Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстан адам укугу боюнча БУУга отчет берди


Кыргызстандан барган делегация Адам укугун коргоо комитетинде отчет берүүдө. (Укук коргоочу Дмитрий Кабактын сүрөтү)
Кыргызстандан барган делегация Адам укугун коргоо комитетинде отчет берүүдө. (Укук коргоочу Дмитрий Кабактын сүрөтү)

Ушул күндөрү БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы бул жааттагы акыбал боюнча отчетту угуп жатат. Комитетке расмий бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы өлкөдөгү абал боюнча өз докладдарын сунуштаган.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Женевада өтүп жаткан 110-сессиясында кыргызстандык делегация өлкөдөгү адам укугу боюнча маалымат берүүдө.

Комитетке Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева баштаган расмий өкүлдөр, укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Дмитрий Кабак жана акыйкатчы Бакыт Аманбаев өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу дүйшөмбүдөн бери өз-өзүнчө баяндама жасашты. Жыйындын алгачкы күнүндө маалымат берген Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева акыркы жылдары өлкөдө адам укугун коргоо боюнча бир катар аракеттер болуп жатканын айтып, буга жакында түзүлгөн өкмөт алдындагы Адам укугу боюнча координациялык кеңешти мисал тартты:

- Кыргызстандагы адам укугун коргоодогу маанилүү кадамдардын бири катары өкмөт алдындагы адам укугу боюнча координациялык кеңешти айтсак болот. Вице-премьер-министр жетектеген бул кеңеш өлкөдөгү адам укугун коргоодо аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөйт жана бул багытта жеткиликтүү укуктарга ээ. Ошондой эле сот, ички иштер, прокуратура органдарында реформа жүрүп жатат. Учурда адам укугу жаатындагы терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн жарандык коом, акыйкатчы менен тыгыз иш алып барып жатат.

Ош. 13-июнь, 2010-жыл.
Ош. 13-июнь, 2010-жыл.
Ал эми Комитет мүчөлөрү Кыргызстандан барган өкүлдөргө диний, этникалык жана сексуалдык азчылыктарга мамиле, ошондой эле абактардагы кыйноолорго жана соттогу адвокаттардын коопсуздугуна байланыштуу суроолорду узатты. Маселен, комитеттин мүчөсү Бузиб Лажар 2010-жылдагы июнь окуяларына күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, кыргыз бийликтери эл аралык уюмдардын сунуштарына көңүл бурбаганын сынга алды:

- 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар боюнча эл аралык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарган. Анда адам укугу осол түрдө бузулуп, укук коргоо органдары коопсуздукту сактай албаганы айтылган эле. Расмий бийлик да муну мойнуна алып, күнөөлүүлөр жазага тартыларын убада кылган. Бирок кыргыз бийликтери бул докладды кулагынын сыртынан кетирип, маани берген жок.

Комитеттин дагы бир мүчөсү Фабиан Сальвиоли болсо быйыл жыл башында кыргыз-кытай чек арасын ашып түшкөн уйгур тектүү 11 адам суракка алынбай туруп өлтүрүлгөнүн адам укугун бузуунун орой мисалы катары сыпаттады:

Кыргыз-кытай чек арасы
Кыргыз-кытай чек арасы
- Албетте, өлкөгө кайсы бир куралдуу топ кирип, куралын тапшырбай баш ийбесе ага каршы чара көрүлүшү керек. Бирок мында да чектөөлөр бар. Аларды сурабай туруп, жок кылуу чечими кабыл алынганы мени таң калтырып, нес кылды.

Мындай дооматка жыйынга катышып жаткан Ички иштер министрлигинин өкүлү Шамшыбек Мамыров чек араны бузган куралдуу топ, кыргыз чек арачыларына баш ийбей, адам өлтүргөнү үчүн жок кылуу чечими кабыл алынганын түшүндүрдү:

- Биздин аскерлер уйгур тилинде аларга колго түшүп берүүнү суранса да, алар ок менен жооп кайтарып, ээлеп алган чек ара бекетинин имаратын өрттөй баштаган. Мындан улам аталган адамдардын коомго коркунучун жана мыйзамга баш ийбегенин эске алып, аларды жок кылуу чечими кабыл алынган. Бирок бул маселе абдан аялуу экенин жана бир катар бейөкмөт уюмдар көтөрүп жатканына байланыштуу биз өкмөт алдындагы адам укугу боюнча координациялык кеңештин жакынкы жыйынында караганы жатабыз.

Ошол эле учурда комитеттин мүчөлөрү Кыргызстандагы диний азчылыктардын укугун коргоого байланыштуу маселелерге токтолуп, аскерге кызмат өтөбөйт деп кылмыш иши козголгон “Жакабанын күбөлөрү” диний агымынын мүчөлөрүнүн укугу бузулуп жатканын да эске салышты.

Кыргызстан дүйнөдө "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү" конвенцияга кошулган 167 өлкөнүн бири катары мамлекеттеги адам укуктарынын абалы тууралуу БУУнун тийиштүү комитетинде мезгил-мезгили менен отчет берип турууга милдеттүү. Буга чейин 2008-жылы эл аралык уюмга отчет берген. Бул жолку отчетту Адам укугу боюнча комитеттин мүчөлөрү талкуулап, март айынын аягында өз баасын берери күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG