Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

Таш-Көмүр шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишиминин негизинде курулуп жаткан темир эритиндисин (феррокошунду) даярдоочу заводунун жумушчулары бир жылдан бери айлыгын ала элек.

Буга макулдашуу шарттары Кыргызстанда толук аткарылбай, анын айынан казак ишкерлеринин каржылык колдоону токтотуп коюшу себеп болгон.

"Бир жылдан бери такыр маяна ала элекпиз. Ана келет, мына келет деп эле бизди сооротуп жатышат. Деги айлык качан болот?", - дешти жумушчулар.

Алардын айтымында, буларга бир жыл ичинде алдын ала төрт ирет эмгек акы берилген. Бирок маяна толук колго тие элек. Заводдун күзөтчүсү Кубат Айтмырзаев мындай деди:

- Мен кароолчу болуп иштейм. Айлык албай иштеп кыйналып кеттик. Башка жумушка кетели десек биздин шаарда жумуш жок. Экинчиден, бул заводдун келечеги абдан чоң. Иш жүрүп, жакшы иштеп кетсе жумушсуз калбайсың. Өкмөт маселени эртерээк чечсе жакшы болот эле. Бизди иштеткендер алты жолу сөз беришти. Декабрь айында беребиз деп жатышкан. Бирок январь айы ортолоп калса да айлыктан кабар жок.

Таш-Көмүр шаарында феррокошунду же темир эритиндисин даярдаган завод Кыргызстан - Казакстан өкмөттөр аралык келишиминин негизинде 2014-жылдын июль айында казакстандык «Авиньон» компаниясы тарабынан курула баштаган.

Бирок компания 2015-жылдын соңунда каржылоону токтотуп койгон. Эки өкмөт ортосундагы чийки келишимдин айынан аталган компания тиешелүү маяналарды да төлөбөй жатат деди заводдун куруу боюнча дирекциясынын директору Талант Исмаилов:

- Жумушчуларга эмгек акы Алматыдагы «Минералдык сырьелорду комплекстүү колдонуу боюнча улуттук борбор» мамлекеттик ишканасы тарабынан каржыланып, казакстандык «Авиньон» компаниясы аркылуу берилет. Маянадагы маселелер эки өлкөнүн ортосундагы заводду куруу боюнча келишимдердин бүтпөй калуусунан улам чыгууда. Биздин өкмөт жумушчулардын маяналары боюнча кабардар. Апрель, июль, август, сентябрь айларында гана азыраак маяна бердик. Калган эмгек акылар бериле элек. Өкмөт бул маселени карап жатат.

Учурда курулуп жаткан заводдун жумушчуларга 2 млн сомдон ашык бересеси бар. Мындан сырткары социалдык фондго болгон карызы 700 миң сомдон ашып, көп убакыт бою төлөнбөй калганы үчүн сот заводдогу техникаларды камакка алган. "Мында 250 млн сомдук жумуш аткарылып бүткөн болчу",- дейт Талант Исмаилов.

- Заводдун сырье иштетүүчү жогорку температурадагы мешин куруп баштаганбыз. Негизинен курулушка керектүү бардык техникалар алынып келинген. Жумуш учурунда жүздөн ашык адам иштеп турган. Жумуш токтогондон бери маяналар кыскартылган. Жалпысынан бул жерде 250 млн сомдук жумуш аткарылган.

Бир жыл мурда токтогон заводдун техникалары ачык асман алдында жатып, кээ бир жабдуулар бузулуу коркунучунда турат. "Мисалы, электр энергиясын берүү үчүн курулуп жаткан көмөкчү чордон үчүн Кытайдан алынып келинген жогорку кубаттуулуктагы трансформатор ишке бериле элек", - дейт заводдун жумушчусу Маматжан Сариев.

Заводдун жумушчулары
Заводдун жумушчулары

- 150 киловаттык салмагы 15 тонна бул трансформатор 2015-жылы Кытайдан атайын буйрутма менен алынып келинген. Эгерде муну тез арада туташтырып, ишке киргизбесек иштөө мөөнөтү кыскарып, кийин бузулуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. Арга жок буларды кайтаруу менен гана күн өтүп жатат.

Облустук бийлик да заводдун эртерээк ишке берилүүсүнө кызыкдар. Анткени миңден ашык адам жумуш менен камсыз болмок. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев мындай деди:

- Темир эритиндисин дярдаган заводдун бул аймакта жайгашуусунун да өзүнчө орду бар. Анткени завод ишке кирсе көмүр кендериндеги калдыктар сырье катары иштетилип, электр энергиясы көбүрөөк талап кылынат. Ошол себептүү ГЭСтер көп орун алган Таш-Көмүрдө курулуп жатат. Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн завод куруу боюнча биринчи келишимине ылайык, электр энергиясынын тарифтерин бекитип бериши керек. Учурда казактар анын баасын арзандатып берүүнү суранып жатышыптыр. Муну өкмөттүн ведомстволор аралык комиссиясы караштырып жатат. Биз быйыл заводдун курулушу башталып калат деген үмүттө турабыз.

Заводдун келечегине зор үмүт артып турган жумушчулар иш таштоо кадамына азырынча баргылары келбейт. Мындан улам алар өкмөткө талап коюуну туура көрүшкөн.

Заводдун курулушуна Түштүк Кореядан 75 млн доллар инвестиция каралган. Эгерде ал ишке кирсе, жылына 200 миң тонна продукция өндүрүп, бир топ киреше алып келмек дешет адистер.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG