Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:16

Чаткалдагы жумушчулар өкмөткө даттанышты


Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү "Кичи-Чаараттын" жумушчулары менен жолуккан учурда. 10-июль, 2019-жыл.

Чаткал районунда кен казуу иштерин алып барган "Кичи-Чаарат" компаниясынын жумушчулары маянанын аздыгын жана иштөө шартынын оордугун айтып чыгышты.

Бул тууралуу алар облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев менен жолуккан учурда билдиришти. Мындай талапты жумушчулар эки ай мурда компаниянын жетекчилигине да коюшкан.

Тынчтык Орозбек уулу бир топ убакыттан бери кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясында иштейт. Ал нөөмөт менен күнүнө 12 сааттан иштеген жумушчулардын маянасынын аздыгы маселе жаратып жатканын билдирди. Маянаны көтөрүү талабын алар эки айдан бери айтып келе жатышат.

"Мурда жөнөкөй жумушчу болуп иштеп турган убакта 14 миң сом айлык алчумун. Быйыл май айынан баштап фабрикада байытуучу болуп жумушумду улантып, маянам болгону миң сомго көбөйдү. Май айында биз ушул талапты жетекчиликке койгонбуз. Алар бизден эки ай мөөнөт сураган. 20-июлда ал убакыт бүтөт, бирок булар азырынча эч нерсе айтпай жатат. Маянабыз канчага, качан көтөрүлөт билбейбиз. Иш таштоо кылсак, 500 же 1000 сомдон көтөрүп коюп жатышат".

"Кичи-Чаарат" ишканасы. Чаткал.
"Кичи-Чаарат" ишканасы. Чаткал.

Мындай талабын жумушчулар өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган ишкананын иши менен таанышкан учурда билдирди.

Мындан сырткары жумушчулар жумуш маалында кийген бут кийимдери талапка жооп бербесин, тамактануучу жайларда шарттын жоктугун айтышты.

Каныш-Кыя айылынын тургуну Кожобек Ойгонбаев балдардын койгон талабы туура экенин белгиледи.

"12 саат кенде тынымсыз иштеген баланын келечеги эмне болот? Алардын саламаттыгына ким камкордук көрөт? Он жыл иштесе, 60ка чыккан кишиден айырмасы жок болуп калат. Алган акчасы 15 миң сом. Мамлекет деген барбы, буларды көзөмөлгө алабы?".

"Кичи-Чаарат". Чаткал
"Кичи-Чаарат". Чаткал

Чаткалдагы Куру-Тегерек кенин иштеткен “Кичи Чаарат” ишканасында учурда 500дөн ашык адам иштейт. Алардын 450дөн ашууну жергиликтүү тургундар. Бул кенде расмий эсеп боюнча 39 тоннадан ашык алтын, 354 миң тоннадан ашык жез бар экени аныкталган. Облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев талаптардын баары тийиштүү тараптарга жолдонгонун белгиледи.

"Мен Чаткалдагы иш сапарым учурунда “Вертекс”, “Кичи-Чаарат” фирмаларында болуп, жумушчулар менен баарлашып чыктым. “Кичи-Чааратта” жумушчулар мага эмгек акынын аздыгын жана жумуш формалары боюнча айтышты. Бул багытта компания жетекчилигине кайрылдым. Мындан сырткары өкмөттүк деңгээлде да маселе коем. Райондун эли менен жолугушууда фирмадагы тамактануучу жайдын начардыгын да айтышты. Фирмада болгон учурда ал жагдайды көргөн эмесмин. Жергиликтүү тургундун талабы боюнча ал жагын да көзөмөлгө алабыз. 12 саат иштеген жумушчулардын маянасын көтөрүш керек".

Кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясынын фабрика жетекчисинин жардамчысы Алтынбек Амулаев алтын өндүрүүчү комбинат ишке кирсе гана жумушчулардын маянасы акырындык менен көтөрүлөрүн билдирди.

"Азыр компания алтын өндүрүшүн ишке киргизе элек. Ошол себептүү толук кандуу иштеп жатат дегенге болбойт. Эгерде фабрика иштеп, өндүрүш жанданса жумушчулардын маянасы да акырындык менен көтөрүлөт. Алар айтып жаткан бут кийим боюнча дооматтар негизсиз. Жумушчуларга үч түрлүү бут кийим берилет. Азыр фабрикада суулуу жерде иштеп жаткан балдар резина өтүк киет. Алар кайыш өтүк бергиле деп суранышкан. Ал сунуш жетекчиликтин кароосунда".

Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү "Кичи-Чаараттын" жумушчулары менен жолуккан учурда.
Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү "Кичи-Чаараттын" жумушчулары менен жолуккан учурда.

​Компаниядагы жергиликтүү жумушчулардын кесиптик кошуунунун төрайымы Рахия Оңорбаева жумушчулардын маянасы боюнча буларды айтты.

"Булардын маянасы жумуш берүүчү тарабынан аныкталат. Эмгек кодексине ылайык “Кичи-Чааратта” эмгек акы өлкөдөгү эң төмөн маянадан жогору болуусу шарт деп көрсөтүлгөн. Мисалы, Кыргызстанда эң төмөнкү айлык 4,5 миң сом болсо, бул жерде жумушчулардын айлыгы 5,5 миң сомдон башталат. Ага жумушчунун тажрыйбасы, кендеги зыяндуулук (30% фабрикадагыларга жана 15% кеңседе иштегендерге), вахтада иштеп жаткандарга суткалык төлөм кошулат. Мындан сырткары тоолуу аймак катары 70% кошумча төлөө каралган. Баарын кошкондо жөнөкөй жумушчулардын маянасы 15 миң сомдон жогору болуп жатат".

Өткөн айда Жогорку Кеңештин депутаттарынын Чаткалга болгон иш сапары учурунда да кендин жумушчулары ушул маселени көтөргөн. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков парламент жыйынында Чаткалда иш чатак экен деген билдирүү жасап, өкмөттү көңүл бурууга чакырган.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

"Ошол жерде эмгек акы эч татыбаган нерсеге бааланат экен да. Мисалы Чаткалда 12 саат иштеген жергиликтүү тургундарга 14 миң сом маяна беришет экен. Ал эми Кумтөрдө иштеген ошол эле тургундар 50-60 миң сом алат. Эмне үчүн ишке бериле элек Жерүй алтын кенинде жергиликтүү эл сегиз саат иштеп, 30-40 миң сомдон маяна алат да, Чаткалда андай эмес. Эл ушуга нааразы. Бул маселени өкмөт жөнгө салып койсо болмок. Жакында өкмөт башчысы "Кичи-Чаарат" фирмасына барат экен. Айлык жана социалдык пакет сыяктуу эки маселеге көңүл буруп койсо жакшы болмок".

Кенди иштетүү боюнча лицензия кытайлык "Кичи-Чаарат" ишканасына 2003-жылы эле берилген жана кендеги алтын өндүрүшү 2017-жылга белгиленгени маалымдалган.

Бирок кендеги алтын өндүрүшү азырынча баштала элек. 2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы "Кичи-Чаарат" компаниясына "өтө чоң көлөмдөгү салыкты жашырган" деп кылмыш ишин козгогон.

Ал кезде "мамлекет 135 миллион сомго жакын зыян тартты" деп эсептелген, тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө компания акчаны толук төлөп бергени кабарланган. Алдыдагы күндөрү өкмөт башчысы Мухамедкалый Абылгазиев фирманын алтын өндүрүүчү комбинатынын ачылышына катышары айтылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG