Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Мамыркулова: тилдин кадыры үчүн күрөшө берем


Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган жараянга нааразы болууда.

Анын Бишкектин район аралык сотуна жазган доо арызы артка кайтарылды. Буга чейин Биринчи май райондук соту да арызды алган эмес. Ал ушул маселеде "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.

“Азаттык”: Канышай Мамыркулованы мурда журналист катары тааныйт элек. Анан блогер болуп чыга келдиңиз. Акыркы кездери активистке айландыңыз.

Мамыркулова: Мен дээримен эле активистмин. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенип жүрүп, журналистиканын чек арасынан чыкпаганга мажбур болчумун. Мен иштеген “Сентябрь” телеканалы мурдагы бийликтин тушунда жабылбадыбы. Ошондон соң үйдө отуруп, башты өйдө көтөрүп, маселелерге терең карап, социалдык, укуктук көйгөйлөрдү козгой баштадым. Бир жагынан “Сентябрь” каналы сот аркылуу жабылып, экинчи жагынан саламаттыгыма байланыштуу азыр жумушсуз эле жүрөм.

“Азаттык”: Буга чейин “Фейсбукта” кыска саясий шакабаларды жазып жүрдүңүз эле. Акыркы кездери Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кызматка келишине, кыргыз тилин билүү деңгээлине байланыштуу нааразылыктарды айтып келатасыз. Ал тургай соттошууга да бел байладыңыз.

"Мама тил, папа мекен"

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Мамыркулова: Кыргыз тили мен үчүн, сиз үчүн же кайсы бир топ үчүн керек эмес. Ал жалпыбыздыкы. Мени кейиткени, тил маселеси мамлекеттик машинанын куралы болуп кетти. Тилдин кадыры мамлекеттик деңгээлде тепселип отурса, андан ары сөз кылбай эле коёлу. Анда 23-сентябрды Мамлекеттик тил күнү деп белгилөөнүн эмне кажети бар? Ага моралдык укугубуз барбы? Ушул суроолордон улам нааразылык билдирип келатам.

“Азаттык”: Ошол эле кезде тилчилер, мамлекеттик ишмерлер бул маселеге байланыштуу үн каткан жок. Жалгыз гана Мамыркулова күйүп-бышып аткандай...

Мамыркулова: Тилдин кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн курал болуп жатканына кейип турам. 2017-жылы өкмөттүн №490 токтомуна кол коюлган. Ал кезде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болчу. Ошол токтомдун негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана кызматты ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө” жобо иштелип чыккан. Ошол жобого ылайык, былтыркы президенттик шайлоодо тил сынагы өткөн. Токтомдун негизинде “Кыргызтест” түзүлгөн. Эмне үчүн ал эреже шаар мэрин шайлоодо колдонулбайт? Мэр кызматы президенттик кызматтан өйдө турабы?

Ош шаардык мэрин шайлоодо деле ушундай болду. Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоодо “Кыргызтест” эрежелери колдонулбай, жети кишиден турган топ эле сынактан өткөрүп койбодубу. Анда эмнеге “Кыргызтест” түзүлдү? Тилчи-профессорлордон турган топ "мэр тилди билет" деп тыянак чыгарып коюшту. Андай кылууга акысы жок. Токтом аткарылбаган соң алардын корутундусу да мыйзамсыз.

“Азаттык”: Суракматов “эл”, “шаар” деген сөздөрдү туура эмес жазганына нааразы болуп келатасыз. Бул кырдаалга жооптуу катары өкмөттүн, Мамлекеттик тил комиссиясынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, "Кыргызтест" мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнүп, сотко кайрылдыңыз. Бирок арызыңызды Биринчи май райондук соту да, Район аралык сот да артка кайтарды.

Мамыркулова: 2017-жылдагы Жарандык-процессуалдык кодексти шылтоо кылып, Биринчи май райондук соту Район аралык сотко түрттү. Шайлоого байланыштуу ишти алар карайт деп айтышты. Бирок өкмөттүн токтому аткарылбаганынын өзү шалаакылык, арызымды алышы керек болчу. Макул деп 17-августта Район аралык сотко кайрылдым. Булар болсо “сиздин маселени алгач Борбордук шайлоо комиссиясы караш керек” дейт. Ошол Борбордук шайлоо комиссиясына баш ийген Аймактык шайлоо комиссиясы өзү ката кетирип атса, мен алардын ишине нааразы болуп даттансам, кайра өздөрүнө каратууга кандай зарылчылык бар?

Шаардык кеңеш мэр шайлап жатканда Канышай Мамыркулова баш болгон активисттер мэриянын жанына нааразылык акциясына чыгышкан.
Шаардык кеңеш мэр шайлап жатканда Канышай Мамыркулова баш болгон активисттер мэриянын жанына нааразылык акциясына чыгышкан.

“Азаттык”: Бишкек мэрин шайлоо шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын гана чечими менен ишке ашып жатат деген нааразылыкты да айтып жүрөсүз. Сот арызыңызды албады. Мындан улам сиз бул маселени аягына чыгарууга өзүңүзгө канчалык ишенесиз?

Мамыркулова: Мындай мамиледен улам мен кайрыла турган кийинки инстанциялар да арызды четке кагышы мүмкүн. Эгерде мен олигарх, мансапта отурган адам болсом, маселе мен тарапка чечилмек. Бирок мен укукту талашам. Юрист болбосом дагы маселенин төркүнүн түшүнүп турам. Токтайым Үмөталиева, Самат Алиев сыяктуу адамдар кеп-кеңеш берип, колдоп атышат. Бирок мен юристтерге акча бере албайм. Жумушум жок, анан кайдан юрист жалдайм?

Мен көздөгөн максатыма жетпешим мүмкүн. Кимдин пайдасына чечилерине да көзүм жетет. Бирок биз мындай мамилени токтотушубуз керек. Пикирибизди айтып, жок дегенде каршылык билдирип турушубуз кажет. Тилдин кадыры үчүн күрөшө берем.

“Азаттык”: Тилге байланыштуу маселе көтөрүп жатасыз. Бул ашкере улутчулдукпу же эмне?

Мамыркулова: Менин аракетимди радикал улутчулдук деп кабыл албооңуздарды суранам. Мэр болуп шайланган Азиз Суракматовду да жек көрбөйм, жеке өчүм да жок. Тилдин укуктук маселесин гана көтөрүп жатам. Радикал маанай - башкаларды кыргызча сүйлөөгө мажбурлоо. Мен болсо мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде жасалган мыйзамсыз мамилеге нааразы болуп жатам.

Редакциядан: Быйыл 26-июлда мэр кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ үчүн комиссия түзүлгөн. 31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын "эл", "шаар" деген сөздөрдү ката жазганы тууралуу маалымат Интернетке тараган.

8-августта мэр шайлоо атаандашсыз өтүп, шаардык кеңештин көпчүлүк добушу менен Суракматов кызматка келген. Аны бул кызматка КСДП фракциясы сунуштаган.

Активисттер шайлоо күнү нааразылык акциясына чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG