Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Терек-Сайдагы чырдан бир өмүр кыйылды


Чаткалдагы буга чейинки митингдердин бири.
Чаткалдагы буга чейинки митингдердин бири.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника каражатын алып бараткан 31 жаштагы айдоочу ок тийип, каза болду.

Фирманын өкүлдөрүнүн айтымында, техника каражатынын алдын торогондор алардан акча доолап, ортодо жаралган чырдан улам жергиликтүү тургун айдоочуну атып салган. Окуяны учурда милиция териштире баштады.

Айдоочунун өлүмү менен коштолгон окуя 10-январга караган түнү саат эки чамасында Терек-Сай айылында болгон.

Чаткалдагы алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника жеткирүүчү жалданма компаниянын өз атын атагысы келбеген өкүлү билдиргендей, жергиликтүү тургундар айдоочулардын жолун тороп акча талап кылышкан.

- Кенге эки техника каражатын башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан, - деди ал. - Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшкөнбүз. Бирок сегиз чакырымга чейин айдагандан кийин артынан кууп барып, атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу жергиликтүү тургундар кармалган, бирок милиция окуяны башка жакка бургусу келип жатат. Тергөө иштери бурмаланып жаткандай.

Чаткалдагы айдоочунун өлүмү боюнча топтолгон материалдар райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков кабарлады:

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы Улан Койчиев шеригинин жанында жүк ташуучу автоунаада аны коштоп бараткан учурда Терек-Сай айылынын Аскат аттуу жашоочусу ок атуучу курал менен Койчиевди атып жиберген. Натыйжада Улан Койчиев Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей алган жараатынан улам каза болгон. Бул окуяга байланыштуу жергиликтүү эки тургун кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул окуядан соң коомчулукта "алтын кенинин айланасы криминалдашып кетти" деген ар кыл маалыматтар айтылууда. Кылмышка шектүү катары кармалган Терек-Сай айылынын тургуну Аскат да буга чейин “Бейбаштык” беренеси менен күнөөлөнүп, жакында эле сотто бир жылга шарттуу кесилгенин милиция кабарлады.

Ал эми Мыктыбек Турдубеков ок атылган жердеги окуяда опузалоо фактысы болбогонун билдирди:

- Баштапкы маалыматтарга ылайык, Улан Койчиев шериги менен “Вольво-FH 12” үлгүсүндөгү автоунаа менен “Чаарат Заав” фирмасына бульдозер жүктөп алып бараткан. Алар BMW үлгүсүндөгү машинени айдап бараткан Аскат менен жол талашып чатакташа кетишкен. Эч кандай акча талап кылуу фактысы болгон эмес. Аскат мас абалында болгондуктан автоунаасындагы ок атуучу куралы менен асманга ок аткан. Натыйжада ортодо курал талашуу болуп Аскаттын жеңил автоунаасынын терезелери талкаланган. Курал талаш учурунда ок кокустан атылып кетип Улан Койчиевдин көкүрөгүнө тийген. Анын куралы “Иж 16” калибрлүү, сайсыз, кош ооз мылтык экени такталды.

Окуя болгон жерден жан берген адамдын сөөгү Ала-Бука районуна жеткирилген. Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынан алынган маалыматка караганда, маркумдун сөөгү өлүкканада сакталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев Терек-Сайдагы азыркы абал боюнча буларга токтолду.

Канжарбек Эшалиев.
Канжарбек Эшалиев.

- Маалым болгондой, декабрь айында Терек-Сайдагы окуяга байланыштуу 16 адам камакка алынып, кийин алардын 13ү үй камагына бошотулган. Азыр алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат. Кечээ күнкү окуя боюнча азыр укук коргоо органдары иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик азыркыга чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү алып барууда. Өткөндөгү окуядан кийин тургундар баарына түшүндү деп ойлойм. Алар азыр мыйзамсыз аракеттерге барбай калышты. Бардык кырдаалды көзөмөлгө алып жатабыз.

“Чаарат Заав” ЖАКсы акыркы он жылдан бери Чаткал районундагы Чаарат кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Аталган тоо-кен компаниясы техника каражаттары “Чаарат Заавка” баратканын ырастап, бирок окуя боюнча комментарий берген жок.

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар ноябрь айында Терек-Сайдагы алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. Кийинчерээк он үчү үй камагына чыккан. Учурда тергөө иштери уланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG