Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

70 жаштагы жарандын менчик жер үлүшү тууралуу кайрылуусун Сузак райондук прокуратурасы териштире баштады.

Арыз берүүгө айыл өкмөттүн "Билайн" уюлдук байланыш операторунун антеннасын үлүш жерге орнотууга макулдук бергени себеп болгон.

Жергиликтүү тургун антенна турган жер жеке менчик экенин далилдөө үчүн эки жыл мурда райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Сузактын Кара-Булак айылынын тургуну Мамадалы Калиев тоо боорундагы 80 сотых үлүш жерине "Билайн" компаниясы уруксатсыз курулуш түшүргөн деп эсептеп, аны эки жылдан бери далилдей албай келет:

- Биз турган бул жер 89-контур деп аталат. Бул жердеги 80 сотых участокту мурдатан эле иштетип келем. 2014-жылы жүрөгүмө операция жасалып, жатып калгам. 2015-жылы айыл өкмөт "Билайн" менен келишим түзгөн экен. Анан менин жоктугумдан пайдаланып жериме антенна орнотуп коюшкан.

Мамадалы Калыев жер картасында 89-контур деп белгиленген бул участоктун өзүнө тиешелүү экени тууралуу күбөлүктү 1998-жылы алган:

- Акыйкаттык кайда? Менин үлүш жеримди ким алып берет? Булар менин жеримди кайра өлчөгөн. Ошондо туура эмес эсептешкен. Башка жерлерди да кошуп жиберип, бул аянтты ашыкча экен деп таап коюшту.

Мамадалы Калиев.
Мамадалы Калиев.

Кыз-Көл айыл өкмөтү келишим негизинде байланыш компаниясына 86-контурду трансформациядан өткөрүп, ошол жерге байланыш таратуучу жабдык курууга уруксат берген. Айыл өкмөттүн жер адиси Арстан Орозалиев "Билайндын" жабдыктарын орнотуп жаткан кезде "Терро" компаниясы курулуш ишин жаңылыш жүргүзгөнүн айтууда:

- Уюлдук компания биз көрсөтүп берген 89-86-контурлардын ортосуна коюшу керек болчу. Бирок кандайдыр бир себептер менен жогору жакка куруп салышкан. Бул жер өзү 1989-контур деп аталат жана жалпы 2,6 гектар аянттан турат.

Эки жылдан бери тиешелүү адистер жерди эки ирет ченеген. Алар алгач антенна Калыевдин жеринде курулган десе, экинчисинде тиешеси жок деген тыянак чыгарылган.

Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы Афтандил Кушбаков мындай эки ача тыянакка Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адистери күнөөлүү деп эсептейт:

- 12 адамдан турган комиссия жеринде барып тактоо ишин жүргүзгөнбүз. Антенна курулган 2,5 сотых жерди ченей келгенде аксакалдын жерине кошулбай калды. Бул жер ушул күнгө чейин талаш жаратып келе жатат. Райондук сотко аксакалдын үстүнөн кайрылсак, арызыбызды канааттандырбай койду. Эми биз облустук сотко апелляция жазганы жатабыз. Алар жердин ээси ким экендигин аныктап берсе, биз ага макулбуз. Бул жерде Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адистери да эки башка маалымат берип, бизди чабыштырып жатат.

Ал эми Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Зарылбек Сыдыков кеткен катаны төмөнкүдөй чечмеледи:

- Мамадалы Калыев аксакалдын арызы боюнча кышында биздин картограф адисибиз барып жерди өлчөп келген. Анын жыйынтыгында жер ошол кишиге таандык экендигин тактап бергенбиз. Кийин жазда дагы бир комиссия чыгып тактаганда ал чечимди өзгөртүп, анттена курулган жер аксакалдын жери эмес деген тыянакка келишкен. Анткени кышкысын кар үстүндө өлчөгөндө биздин адистерден кемчилик кеткен.

Анткен менен Мамадалы Калиевдин укугун коргоп жаткан “Кылым шамы” уюмунун адвокаты Максат Бердикулов жергиликтүү бийликтер менен райондук милициянын бул иште кызыкчылыктары болушу мүмкүн деп шектенүүдө. Анткени, Калыев адегенде "Билайн" компаниясынын антеннасын орноткон "Терро" компаниясына карата берген арызын Сузак райондук милициясы териштирип, ишти кыскарткан.

- Аксакал Сузак райондук милициясына үлүш жерине мыйзамсыз курулган мобилдик байланыштын антеннасы боюнча арыз менен кайрылган. Милиция кылмыш ишин козгоп, бирок белгисиз себептер менен аны кыскартып койгон. Ошол эле учурда милиция Калиев аксакалга билдирүү берип жатат. Сиздин арыз тергелип бүтүп, ЖПК 239-беренеси менен сотко кетти деп алдап коюшкан. Анткени бул берене менен бир гана прокуратура сотко жөнөтө алат. Алар 230-беренени колдонушу керек болчу. Мен бул багытта укук коргоочу катары райондук милициянын үстүнөн облустук прокуратурага кайрылып, алар тергөөнү кайра жандандырууга жөнөттү. Бул жерде өтө чоң мыйзам бузуу болгон. Себеби тергөөчү, айыл өкмөт башчысы жана райондук жерге жайгаштыруу бөлүмү баары бир тарап болуп иш алып барышкан.

"Билайн" уюлдук операторунун жабдыктарын орноткон "Терро" компаниясынын өкүлдөрү тийиштүү документтер колунда бар деп айтып, бирок ачык комментарий берүүнү каалашкан жок.

Алар айыл өкмөт менен түзгөн келишимдери азырынча аткарыла электигин, кайсы тарап мыйзамдуу болсо, ошол тарапка айып төлөөгө даярдыгын билдиришти.

Антеннага байланыштуу айыл өкмөтү менен компания 60 миң сомго бир жылга келишим түзгөн.

200дөн ашуун түтүн эл жашаган Кара-Булак айылынын тургундары уюлдук байланыш керек дешет, ошол эле учурда жер талаш маселесинин эрте чечилүүсүн каалашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG