Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Шыкмаматовдун иши кайра тергелет


Соттон бир көрүнүш.
Соттон бир көрүнүш.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Мындай чечим тергөөдө кемчиликтер болгону менен түшүндүрүлдү. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан эле.

Алмамбет Шыкмаматов баштаган Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин, түркиялык ишкер Али Юкселдин үстүнөн Бишкек шаардык сотундагы жараян тараптардын жарыш сөзү менен уланмак. Бирок отурумдун жүрүшүндө депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова тергөөдө мыйзамсыз жагдайлар бар экенин билдирип, аны оңдош үчүн ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүндү. Адвокаттын айтымында, тергөө маалында бир эле иш боюнча үч башка чечим кабыл алынган.

Биринчисинде "Шыкмаматовдун аракетинде кылмыш фактысы жок" деген токтом кабыл алынып, ал токтомду жокко чыгарбай туруп кайра "коррупция" беренеси менен иш козголгон.

- Бул жагдай тергөөчүлөрдүн Конституцияны, эл аралык мыйзамдарды одоно бузушу болуп саналат. Мындан тышкары, мамлекетке келтирилген чыгымды тергөө аныктай алган эмес, демек "чыгым болбосо кылмыш жосуну да болбойт" деген мыйзам талабы эске алынган эмес.

Судья Адис Момуналиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы адвокаттын өтүнүчүн эске алып, Шыкмаматов баштаган айыпталуучуларга карата Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды жана ишти кайра тергөө үчүн прокуратурага кайтарды.

Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Шаардык сот коллегиясынын чечимин соттук коллегиянын мүчөсү, судья Талант Аккозиев окуп берди:

- Айтылгандарды эске алуу менен, Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин жетекчиликке алуу менен Бишкек шаардык сотунун коллегиясы аныктама чыгарды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Алмамбет Шыкмаматовго, Жусуп Иманалиевге жана Али Юкселге карата чечими жокко чыгарылсын. Кылмыш иши кайрадан тергөө үчүн прокурорго кайтарылсын. Адвокат Жакупбекованын өтүнүчү канааттандырылсын.

Ошентип, Алмамбет Шыкмаматовду айыптуу деп тапкан райондук соттун чечими бузулду. Эми тергөө кайра башынан ишти карап чыгышы керек. Ага жараша "Ата Мекен" фракциясынын лидерин депутаттык мандаттан ажыратуучу жагдайлар азайды. Шаардык сот Шыкмаматовду күнөлүү деп тапса, депутат парламенттеги ишмердигин токтотууга аргасыз болмок.

Депутат өзү "тергөө мындан ары да мыйзам чегинде жүрсө кылмыш ишинин курамы жок деп кыскартылышы керек" деп эсептеп жатат жана ошого үмүт артууда:

- Тергөө органдары сот коллегиясы көрсөткөн кемчиликтерди оңдоого тийиш. Бул саясий мотив менен токулган иш болгон. Бул иште кылмыштын курамы тургай кылмыштын фактысы да болгон эмес. Анткени мыйзам талаптары бузулган эмес жана мамлекетке зыян келген эмес. Ошондуктан азыр мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон жагдай болсо кылмыштын курамы жок экени тергөөдө аныкталышы керек.

Алмамбет Шыкмаматовго 2016-жылдын декабрында кылмыш иши козголгон. Ага карата "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деген айып тагылган. "Ата Мекендин" өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон.

Ишти Биринчи май райондук соту карап, акыры былтыр декабрда айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде Шыкмаматовго 5 миллион сом айыппул салса, Иманалиев 10 жылга кесилген. Ал эми Юкселге карата кылмыш иши кыскартылган. Мындай сот чечими менен макул болбой соттолуучулар шаардык сотко кайрылышкан.

Экинчи баскычтагы соттук иштер өлкөдөгү президент алмашып, саясий кырдаал өзгөргөн учурга туш келди. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке киришкен соң сот реформасын күчөтүү талабын айткан эле. Буга байланыштуу мурдагы президенттин убагында козголгон кылмыш иштери боюнча башкача чечим чыгышынан үмүт кылган пикирлер айтыла баштаган.

Саясатчы, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Шыкмаматовго карата чечим аз да болсо үмүттү жандырганын билдирүүдө:

- Ишти кайра тергөөгө жөнөткөнү жумшартып барып, туура чечкенге шарт түздү деп ойлойм. Шыкмаматовдун иши калыстыкты, чындыкты, акыйкаттыкты издегендердин биринчи жеңиши болду. Эми башка иштер боюнча да ушундай адилет чечим чыгабы деп карап турабыз. Мындан башка Канат Исаев жана башкалар боюнча учурда сот иштери жүрүп жатат.

Ал эми юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев козголгон кылмыш иши саясатка байланбай, мыйзам чегинде жаза каралышы керек деген пикирде:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Сот адилеттүүлүгүндө баарыбыз бирдей болушубуз керек. Ал саясатчыбы, депутатпы - күнөөсү болсо жазага тартылып, кылмышы жок болсо акталышы керек. Сот адилеттиги бузулуп жаткандагы эң негизги маселе - анын кылган кызматын, ээлеген ордун карап мамиле кылганы болуп жатат. Шыкмаматовдун ишинде да саясатка байлабай, эгер тергөө үчүн жаңы жагдайлар ачыкка чыга турган болсо, аны сот кайра тергөөгө жөнөтүшү керек. Бизде кандай чечим болбосун саясатка байланганга көнүп алдык.

Шаардык соттун акыркы оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын кылмыш иши козголгон саясатчыларынын ичинен алардын кызыкчылыгына чечилген алгачкы иш болду. Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынан депутат болгон мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын арызын Жогорку сот канааттандырган эмес. Муну саясатчы "соттор президенттин багытына саботаж кылды" деп эсептеген.

Ал эми партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайга байланыштуу кайра кароо тууралуу адвокаттардын сунушу Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Мындай сунуш алгач каралып жатканы айтылса да, бүгүн башкы көзөмөл органы оппозициячыл саясатчынын ишин кайра кароодон баш тартканы белгилүү болду. Анда адвокаттар арызда көрсөткөн жагдайлар негиз катары соттун жүрүшүндө каралганы жүйө келтирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG