Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Интернет кымбаттоо алдында


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясы өлкөдө интернеттин тарифи эки-үч эсеге кымбатташы мүмкүн экенин эскертти.

Себеби, жакында казакстандык интернет провайдерлер кыргызстандык операторлорго дүйнөлүк желе үчүн тариф кымбаттаарын билдирген. Кыргызстанга негизги интернет түйүндөрү Казакстан аркылуу гана келет.

Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абаскановдун айтымында, казакстандык интернет провайдерлер тарифтердин жогорулашына эч кандай түшүндүрмө бере элек.

- Интернетке баа бир топ эле кымбатташы мүмкүн. Эки-үч эсеге чейин көтөрүлүшү ыктымал. Жакында өлкөдөгү бардык операторлорго казакстандык провайдерлер интернет кымбаттаары тууралуу эскертүү беришти. Себебин түшүндүрүшө элек.

Азыркы бааны калтырам десе, оператордун кирешеси төмөндөйт. Кыскасы, бул кымбаттоо интернет баасына сөзсүз таасир этет.
Эркин Жаманбаев

Азырынча Кыргызстанда интернет канчага кымбаттаары жөнүндө божомол жок. Бирок бул кымбаттоо өлкөдөгү интернет рыногуна терс таасирин тийгизет. Бул тармакта байкоо салып жүргөн жеке ишкер Эркин Жаманбаев:

- Биздин операторлор мурункудан кымбат төлөй баштаса, интернеттин мегабайты үчүн тарифти көтөрөт же интернеттин ылдамдыгын чектөөгө туура келет. Эми бул ар бир компаниянын жеке стратегиясына байланыштуу. Ал эми азыркы бааны калтырам десе, оператордун кирешеси төмөндөйт. Кыскасы, бул кымбаттоо интернет баасына сөзсүз таасир этет.

Өлкөдө мамлекеттик жана жеке менчик болуп онго жакын интернет провайдерлер бар. Мындай күтүүсүз кымбаттоо жөнүндөгү кеп аларды дагы алдастатты окшойт. Жада калса айрымдары маалыматтын чын-төгүнүн биле албай турат. “Элкат” компаниясынын өкүлү Нуржигит Муратбек уулу мындай деди:

- Бул биздин чечимден улам кымбаттаган жок. Казакстандык провайдерлер бааны көтөрдү деген кеп бар. Бирок биздин кымбаттаталы деген оюбуз жок. Бул азыр ушак бойдон турат. Эртең эмне болот, аны айта албайм.

“МЕГА-ЛАЙН”, SAIMA TELECOM сыяктуу компаниялар жеке сайттарында кардарларына жалпы кымбаттоо жөнүндө гана кабарлап, азырынча тарифтерди көтөрүү жөнүндө так жаза элек.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясы казакстандык кесиптештерин сүйлөшүп алып, тарифти көтөрүштү деп нааразы болууда. Бирок казак маалымат сайттарында мындай дооматты четке каккан кабарлар чыкты. Ал эми өкмөт алдындагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги бул маселе боюнча Казакстанга кайрыла турган болду.

- Байланыш операторлору ассоциациясынан атайын кат келген. Катта казакстандык интернет провайдерлеринен интернетке акыны көтөрүү боюнча маалымдама келгени жана бул чочулоо жаратканы баяндалган. Буга байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги өлкөдөгү интернет баасынын кымбатташы боюнча Казакстанга кайрылат, - деди комитеттин маалымат катчысы Назира Турдалиева.

Жарандардын жашоосунун бир бөлүгүнө айланган интернеттин кымбатташы боюнча кабар социалдык тармактын колдонуучуларын дүрбөлөңгө салды. Ар ким ар кандай божомолдоп, Казакстан чек арасын татаалдаштырып, азык-түлүктү артка кайтарып, эми интернеттин кезеги келди деп саясатка байлагандар бар.

Бүгүнкү күндө чексиз интернет үчүн ылдамдыгына жараша кыргызстандыктар орто эсеп менен айына 1000 сомдон 3000 сомго чейин төлөйт.

Эки эсе кымбаттоо өз кезегинде интернет менен байланышкан IT-технология тармагынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Кыргызстан интернеттин 90 пайызын Казакстандын провайдерлери аркылуу алып келет. Адистер Кытайдан алып өткөн интернеттин ылдамдыгы начар экенин айтышат. Ал эми дүйнөлүк желени спутниктен алууга өлкөдө азырынча техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG