Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:28

Бийликтин эркин сынаган Чаткал чатагы


Чаткал.

Чаткалда карапайым калктын өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековдун тоо-кен тармагындагы абалды тартипке салуу боюнча берген тапшырмалары аткарылбай жатканына нааразы.

Жергиликтүү тургундар андагы жергиликтүү бийлик менен тиешелүү мамлекеттик органдар өз ара келишип алып, кен казуучу компаниялардан демөөрчүлүк катары түшкөн акчаны ыксыз сарптап жатышканын билдиришти. Алар алтын кендерин мыйзамсыз казууга жол берип, уу калдыктарды сактоо жайларын куруу боюнча экологиялык коопсуздук чаралары одоно бузулган учурларга кабатыр экенин айтышты. Чаткалдыктардын айтымында, анда жеке кызыкчылыгы бар, бийликтеги жогорку кызмат адамдары калкалап жаткандыктан бул боюнча козголгон кылмыш иштеринен жыйынтык чыкпай, райондо борбор менен байланышкан коррупция өз ара чырмалышып калган. Жергиликтүү бийлик муну анын ишин көрө албастардын пикири катары караса, райондун прокурору козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жыйынтыгы чыга элек экенин кабарлады.

Президенттин сөзүн кимдер эки кылды?

Чаткалдагы жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл 30-январдагы Коопсуздук кеңешинде тоо-кен тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча берген тапшырмасы аткарылбай, кагаз бетинде калып кеткенине кабатыр. Анткени алардын айтымында, Чаткалдагы кен казуучу компаниялардын мыйзамсыз иштерин тизгиндеп, экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча президенттин берген тапшырмасынан кийин деле тиешелүү чара көрүлгөн эмес.

Жергиликтүү тургун Умар Абдыкеримов буга жогорку кызмат адамдарынын калкалоосу себеп болуп, козголгон иштер ордунан жылбай, экологиялык коопсуздук маселеси элди түйшөлтүп турганын билдирди:

Облустун жетекчисинен баштап, андан ары жакта бардыгы эле биздин акимдин калкалоочусу. Биз ошондой түшүнүп калдык.

««Маселе эми козголуп жатыптыр, эми бир чара көрүлөт» экен десек ал иштер кайра козголуп, чара көрүлмөк турсун ошол сөз ошол боюнча жабылуу бойдон калды. Чаткалдагы коррупцияны жойгонго негизи биздин мамлекетте бир күч барбы же жокпу? Маселелердин козголуп, ишке ашышына тоскоолдук кылып жаткан, Чаткал каякта экенин да билбеген, ошол жакта отурган аткаминерлер бар. Ошолор тоскоолдук кылып жаткан сыяктанат. Ошол жактын баары эле калкалоочу, айланайын. Облустун жетекчисинен баштап, андан ары жакта бардыгы эле биздин акимдин калкалоочусу. Биз ошондой түшүнүп калдык. Анткени козголгон иштердин бардыгы бүт эле ордунан жылбай, токтоп турат. Улам текшерилет, бирок жыйынтык чыкпайт. Анан биз эмне деп ойлошубуз керек? Акча көп. Президенттик аппаратта деле жок дейсиңби, бар да. Бизге керек болсо бирөөлөр айтып жатышат. Алманбет Салиев дедиби, иши кылып Ак үйдө ошондой бирөө бар экен. Ошону «калкалайт экен» деп айтып жатышат. Мына азыр элдин оозунда айтылып эле жүрөт. Бизге өткөндө Мамэкотехинспекциянын 4-5 адамдан турган комиссиясы келген. Эч кимге көрүнбөстөн, элге жолукпастан, изин жашырып «Чаарат» дегендин жарылып, иштебей турган уу калдыктар сактоочу жайын көрдү дагы, эмне деген акты жазып кеткени бизге белгисиз. Биз ал жакка барып, жолугалы десек, киргизбей коюшту. Алар элден качып, бизге жолукпастан кетип калышты. Мына ошол уу калдыктары сактала турган жайдын тагдыры алиге чейин чечилген жок. Аны бийликтин колдоосу менен, жалган документтердин негизинде сайга, айылга жакын жерге жайгаштырып салышкан. Анын астына төшөлгөн геомембранасы жарылып, ишке кире электе эле жарактан чыгып жатат. Эми ал ишке киргенде дагы бир жеринен оюлуп, айрылып кетсе, сакталган уу калдыктарынн бардыгы жер астындагы суу аркылуу сарыгып отуруп, Чаткалдын дарыясына кошулат да».

Аким дооматтарды четке какты

Ошол эле кезде Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, аны калкалаган президенттик аппараттагы ири байланыштары тууралуу маалыматтарды карандай каралоо катары кабыл алды. Анын баамында, Чаткалда кен казуучу компаниялардын эсебинен СССР таркагандан бери курулбаган мектеп, бала-бакчаларды куруп, айрым көрө албастардын «чабуулуна» дуушар болуп жаткан экен.

Канжарбек Эшалиев.
Канжарбек Эшалиев.

«Биз эми президенттик аппаратка баш ийбейбиз, - деди ал. - Биз өкмөткө баш ийебиз. Өкмөт менен иштешебиз. Бул эми жөн эле ушак. Мен ал кишини тааныбайт экемин. Эгерде ал киши мени калкаласа, анда мени бир жерге министр кылып коёт эле го? Мен деле кызматыман чоңоёюн деген ниетим бар. Анан эми алардын өкмөткө кандай тиешеси бар? Же менин ал жакка киргенимди бирөөлөр көрүптүрбү? Мен ал жакка, президенттик аппаратка барбайм деле. Бул жерде менин жакшы жасап жаткан иштеримди көрө алышпай эле жамандап, каралап жатышат. Союз таркагандан бери Чаткалда болгону бир эле мектеп түшкөн. Мен келгенден бери 6 мектеп курдук. Он бешке жакын бала бакча салынды. Ал жакта кеминде беш жүздөн ашуун бала тарбияланып жатат. Анан уу калдыктарын сактаган жайлардын курулушу боюнча айтсам - башында долбоор боюнча башка жакта курулушу керек экен. Кийин кен казуучу компаниялар жергиликтүү эл менен макулдашып, башка жакка которгон. Долбоорлору иштелип чыгып, экспертизадан өткөрүлгөн. Ал жакта эч кандай экологиялык кырсык болушу мүмкүн эмес. Анткени бардык технологиялар сакталган. Менин каршылаштарым эле мени элге жаманатты кылыш үчүн «ошого уруксат берген» деп мени каралап жатышат. Ага мен уруксат берген эмесмин. Алар эл менен макулдашып, анан жергиликтүү эл «ал жактан бул жакка көчүрө турган болсоңор анда үнөмдөлгөн акчанын эсебинен бизге жардам бересиңер» деген талап койгон. Анан компнаия Чакмак-Суу айылына 27 млн. сомго 150 орундуу мектеп салып берди. Баш-Терек айылына 16 млн. сомго таза суу чыгарып берди. Курулуш айылына азыркы кезде спорт зал куруп берип жатат».

«Элдик жыйынга» таянган чечимдер

Анткен менен Чаткалда жакында болуп өткөн жыйында сүйлөгөн Токтомамет Мырзалиев калк жашаган жана өзөндөргө жакын аймактарга уу калдыктарын сактоочу жайларды курууга жергиликтүү элдин макулдугу менен уруксат берилгенине ишенбейт.

Токтомамет Мырзалиев жергиликтүү бийлик менен кен казуучу компаниялар өздөрүнө караштуу адамдар менен гана чогулуш өткөрө салып, «эл уруксат берди» деген жүйөнү бетине кармаганды өнөкөткө айландырып алган деген оюн айтты:

Элдик жыйын деген элдин калың катмарынын катышуусу менен болушу керек.

«Уу калдыктарын сактоочу жайлардын курулушу боюнча 2014-жылы 15-июнда ушул залда элдик жыйын болгон. Андан кийин бул маселе көтөрүлбөй калган. Кийин эле ошол жылы ноябрь айында Бишкектеги «Хаят» мейманканасында өзүнүн жардамчылары менен барып, жашыруун меморандум түзүп келишкен экен. «Эл уруксат берди» деген сөз ошондон кийин чыгыптыр. Эл укпаса кантип уруксат берет? Мындан кийин эске салып коюш керек. Элдик жыйын деген элдин калың катмарынын катышуусу менен болушу керек. Буга чейинки өткөн элдик жыйындар фирмалардын башчыларынын жана облустун жетекчисинин катышуусу менен болгон. Бирок ал жыйындардын биринде да эл ага эч качан уруксат берген эмес. Негизи буга уруксат берилбеши керек».

Кымырылган миллиондор, кыймылдабаган тергөө

Чаткалдагы мурдагы курулушчу Умар Абдыкеримовдун айтымында, кен казуучу компаниялар Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактарындагы социалдык объектилерди курууга демөөрчүлүк кылып, бөлүп берген акча каражаттары ыксыз чыгымдалып кеткен. Арызда көрсөтүлгөндөй, айылдардагы көчөлөрдү жарыктандырууга, жолдорго асфальт төшөөгө жана социалдык имараттарды оңдоого бөлүнгөн акчадан 7 млн. сомдон ашуун акча тартыштыгы келип чыккан. Алардын бири Каныш-Кыя айыл аймагындагы жолдорго асфальт төшөөгө бөлүнгөн акчадан эле 2 млн. 401 миң сом акча өөнөлгөнү арызда көрсөтүлгөн. Бул айыл ичиндеги жолду асфальттоо долбооруна Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев өзү буюртмачы болгону белгиленген.

Чаткалдагы Кичи-Чаарат кени.
Чаткалдагы Кичи-Чаарат кени.

Жергиликтүү активист Умар Абдыкеримов бөлүнгөн акчанын көбү кымырылгандыктан курулуш иштери сапатсыз бүткөрүлгөнүн айтты:

«Ал жерде аким өзү кен казуучу компаниялар менен асфальтка 15 млн. сом, райондун ар кандай керектөөлөрүнө 2 млн. сом, кайрымдуулук иштерине 5 млн. сом деп ар кандай муктаждыктарга деген негизде меморандумдарды түзүп, миллиондогон сомдорду түшүргөн. Бирок ошол түшкөн акча каражаттарын УКМК, Финполиция келип 1-2 ай текшерип чыгып, анын жыйынтыктарынын көбүн берген жок. Бирок ал берилген жыйынтык боюнча 7 млн. сом акча жетишпестиги чыкты деген негизде иш козгош үчүн ал материалдарды прокуратурага өткөзүп беришкен. Ал жактан кылмыш иштери козголуп, бирок төрт айдан бери жыйынтыгы чыга элек. Бул жерде аким өзү буюртмачы болуп, алган каражаттар боюнча эле миллиондогон сом акча жетишпестиги келип чыкканы аныкталган. Бирок ошондон деле жыйынтык чыккан жок. Бул жерде аким менен райондун прокурорунун сөзү бир. Мындан сырткары кен казуучу компаниялардын эсебинен курулган эки көпүрө кулап түшүп, бетондору сууда жатат. Ушуга бир көз жүгүртүп, тешилген-жешилген асфальттын, курулган көпүрөлөрдүн курулушунун сапатына кызыгып койгон бирөө болгон жок».

Акимди көрө албагандар көп экен...

Бирок аким Канжарбек Эшалиев Чаткал азыркы учурда кен казуучу компаниялардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен айыл ичиндеги көчөлөрдү асфальттап, жарыктандырган өлкөдөгү бирден бир район экенин баса белгиледи. Айылдарды жайлоолор менен байланыштырган көпүрлөр курулуп, алардын арасынан айрымдарын суу алып кеткенин ырастаган аким куруучу фирмалардын эсебинен келтирилген зыяндардын орду толтурула турганын айтты:

«Айылдардын ичинде 13 чакырымдан ашуун көчөлөр оңдолуп, асфальт төшөлгөнү жаманбы? Көчөлөр жарыктандырылып, түнкүсүн жапжарык болуп турса, анын эмнеси жаман? Бул жерде биздин ишти сындагандардын кызыкчылыгы башкада болуп жатат. Буга мамлекеттен бир тыйын кеткен жок. Анын бардыгына кен казуучу компаниялар өздөрү демөөрчү болушту. Андай социалдык долбоорлорго аким буюртмачы болбошу керек деген мыйзам жок. Райондун жүгүнүн бардыгы менин моюнумда. Жанагы айтылып жаткан асфальт төшөгөндөн келип чыккан акча жетишпестигин биздин комиссия өзү аныктаган. Анткени асфальттын кээ бир жерлери жарылып кеткен экен. Биз «ошол асфальттын бузулган жерлери боюнча 432 чарчы метр аянтты кайра оңдойсуңар» деп, компаниянын өзүнүн моюнуна койгонбуз. Алар ошол кемчиликтерди оңдоо боюнча бизге кепилдик кат беришкен. Союз таркагандан бери райондо болгону бир эле көпүрө түшкөн экен. Мен аким болуп иштегенден бери он көпүрө курулду. Анан ошол курулган он көпүрөнүн бирөө 2017-жылы жазында дарыяга суу көп келгендиктен, авариялык абалга келген. Эки жылдык кепилдик мөөнөтүнөн мурун көпүрө түшүп калгандыктан, келишим боюнча аны курган компания муну кайра өз эсебинен калыбына келтирип жатат».

Анткен менен Чаткалда жакында болуп өткөн жыйында жергиликтүү юрист Борон Жумабеков кен казуучулардын эсебинен райондогу социалдык курулуш долбоорлоруна акимдин өзүнүн буюртмачы болушунун мыйзамдуулугу боюнча маселе козгоду. Чаткал районунун прокурору Насирдин Бообеков мыйзам анын буюртмачы болушуна тыйуу салбай турганын белгилеген.

Терек-Сай кени.
Терек-Сай кени.

Ошол эле кезде район прокурору Насирдин Бообеков кен казуучу компаниялар бөлгөн каражаттардын чыгымдалышын иликтөө учурунда аныкталган фактылар боюнча учурда тергөө иштери бүтө элек экенин билдирди:

«Биз кылмыш иштерин козгоп, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп бергенбиз. Азыркы учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анан тергөө иштери аяктап, жыйынтыгы чыккандан кийин гана кимдин мыйзамдуу же мыйзамсыз иш алып барганы билинет. Биз тергөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин эле бир нерсе деп айтып, бул иштерге укуктук баа бере албайбыз. Ошондуктан азырынча бул иштерге кимдер күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин айта албайбыз. Анын туура же туура эместигин тергөө гана аныктайт. Андыктан азырынча тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туралы. Президенттин бул багытта Коопсуздук кеңешинде берген тапшырмаларын аткаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Коррупция боюнча кандай арыздар болсо, алардын баары толук текшерилип жатат. Жыйынтыгы качан чыгарын азыр айта албайм. Тергөө бүтмөйүнчө бир нерсе деп айтуу кыйын».

Аппарат башчы акимдин айтканын жокко чыгарды

Ошол эле кезде Чаткал райондук мамлекеттик акимчилигинин аппарат жетекчиси Козубай Керимбеков жергиликтүү активисттердин көтөргөн маселесинин туура экенин айтты. Ал райондогу кен казуу тармагын борбордун колдоосуна таянган топтор мурдатан бери көзөмөлдөп келе жатканын ырастады. Козубай Керимбеков кен казуучу компаниялар менен аким баштаган топту борбордогу жогорку кызмат адамдары калкалай турганын билдирди. Ал бийлик алмашканы менен калкалоочулардын ысымдары гана өзгөрүп, негизги коррупциялык схемалар калып жатканын белгиледи:

Жогорку бийлик эшелонунда отурган аткаминерлер алтын кендеринин лицензияларын алып алып туугандарына жаздырып коюшкан.

«Тиешелүү мамлекеттик органдар бир нече ирет келип, текшерип кетип жатса деле жыйынтыктар жок. Бул акимди мурда ошентип «Икрам Илмиянов менен иш кылат экен» деп укканбыз. Азыр эми жогору жакта кимдер отурат? Ошолор колдоп жатат да. Бирок аны абдан жакшы көрүшсө жанына алып барып эле коюп алса болмок. Жогорку органдардан реакция болбосо кыйын экен да. УКМК, ИИМ, Башкы прокуратуранын бул жерге кирип алган фирмалары бар. Анан эми алар муну карабайт экен да. Жогорку бийлик эшелонунда отурган аткаминерлер алтын кендеринин лицензияларын алып алып туугандарына жаздырып коюшкан. Андан кийин лицензияларын кытайларга чогуу иштетиш үчүн сатышкан. Мен бул жашоодо оор нерселердин баарын баштан кечиргем. Менин алардан корко турган жерим калган эмес. Мында элди көрүп бооруң ооруйт. Эртең ошол 4 фирманын уу калдыктарын сактоочу жайлары иштей баштаса, мында эч нерсе калбайт. Бардык нерсе азыр акчага сатылып калган турбайбы. Чаткалды карап, азыр ыйлагың келет. Бул жерде авариялык абал болсо, ал бир эле биздин районду ууландырбайт. Бул суудан Өзбекстан ичет. Бул суу Тажикстандын Ленинабад облусуна, Казакстандын Бостандык районуна чейин жетет. Уу калдыктары аралашкан суу ал жактарга бара турган болсо эл аралык чатак чыгышы мүмкүн».

Унутулган тапшырма, үн катпаган президенттик аппарат

Быйыл 30-январда тоо-кен тармагындагы абалга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков тармакта мамлекеттик көзөмөл жок калып, коррупция гүлдөгөнүн эске салып, ошондуктан токтоосуз түрдө тармактагы абалды тартипке салууну тапшырган болчу:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Тоо-кен тармагы боюнча жалпысынан жүзгө жакын иш козголгон экен. Анын бардыгын тең талдагыла. Эмне үчүн ошол кылмыш иштери токтотулган, эмнеге жаап коюшкан? Укук коргоо органдары тоо-кен тармагы боюнча кылмыш иштерин ачып эле, бирок аягына чыгарбай токтото берсеңер, айыптууларды коё бере берсеңер, анда тоо-кен тармагы кантип таза болот? Бул тармакты «схемщиктер», «коррупционерлерлер» бардыгыңарды акчага сатып алып, тоо-кен тармагын бир топтор эле көзөмөлдөп калган абалга алып келдиңер. Эгерде сиздер мыйзамды катуу кармансаңар эле эч ким сиздерди эч жакка бура албайт. Өзүңөр аралашып алып анан шерменде болуп жатпайсыңарбы! Бул тармакта иштеген майда-барат кызматкерлерге чейин иликтеп чыккыла. Азыркы күнгө чейин бешөө камалды. Себеби ошол жерде адистер жакшы эмес. Ал кен казуучу компаниялар отчет тапшырбайт экен. Биздин мамлекеттик органдардагы адистер алардын акчасын, документтерин алат экен дагы, аларга отчет беришет экен. Бул эмне деген мамлекеттик бийлик?»

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечимдеринин аткарылышы боюнча комментарий бере элек. «Чаткалдагы алтын казуучу компаниялардын мыйзамсыз иштерине көз жумган район акимин калкалады» деп сөз болуп жаткан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алманбет Салиев тууралуу суроолор да жоопсуз калды. Анын өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду. «Азаттык» бул жагдай боюнча президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алманбет Салиевге микрофон сунууга даяр.

Эңшерилген экология

Жарандык активист Абдыжапар Нурдинов түзүлгөн кырдаал экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн экенин эскертти:

Абдыжапар Нурдинов.
Абдыжапар Нурдинов.

«Коопсуздук кеңешинен кийин эле бул маселе каралбай калды. Анын чыгарган чечиминде «текшерүү жүрүп, талдоо болсун» деген тапшырма берилген болчу. Бирок андай иштер деле болбоду. Бул жерде эң негизгиси - жанагы уу калдыктарын сактоочу жайлардын кооптуулугу боюнча маселе. «Кичи Чаарат» компаниясынын уу калдыктарын сактоо жайы Кыргызстандын Суу кодексин одоно бузуу менен курулган. Ал агын суулардын башатындагы сайга уу калдыктарын сактоочу жай куруп салган. Анан дагы алтын кошулмасын алыш үчүн аны топтоп алып, анан цианидди үстүнө куюу жолу менен алтынды өндүрүп алуу ыкмасы колдонула турган болуп жатат. Бул абдан кооптуу. Уу калдыктары курулган жердин астында булактар калды, жер астындагы суулар турат. Эгерде уу калдыктары сарыгып отуруп, ошол жер астындагы сууларга кошулуп, андан ары Чаткал суусуна аралашса, анда бул оор кесептетерге алып келиши ыктымал».

Башкы прокуратура былтыр Өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетин текшерип, 40ка жакын мыйзам бузуу фактысын аныктаган. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2012-2018-жылдар аралыгында кен тармагына байланыштуу 70тен ашык кылмыш ишин козгогон жана зыяндын өлчөмүн 1 миллиард сомго баалаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (48)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG