Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

АКШ мамдепартаменти: Кыргызстанда адам укугу жакшыра элек


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, өткөн жылы кыйноолор боюнча 200дөн ашуун кайрылуу катталган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, өткөн жылы кыйноолор боюнча 200дөн ашуун кайрылуу катталган.

АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктарынын өткөн жылдагы абалын талдаган кезектеги докладын жарыялады. Анда Кыргызстандагы абалга да баа берилип, адам укуктары жаатында бир катар көйгөйлөр бар экени айтылган.

Докладда кыргыз бийлиги айрым учурда коопсуздукту сактоо үчүн адам укугун бузган көрүнүштөргө жол берип, этникалык, диний, сексуалдык азчылыктын укуктары корголбой жатканы белгиленген.

АКШнын мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада Кыргызстандын түштүк аймагындагы этникалык чыңалуу адам укугу жаатындагы негизги көйгөй катары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары түрмө жана убактылуу камоочу жайлардагы шарттын начардыгы, соттордун бейтарап боло албагандыгы, бейөкмөт уюмдар менен жарандык активисттерге, көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү өңдүү көрүнүштөр бар экени белгиленген. Ошондой эле докладда кыргыз бийлиги айрым учурда коопсуздукту сактоо үчүн адам укугун бузган көрүнүштөргө жол берип жатканы айтылган. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова акыркы кезде өлкөдө адамдардын жашоого болгон укугу бузулуп жатканын белгиледи.

- Атайын операцияларды өткөрүүдө эч кандай соттун чечими жок эле бул жаран ушул окуяга тиешеси бар деп атып салышууда. Мисалы, Боомдон милицияны өлтүрүп качып кетти делген эки адамды атып салышты. Биз видеону көрдүк, алардын колундагы куралдарды да көрсөтө алышкан жок. Ысык-Көлдө Барыкинди өлтүрдү дегендерди деле тирүү кармаса болмок. Армиядагы жаш балдардын өлүмүн да жашоого болгон укуктун чектелиши деп бааласак болт. Асынып алды, ваннага тумчукту депген сыяктуу эле жоопторду беришүүдө.

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында Кыргызстанда бийлик этникалык, диний, сексуалдык азчылыктын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргой албай жатканы белгиленген. Өткөн айда Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстандагы кумсалар жана бисексуалдардын укугу боюнча иликтөөсүнүн корутундусун жарыялаган. Анда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай адамдарды ар кандай жолдор менен кармап алып коркутуп-үркүтөрү, ур-токмокко алып кордук көрсөтөрү, ошондой эле акча өндүрүп алары айтылган.

Кыргыз милициясы болсо сексуалдык азчылык өкүлдөрүн кодулайт деген дооматты четке кагууда. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз түшө электигин, түшө турган болсо териштирүүсүз калбастыгын айтты:

- Эл аралык уюмдун иликтөөсүнүн канчасы чын, канчасы жалган экени бизге белгисиз. Ошолорду сабаган, кыйнаган учурларды далилдеген фактылар болсо алып келсин. Аны биз өзүбүз териштирели, же болбосо бизден башка тиешелүү органдар териштирсин. Андай фактынын ар бири дыкат териштирилет.

Адам укуктары боюнча докладдын авторлору, Кыргызстанда көп учурда жазасыз калуу, айрым аткаминерлердин коррупцияга аралашканы да адам укуктарынын жакшырбай жатканына себеп болууда дешет. Ошол эле балдарга, аялдарга карата зомбулук, адам сатуу, балдарды оор жумуштарга тартуу сыяктуу көрүнүштөр токтобой жатканы да баяндамада белгиленген. Оштогу “Ак жүрөк” моралдык-психологиялык борбордун жетекчиси Дарийка Асылбекова муну социалдык абалдын жакшырбай, миграция агымы токтобой жатканы менен байланыштырды:

-Үй-бүлөдөгү зомбулуктун көп болушу ички жана тышкы миграцияга байланыштуу. Социалдык абалдын начардыгынан аял менен эркектин, үй-бүлөнүн ортосунда чыр-чатактар чыгып атат. Кечээ эле күйөөсү токмоктоп, көгала кылып сабаган бир аял келди. Бизге келгенден кийин аны бейөкмөт уюмдарга кайрыласың, бирөөлөргө арызданасың деп кайра сабап, эми эки кызы менен ажырашканы турат.

Мисалы өткөн жылы Акыйкатчы институтуна 15 миңдей адам ар кандай себептен улам укуктары бузулуп жатканын айтып, кайрылышкан. Алардын ичинен 60% сот, тартип коргоо органдарынын ишине арызданышкан.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, өткөн жылы кыйноолор боюнча 200дөн ашуун кайрылуу катталган. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өткөрүлгөн. Бирок укук коргоочулар жазасын алгандар дээрлик жок болуп жатканын белгилешүүдө.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев адам укуктары боюнча мыйзамдарды дагы жакшыртууну сунуштоодо.

- Кыйноонун алдын алуу үчүн мыйзамдарды дагы жакшыртуу керек. Аларды анализдеп, алдын алуу керек. Кыйноо фактылары кездешет, бирок далилдөө кыйын. Ошондуктан көз карандысыз эксперттик орган түзүү зарыл.

Кыргызстанда кыйноонун алдын алуу боюнча атайын борбор былтыр түзүлгөн. Бирок ал каржы жетишпегендиктен ишке кире элек. Жергиликтүү укук коргоочулар адам укуктарынын бузулушу жетекчилердин кайдыгерлигинен улам болууда дешет.

XS
SM
MD
LG