Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Аттокуров: Интернет акысы да саясатташты


Азамат Аттокуров
Азамат Аттокуров

Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясы өлкөдө интернеттин тарифи эки-үч эсеге кымбатташы мүмкүн экенин эскертти.

Жакында казакстандык интернет провайдерлер кыргызстандык операторлорго дүйнөлүк желе үчүн тарифтер кымбаттарын билдирген. Кыргызстанга негизги интернет түйүндөрү кайсы өлкөдөн келип, кандайча таркатылат, ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн телекоммуникация жаатындагы эксперт Азамат Аттокуровго суроо узаттык.

“Азаттык”: Азамат мырза Кыргызстандын интернет провайдерлери негизги булакты кайсы жактан алып келет?

Аттокуров: Бизге интернет Казакстандан келет, ал эми Казакстан Орусиядан “Транстелеком”, “Росстелеком” жана башка компаниялардан алат. Ошол эле учурда Казакстанда да төрт-беш ири компания бар. Алардын ичинен “Казактелеком” жана “Билайн” компаниялары кошуна өлкөдө чоң мекемелер болуп саналат.

“Мегаком”, “Билайн” жана зым менен таратылган интернеттер да провайдерлер аркылуу Казакстандан келет. Демек кымбаттоо болсо бардык операторлорго баа жогорулайт.

Чындыгында казак ишканалары арасында жашыруун сүйлөшүүлөр бар. Элестетиңиз 1 мбит каналды Казакстан 2 доллардан алса, бизге 20 доллардан сатчу. Эгерде азыр дагы эки-үч эсе кымбаттатса, биз Орусияга караганда 80-100 эсе кымбат төлөп калабыз. Муну сүткорлук деп атоодон башка сөз таппай турам.

“Азаттык”: Казакстан өзү Орусиядан сатып алып жатса, алар деле өз жарандары үчүн тарифти жогору коюшабы?

Аттокуров: Жок, аларда өз кардарларына, батирлерге, үйлөргө тараткан интернеттери арзан эле келет. Ал жакта 20 долларга 50 мбит интернет сатып алса болот. Биз миң сомго 1 мбит алсак, ал жакта 50 мбит интернет алса болот.

“Азаттык”: Эгерде интернет кымбаттаса, мобилдик интернеттин тарифи да буга тиешелүү болобу?

Аттокуров: ​Албетте, биздин провайдерлер кошуна Казакстандан алат. Ошол эле “Мегаком”, “Билайн” жана зым менен таратылган интернеттер да провайдерлер аркылуу Казакстандан келет. Демек кымбаттоо болсо бардык операторлорго баа жогорулайт.

Казакстан биз тарапка 300 миң тонна жашылча-жемишти кайтарып беришти, эми болсо интернетти бууп жатышат. Бул мамлекеттик, президенттер жана министрлер деңгээлинде чечилчү маселе болуп калды. Себеби, бул ачыктан ачык эле саясатка бурулуп кетти.

Белгилей кетчү жагы бизде 40-50 пайыз таза пайда операторлорго түшөт. Бул деген эгерде Казакстан биздин провайдерлерге сатып жаткан интернет баасын көтөрсө, биздин компаниялар азыркы бааны кармап тура албайт деген белги. Себеби, баанын жогорулоосу эң кеминде эки-үч эсе болуп жатат. Мен кээ бир операторлор менен сүйлөшсөм, сегиз эсеге чейин көтөрдү деп жатышат.

Бул жерде ар кандай бааны көтөрүшүүдө. Сураштырып көргөндө траффиги ири операторлорго баа эки-үч эсе көбөйтүлүп, ал эми майда компанияларга аябай эле кымбат берилип жатат.

“Азаттык”: Демек бул маселени провайдерлер ич ара сүйлөшө албайт экен да, сөзүз мамлекет да кийлигиши керек болуп калды өңдөнөт?

Аттокуров: Албетте, бул көрүнүштү мамлекеттин эгемендүүлүгүнө кол салуу катары да көрсөк болот. Бул казак тараптан боордоштук эмес, өтө эле кас мамиле болуп атат. Мына биз жакында эле көрдүк Казакстан биз тарапка 300 миң тонна жашылча-жемишти кайтарып беришти, эми болсо интернетти бууп жатышат. Бул мамлекеттик, президенттер жана министрлер деңгээлинде чечилчү маселе болуп калды. Себеби, бул ачыктан ачык эле саясатка бурулуп кетти.

XS
SM
MD
LG