"Азаттык": №1 СИЗОнун мурдагы жетекчисин өзү мурда жетектеген абакка жиберүү кооптуу экенин эмнеге сот эске алган эмес?
Абдирасулова: Ар бир соттун чыгарган чечими өз абийиринде калсын. Бирок өзү жетектеген, ал жерде бир жарым миңден ашык, түрдүү кылмыштарга шектелген адамдар отурат. Соттолуп, иши кайра каралып жаткан адамдар отурат. Ошончо адамдардын үстүнөн карап, ал жерде темирдей тартипти орнотуунун өзү өтө чоң жоопкерчилик, өтө кыйын иш. Ошол жерде иштеп, эки миңге жакын адамга эки миң мамиле жасап, баары менен баарлашып, кээ бирине катуу жаза берип, айрымдарына жумшак мамиле жасап, ушинтип иштеген адамды кайра ошолордун арасына отургузуп койгондун өзү – бул бери дегенде мыйзамсыздык, наадандык деп эсептейм. Мен ошол чечимди чыгарган сотту элестетип жатам, өзү чечим чыгарып, камакка алган адамдардын арасына ошол сотту алып барып койсо, өзүн кандай сезет эле?
"Азаттык": Учурда СИЗОдогу көзөмөл камералар иштебейт экен, сиздер мониторинг жасаганда "кримтөбөлдөр" отурган жерлерди караган камералар иштейби-жокпу - кызыктыңар беле?
Абдирасулова: Камералар илинип турганын көрсөткөн, “бул жерде камералар бар” деп. Монитордон караганыбызда, коридордо ары-бери басып жүргөн кызматкерлерди көргөнбүз. Бирок камера – бул техника. Ал ошол жерде иштегендерге көз каранды. Аны бузуп коюу, көрсөтпөй коюу, ошол убакытта болуп жатканды тарттырбай коюу алардын колундагы иш. Бул камераларды илип койсо эле мыйзам орнотулуп калбайт. Аларды абдан көзөмөлдөп туруш керек. Ал эми камераларды жабык жайларга көз салган атайын прокурор текшерип турушу керек.
"Азаттык": Жусупбеков жетекчи болуп турганда жабылган камералар кайра ачылып, "кримтөбөлдөргө" өзгөчө шарттар түзүлдү деген маалымат канчалык чын?
Абдирасулова: Биз күндө барып турбагандан кийин айта албайбыз. Бирок бүгүнкү күндө бизге кайрылгандар, өзгөчө маңзаттарга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын камераларына кадимкидей эле кирип, аларга “мынча акча, же мынча маңзат бересиң” деп кыйнап жатышат, укугубузду коргоп бериңиз, бизге “общактан” коркунуч болуп жатат деген арыздар түшө баштады. Бул нерселер токтоп калган болчу. Бир эле мисал, токмоктук жигит СИЗОго түшкөндөн кийин адвокаттары арызданып, Токмоктогу убактылуу жайга алып кеткенге аргасыз болушту. Анткени ага “общактан” кысым жасала баштаган экен.
"Азаттык": СИЗОнун жетекчилиги баш болуп, Жусупбековдун өмүрүнө түздөн-түз коркунуч бардыгын, алтургай ага кол салуу даярдалып жатканын айтышты. Сиз жабык жайларга кирип, ичинен көргөн адис катары айтасыңыз - абактын администрациясы, андагы атайын кызматкерлер кармалгандардын коопсуздугун камсыздай албайбы?
Абдирасулова: Камсыздай албайт. Бугүнкү күндө 1-СИЗОдо түзүлгөн система деле ага жооп бербейт. Биз канчадан бери 1-СИЗОну башка жакка которуш керек, шаардын сыртына көчүрүш керек деп айтып келатабыз. Аны башкача кылып, эл аралык стандарттарга жооп бергидей, абакта отургандардын гана эмес, ошол жерде иштегендердин да коопсуздугун камсыздай ала тургандай шарт түзүү керек. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде маани берилип, бул үчүн ага каражат бөлүнүп, тез аранын ичинде чечкенге аракет кылыш керек. Ал эми түрдүү кылмыштарга шектелип, 1 жарым миң киши отурган жайды шаардын чок ортосуна жайгаштыруунун өзү коркунучтуу экенин өткөн жылы ошол жерден кылмышкерлер качып чыкканда көргөнбүз. Тополоң болгондо ал жерде отургандар өзүн коопсуз сезет.
"Азаттык": СИЗОнун ички тартибин күчөтөм деген Жусупбеков кайра өзү системанын "курмандыгы" болуп калган жокпу?
Абдирасулова: Ар нерсе болушу мүмкүн. Иликтөө иштерине катышпагандан кийин так айта албайм. Бирок ушундай кызматта иштеген адамды кайра ал жерге алып барбай, керек болсо үй камагынабы, же сыртка кетпөө тууралуу тил кат мененби, айтор анын ишин тергей беришсе болмок. Эркинен ажыратыш керек болсо, анда УКМКнын СИЗОсуна алып барса болмок.