Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Соттор элдин ишенимин күтөт


Кыргызстанда сотторго ишеним коомдо айтылып жүргөндөн алда канча жогору. Бул тууралуу Жогорку сот эл аралык уюмдар менен бирге жүргүзгөн сурамжылоосуна таянып жарыялады. Беш сотто үлгү долбоордун негизинде жүргүзүлгөн сурамжылоо жыйынтыгында соттун катышуучуларынын 73 пайызы Фемиданын калыстыгына канааттанаарын айтышкан.

Кыргызстандагы соттордун ишине канааттануу боюнча сурамжылоо жыйынтыгын Жогорку сот жарыялады. Буга байланышкан иш-чара Жогорку соттун учурдагы төрайымы Айнаш Токбаеванын ыйгарым укугу аяктаар алдында өткөрүлдү. Ошондуктан сурамжылоо жыйынтыгы Токбаеванын акыркы үч жылдагы ишинин отчету катары кабыл алынды.

Сурамжылоо Жогорку сот жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO) менен биргелешкен долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Ага Жогорку сот баш болгон беш сот органында иши каралып жаткан 1044 адам катышып, суроолорго жооп беришкен.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева коомчулукта сотко болгон ишенимдин деңгээли тууралуу эл арасында ар түрдүү сөздөр айтылып келээрин, тагыраак маалымат алыш үчүн сурамжылоо жүргүзүлгөнүн билдирди:

- "Сотко жарандардын 70 пайызы ишенбейт" деп айтып келишет. Кийин бул санды 80-90 пайыз деп айтышты. Бирок бул сан эмненин негизинде аныкталганы белгисиз. Ошондуктан биз сурамжылоо аркылуу аныктоону чечтик.

Токбаева: Соттор көз карандысыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

Жыйынтыкта сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы соттордун ишине канааттанарын билдирген. Бул тууралуу изилдөөнү жүргүзүүгө катышкан Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова мындайча айтып берди:

- Биз алгач болуп сотторго жалпы ишеним индекси боюнча эки суроо бердик. Эгер сурамжылоого катышкан адам сот системасына ишенбей турганын айтса, биз ал кишиге эмненин негизинде ишенбей турганын, эмнеден улам мындай пикирде экенин тактап сурадык. Анын негизинде сурамжылоого катышкандардын 57 пайызы сот системасына ишенерин айтышты. Ал эми жалпы ишеним боюнча сурамжылоого катышкандардын 73 пайызы сот системасына ишенимин билдиришти.

Бирок Жогорку сот менен өнөктөштүктө иш алпарган Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму сот өкүлдөрүнүн тараткан маалыматына оңдоо киргизип жатат. Аталган эл аралык уюмдун кеңешчиси Дастанбай Айжигитов сурамжылоодо жарандардын сотко ишеними эмес, судьялардын ишине канааттануу индекси аныкталганын билдирүүдө:

- Бул көрсөткүчкө кубана турган деле негиз жок. Биз буга чейин деле белгилегендей, элдин сотко ишеним деңгээли 52 пайыздын тегерегинде болушу мүмкүн. Бирок сот реформасынын алкагында иштердин жүрүп жатканы бул жакшы көрүнүш.

Буга карабай Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот системасына ишенимдин эл айткандай төмөн болгонуна ишенбей келгенин айтууда:

- Мен бул жыйынтыкка абдан сүйүндүм. Бирок олуттуу түрдө айта турган болсок, бул биринчи гана кадамдар. Буга чейин сот системасына ишеним төмөн деп айтылып келген. Бирок биз жөнөкөй логикага таянганда да элдин 80 пайызы сотко ишенбейт дегенге кошулчу эмеспиз.

Кыргызстанда сот системасына ишеним өтө төмөн экени айтылып келет. Буга чейин эки жолку элдик толкундоолордун негизги себептеринин бири болгонун өлкө жетекчилиги мойнуна алышкан. Парламентте бир күн мурун Жогорку соттун судьяларынын бири бекитүүдө сот адилеттигине зарыккандар көп экенин депутаттар көтөрүп чыгышкан.

Ушул апта башында президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жолугушууда жарандардын сотко ишеними төмөн экенин дагы бир ирет тастыктаган эле:

- Коом үчүн да, ишкерлер үчүн да маанилүү маселе - жарандарыбыздын сот системасына болгон ишеними. Бизнес айтып жаткан негизги дооматтардын бири соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы.

Эми минтип өлкө жетекчилиги мойнуна алып келген маселени Жогорку сот өз сурамжылоосуна таянып, четке кагууга аракет кылууда. Бирок адвокат Нурбек Токтакунов акыркы сурамжылоону элди адаштыруу катары сыпаттады:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Мен булар эмнеге таянып мындай жыйынтык чыгарып жатканын билбейм. Мисалы, мен да ишенбейм, мен баарлашкан адамдар арасында да сотко ишенгендер жок. Көчөгө чыгып элден сураңызчы, ким ишенем деп айтаар экен. Сотко 70 пайыз канааттанат экен деген жыйынтык чыгарганы балким методология туура эмес болуп жатат.

Кыргызстанда сот реформасы ишке ашырууну мамлекет жетекчилери 2010-жылдан бери убада берип келет. Бирок бул убаданын ишке ашпай жатканын оппозиция менен жарандык коом көп ирет сынга алышкан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев реформанын алгачкы этабы ийгиликтүү аяктаганын жарыялаган. Ал буга мисал катары соттордун айлык-акысынын көбөйгөнүн, бир нече кодекске өзгөртүүлөр киргизилгенин келтирген.

Акыркы жылдардагы өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку соттун төрагасын судьялар тарабынан шайлоо практикасы киргизилген. Ага ылайык, бир адам үч жылдан ашык Жогорку сотту башкара албайт. Үч жылдык мөөнөтү бүткөн Айнаш Токбаеванын ордуна жаңы төраганы Башкы соттун судьялары 22-сентябрда шайлашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG