Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Кара-Көл: Өгөй атага түшкөн көлөкө


Кара-Көл шаарындагы өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин машыктыруучусу өгөй кызын зордуктоого байланыштуу шектүү катары эки айга камакка алынды.

49 жаштагы мугалимдин камакка алынышына аялынын арызы негиз болгон. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Шеркул Турганбаев буларды айтты:

- 2019-жылдын 17-октябрында Кара-Көл шаарынын тургуну ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда 17 жаштагы кызын экинчи күйөөсү зордуктап койгонун билдирген. Бул факты боюнча материалдар топтолуп, бирдиктүү реестрге «Зордуктоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Кылмышка шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жабырлануучу мектептен кийин кесиптик билим берүү лицейинде окуп, тигүүчү жана ашпозчу кесибине ээ болгон. Анын апасы 41 жашта. Биринчи күйөөсүнөн бир кызы бар. Азыркы күйөөсү менен 2003-жылы баш кошуп, үч балалуу болгон. Улуусу 8, кичүүсү эки жашта. Окуя тууралуу аял «Азаттыкка» комментарий берүүнү каалаган жок.

Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Капарбек Калыбай уулу буларды айтты:

- Кыздын үй-бүлөсүнүн шарты начардыгынан улам биздин башкармалык материалдык жардам берди. Кыздын абалы азыр туруктуу. Социалдык кызматкерибиз күн сайын кыздын үйүнө барып, аны менен маектешип, колдон келишинче жардам берип жатабыз. Бул маселе балдар иштери боюнча комиссияга да коюлуп, ошол жакта да каралып жатат. Кыз менен да, анын үй-бүлөсү менен да иш алып баруу пландары түзүлдү. Мындан ары ушул багытта иш жүргүзөбүз.

Бул маселе Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында да талкууланып, социалдык жактан колдоого муктаж бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүү сунушу тиешелүү мекемелерге берилди.

Шаарда психолог болбогондуктан жабырлануучуга Эмгек жана өнүгүү министрлигине караштуу 111 тынымсыз байланыш түйүнү аркылуу гана жардам берилип жатат. Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тургунбаева аны Бишкектеги кризистик борборго жөнөтүү маселеси каралып жатканын айтты:

- «Сезим» кризистик борбору менен сүйлөшсөк «коштоп жүрө турган адам керек» деп айтышты. Апасынын колунда кичинекей балдары бар, эч жакка чыга албайт. Ал жакта апасы менен болушу керек экен. Эми биз бул маселени караштырып жатабыз. Кыз аялдын биринчи никесинен. «Ал 13 жашында зордукталган болушу мүмкүн» деп апасы айтып жатат. Себеби 2015-жылы кызы туулганда аны күйөөсүнүн колуна бир айга калтырып кеткен экен. Мунун баары эми тергөө ишинде каралат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча 2018-жылы зордуктоо фактылары 14% көп катталган. Аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдар былтыр мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда былтыр жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 138 кылмыш иши козголгон.

Жакында эле Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы секелектин төрөгөнү тууралуу фактыны иликтөө иштеринин натыйжасында 53 жаштагы атасы кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Атасы секелекти зордуктаган деп шек саналууда.

Мындай окуялардын күчөшүнө кылмыштардын ачык айтылбай, ачыкка чыкканы жазаланбаган бойдон калып жатканы да себепкер болууда. «Каниет» кризистик борборунун адиси Мимоза Нуракова мындай учурда жабыркагандардын жана алардын туугандарынын элден корунушу да роль ойной турганын эске салды:

- Биздин комдо мындай жагдайлар көп ачыкка чыкпай, кылмыш иштери жабылып калган фактылар толтура. Анткени «Эл эмне дейт?» деп өз ара жаап-жашырганга аракет кылышат. Болгон нерсени көз жаздымда калтырып коюп жатышат. Мыдай фактыларды өз убагында айтып, айыптууларды жазага тартып коомго көрсөтсөк башкаларга сабак болмок. Биздин борборго 2018-2019-жылдары зордуктоо боюнча эки кайрылуу түшкөн. Алардын баары ичкилик менен баңгиликтин айынан келип чыкканын билгенбиз. Айрым учурларда ушул факторлор да таасир этет.

Жазык кодексинин «Зордуктоо» беренеси менен айыпталып жаткан өгөй атанын күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин же өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG