окшош дагы бир мыйзамды сунуштап жатат. Айырмачылыгы менин мыйзамымда кумсалар тууралуу маалыматтар кыргызстандык өспүрүмдөргө такыр көрсөтүлбөшү керек дейт депутат:

- Мен Европада болуп жаткан окуялардын алдын алайын деп жатам. Ал жакта бир жыныстуу адамдарга үй-бүлө курганга, бала багып алууга уруксат берип жатышат. Мен билгенден Германияда бул боюнча балдарды окутууга чейин барышат экен. Муну тыйыш керек.

Кыргызстанда сексуалдык азчылыктын укугун коргонгон "Скью", "Лабрис" сыяктуу бейөкмөт уюмдар иштейт, бирок алар улутчул топтордун жана кызуу кандуу талкуу өткөргөн депутаттардын маанайын көрүп, интервью берүүдөн качып калышкан. Өздөрүнө карата белгисиз адамдардан, милициядан коркутуу болгонун айтып келишет. Эгерде келерки жумада аталган мыйзам кабыл алынса кумсалардын аракеттерин, мамилелерин жарнамалоого тыюу салынып, алардын өз укуктарын коргоп тынч митингге чыгуусу да чектелет, аны аткарышпаса 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок өкмөт бул мыйзамды колдобой, жарандардын укугу чектелип калат деп корутунду чыгарган. Буга макул болбогон депутат Нарынбек Молдобаев "Азыркы өкмөт курамында, мамлекеттик маалымдоо каражаттарында да кумсалар бар" деп сүйлөдү. Буга чейин бир нече эл аралык уюмдар мыйзамдын авторлорун, эл өкүлдөрүн бул мыйзамды кабыл албоого чакырган 60тай кат жолдошкон. Бирок демилгечи депутаттар мыйзам парламенттен сөзсүз колдоо табаарына толук ишеним артып турушат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG