Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Базар-Коргондо 62 жаштагы Баатыр эне өзү жашаган үйдө айылдык китепкана ачып, аны 26 жылдан бери иштетип келатат.

Тажрыйбалуу китепканачы мамлекеттен маяна гана албаса, имаратты оңдоп-түзөө жана коммуналдык чыгымдардын баарын өз эсебинен жүргүзөт. Учурда өз демилгеси менен китеп фондун 6 минден ашырды.

Эки баланын энеси Элнура Жолдошова апта сайын балдарына жомок китеп алганы айылдагы китепканага баш багып турат. Бүгүн да окуп бүткөн китептерин тапшырып, жаңыларын алганы келген.

- Ушул айылга келин болуп түшкөнүмө алты жыл болуп калды. Азыр эки балам бар. Алар эс тарта баштагандан бери китепканадан жомок китептерди алып барып окуп бере баштадым. Биздин үйүбүз китепканадан анча алыс эмес жайгашкан. Бүгүн да балдарыма “Кулпунай кыз” жана өзүм окуганы “Дасторкон ажары” аттуу китептерди алганы келдим. Жумасына бир жолу келип, китептерди жаңыртып турам.

Элнура сыяктуу күнүнө ондон ашык адам келет. Китептерди ушул жайда отуруп эмес, көпчүлүк алып кетип окушат. 1986-жылдан бери китепкана тармагында иштеген Перизат Алымкулова үйүнө кирип-чыгып окурмандарын тейлей берет. Дем алыш күндөрү да китепкананын эшиги ачык болот. Кээде китеп сүйүүчүлөр түшкүсүн да келип алып кетишет.

- Мурда мен да ушул жерде жашачумун. Азыр улуу балам менен келиним отурат. Мен жок учурда окурмандарды келиним тейлейт. Дем алыш деген жок. Ишемби, жекшемби күнү айылга келген студенттер китеп алып кетишет. Кээде базардан, жумуштан кайткандар кечкисин да келе беришет. Бир короонун ичинде жайгашкандыктан келиним аларды тейлей берет. Мени кубандырганы - китепкананын ээнсиребей иштеп, окурмандардын келип турганы. Ушул жерди карап, пол жуугучтун ролун аткарган келиниме айына өзүм 1000 сомдон берип турам. Балам болсо кароолчулук милдетти аткарат. Жолдошум тирүү кезинде кем-каржысын көтөрчү. Азыр болсо балдар бойго жетип, эч нерсеге муктаж кылбайт. Китепкананын тейлөөсү жана отчеттуулугу электрондук ыкмага өткөндө бул компьютерди балам сатып берген. Башка дагы демөөрчүлөр арбын.

Базар-Коргондун Карача айылындагы китепкана элдин суранычы менен райондук китепкананын бөлүмү катары 1980-жылы ачылган. Ал убакта колхоздун эски имараттарында иштечү. 1990-жылдардагы менчиктештирүү саясаты китепкананы имаратсыз калтырып, жабылып калайын деген.

Перизат Алымкулова жана анын жолдошунун демилгеси менен 1500 китеп алардын турак жайына жайгаштырылып, китепкананы сактап калышкан. Ошол убактан тартып алардын үйү китепкана катары иштеп келет.

- 1986-жылы жаңыдан ачылганда эски имаратта жайгашкан болчу. 1990-жылдары айылга ФАП курабыз, ушул китепкананын жерин бериңиз дегенинен медиктерге өткөрүп бергем. Өзүм болсо китептер менен колхоздун эски клубунун бир бурчуна көчүп баргам. Менчиктештирүү мезгилинде ал имарат да талашка түшүп, башкаларга жаман көрүнүүнү каалабай, ушул үйгө көчүрүп алып келе бергем. Ал учурда жолдошум да колхоздо инженер болуп иштечү. Ушул үйдү жолдошум экөөбүз студент болуп үйлөнгөн убакта өз күчүбүз менен салганбыз. Ашар жолу менен бүткөн десек болот. Китепкана жабылып калбасын, айылдыктардын көрөңгөсү бийик болсун деген жолдошум экөөбүздүн демилгебиз менен сакталып калды.

Китепкана жайгашкан имарат
Китепкана жайгашкан имарат

Эки бөлмөдөн турган китепканада үч күндөн бери электр жарыгы жок. Анын айынан бөлмөлөрдү жылытуу токтоп, китепканачынын ишине тоскоолдук жаратууда. Жарык үчүн карыздын көбөйүшүнөн энергетиктер китепкананын электр тогун үзүп коюшкан. "Жергиликтүү бийлик бул маселелерди аткаруудан баш тартууда" дейт Перизат Алымкулова.

- Жаңы имарат курууга Бешик-Жон айылдык округу азырынча жер тилкесин бөлүп бере элек. Канча жолу кайрылдым, бирок майнап чыккан жок. Имаратты келишим менен иштетебиз деп оозеки айтканы менен, ал да аткарылган жок. Ошол себептүү китепкананын бардык чыгымдарын өз эсебимден жүргүзөм. Электр энергиясын бир жума мурда үзүп кетишиптир, карыз 3 миң сом дейт. Мен анчалык жарык иштеткен эмесмин. Анын айынан бөлмөлөрдүн ичи муздап, өзүм да ооруп калдым. Айла жок, окурмандар издеп калбасын деп китепкананы жаппай иштеп жатам. Жыл сайын өз жанымдан каражат коротуп ичин-сыртын оңдоп турам. Китепканачылардын негизги көйгөйү - алардын чыгымдары каржыланбайт. Китепкана райондук маданият бөлүмүнө караганы менен, эки жылдан бери маянабызды айыл өкмөттөн алабыз. Ошол себептүү жума сайын ал жакка каттап, алар тапшырган иштерди да аткарууга аргасызбыз.

Тажрыйбалуу китепканачы Перизат Алымкулованын жеке демилгеси менен учурда китеп фонду 6 минден ашты. Басымдуулары акын-жазуучулардын чыгармаларынын томдугу. Китепкананын улуу курактагы окурмандарынын бири Жеңиш аксакал китепкананын айылдагы ролу өзгөчө экенин айтты:

- Айылдык китепкананы сактап салууда Перизаттын эмгеги зор. Бул алардын жашаган үйү болчу. Акын-жазуучулардын чыгармачылык кечелерин да ушул жерде өткөрүшөт. Атүгүл долбоор жазып, айылдагы кыз-келиндерге да тигүүчүлүк жана ашпозчулук сыяктуу кыска мөөнөттүү окуу уюштурду. Айылдагы кандай гана маданий иш-чара болбосун китепканачынын эмгеги бар. Эми бийлик органдары имарат маселесин чечип берсе жакшы болмок. Жаштардын таалим-тарбия алуусунда китепкананын ролу зор. Мектеп окуучулары да адабий китептерди ушул жерден алып кетип окушат. Мугалимдер да план-конспекттерин ушул жердеги китептер менен даярдашат. Ошол себептүү айылды китепканасыз элестетүү кыйын.

2016-жылы айылдык китепкана 800гө жакын окурманды кабыл алып, 14 миңге чукул китеп колдон-колго өтүп окулган. Негизги окурмандар - айылдын келиндери жана студенттер.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG