Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Акыл: АКШ "Подиумун" багындыргым келет


Акыл Төлөмүшов
Акыл Төлөмүшов

25 жаштагы Акыл Төлөмүшов АКШдагы Чикаго институтуна караштуу искусство мектебинде окуйт. Эки жылдан бери жергиликтүү салондо кийим иллюстратору болуп эмгектенет. Акыл өзүнүн Чикагодогу ишмердүүлүгү, окуусу, кыялдары тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

2013-жылы Борбор Азиядагы мода жумалыгында жеңип, Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгына жолдомо алдым. Кыргызстандан үч дизайнер бардык. Он күнгө созулган мындай чоң масштабдагы иш-чараны биринчи жолу көрүп, аябай таң калдык.

Менин эмгектерим көрсөтүлгөндөн кийин орус тилдүү бир айым келип, өзүнүн салонуна иллюстратор болуп иштөөгө чакырды. Анын Чикагодо ательеси бар экен. Ошентип чогуу иштешип калдык.

Алгач жөн гана кийимдердин эскиздерин чийип берчүмүн. Кийин идеяларымды сунуштап, кызматташуубуз уланды. Ошентип бул жакта калууну чечтим. Чикагодо кыргыздардын көп экенин билчүмүн, тааныштарым да бар эле. Алты айга берилген туристтик визамдын мөөнөтү аяктаган соң кайра Кыргызстанга кетишим керек эле же бул жакка окууга тапшырууга мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Болгону тиешелүү демөөрчү табышым керек эле. Мен иштеген салон демөөрчү болуп берди.

Учурда Чикаго институтуна караштуу искусство мектебинде маркетинг жана брендди өнүктүрүү боюнча сабактарды алып атам. Ошону менен бирге үйлөнүү-үлпөт салонунда иллюстратор катары иштейм жана өз алдынча заказдарды кабыл алып, кийим тигем.

Кудайга шүгүр, бул жактан өз кардарларымды таптым, көбү кыргызстандык мекендештер. Алар менен он-лайн режиминде кызматташам. Заказ беришет, мен өз идеяларымды айтам, интернет аркылуу кеңешип, баарын чечип алган соң биргелешип кездеме тандайбыз. Андан соң мен тигип, салып жиберем. Мындай жол менен иштешүү абдан кыйын, бирок элге менин эмгектерим жагат.

Жакында эле актриса Элина Абай кызы үчүн үч көйнөк тиктим
Жакында эле актриса Элина Абай кызы үчүн үч көйнөк тиктим

“Кыргызстанда жакшы билим беришет”

Албетте Кыргызстанда абдан көп таланттуу дизайнерлер бар. Бирок алардын көбүнүн таланты бир эле багытта ачылат: бирөө идея жаратса, экинчиси тигет дегендей. Мен башынан аягына чейин өзүм жасайм. Кийимдин үлгүлөрүн өзүм чием, баарын тигем.

Бала чагымдан эле дизайнерликке кызыгам. Ошондуктан мектепти аяктаган соң бул багыт боюнча эки жылдык лицейди аяктагам, кийин кыргыз-орус Славян университетинин Архитектура, дизайн жана курулуш факультетине тапшырдым.

Чынын айтсам Чикагого окууга тапшырганда баары эле менден кыйын болсо керек деп ойлогом. Андай болгон жок. Көрсө бизде бул багытта абдан жакшы билим беришет экен. Маселен, бизде ийне-жибине чейин үйрөтүшөт. Ал эми бул жакта айрымдар керек болсо сүрөт тартканды билишпейт. Анткени анын бардыгын компьютерге киргизип, автоматтуу түрдө жасашат. Баары заманбап технологияларды колдонушат.

Атайын программалар менен өз эскиздериңди даярдоо оңой. Албетте мунун бардыгы жакшы. Ал эми бизде көп нерсе колдон чыгат. Маселен, программа баары бир мен каалагандай жасабайт. Ошол себептен мен кол менен жасоону артык көрөм.

Мен көп нерседен эргүү алам. Оюма бир нерсе келе түшкөндө жанымда эскиз тарткан дептерим болот, дайыма тарта коем же идеяны жазып алам. 2011-жылы чыккан коллекциямды Ысык-Көлдөн алган илхам менен жараткам десем болот. Учурда мен коллекциянын үстүндө иштөөнү убактылуу токтоттум. Анткени ага абдан көп убакыт кетет. Бир көйнөккө бир-эки ай корошу мүмкүн. Ал эми бир коллекцияга бери дегенде сегиз кийим кирет.

Акыркы эмгектеримдин бири
Акыркы эмгектеримдин бири

“Кыргыздын оймо-чиймелерин колдоном"

Албетте мен биздин оймо-чиймелерди өз кийимдеримде колдоном. Өткөн жылдан бери дүйнөлүк популярдуу бренддер да биздин оюларга окшош оймо-чиймелерди колдоно башташты. Маселен, Zara, Banana Republic.

Чикагодогу мекендештер да заманбап стиль менен кыргыз оймолору айкалышкан көйнөктөргө көп заказ беришет. Мен алардын каалоосун аткарам. Баасы бир аз кымбат болуп калат. Себеби АКШда кездеме бизге салыштырмалуу абдан кымбат. Маселен, бул жакта метр эмес, ярд менен ченелет. Жакшы кездеменин бир ярды 30-100 долларды түзөт. Ал эми бир ярд метрге да жетпейт, болгону 80 см. болот. Ошондуктан мен жараткан кийимдердин баасы ортодон өйдө.

Бул жакта Vera Bridal салонунда иштейм. Салон өзү кийимдерди Израилден тиктирген компания менен кызматташат. Маселен, турмушка чыгам деген кыз биздин салонго келет, өз идеяларын айтат. Мен анын бардыгын майда-чүйдөсүнө чейин кагазга түшүрөм. Ал кызга жакса, мен тарткан эскиздерди Израилге жөнөтүшөт. Ал жактан даяр кийим келет.

“Подиумга" катышып, утам!”

Эки жылдан кийин окуумду аяктайм. Дагы бир-эки жылдай өзүм үчүн иштесемби деп атам. Албетте 5-10 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып барып, ал жактагы мода индустриясына өз салымымды кошсом дейм. Ага чейин бул жактагы бизнесимди жолго салсамбы деген ойдомун.

Ал эми жакынкы беш жылдын ичиндеги эң башкы кыялым - бул Америкадагы эң ийгиликтүү теледолбоорлордун бири делген “Подиум” көрсөтүүсүнө катышуу. Жөн эле катышпастан, утуп чыгууну кыялданам.

Кыялыма жетүү үчүн тынбай эмгектенүүгө туура келет
Кыялыма жетүү үчүн тынбай эмгектенүүгө туура келет

XS
SM
MD
LG