Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Баптисттердин өрттөнгөн үйү оңдолуп жатат


Кажы-Сайдагы баптисттердин сыйынуу үйү. 15-январь, 2018-жыл.
Кажы-Сайдагы баптисттердин сыйынуу үйү. 15-январь, 2018-жыл.

Тоң районундагы Кажы-Сай айылында 3-январда өрттөнүп кеткен сыйынуу үйүн жергиликтүү протестант христиандары өздөрү калыбына келтирип жатат. Өрттүн себеби так аныктала элек.

Кажы-Сайдагы бул сыйынуу үйүнө аймактагы баптист агымын карманган протестант христиандары барат. Чөлкөмдөгү диний азчылыктын өкүлдөрү үчүн бөлүнгөн көрүстөн да Кажы-Сайга жакын жерде жайгашкан.

50-60 кишиге ылайыкташкан сыйынуу үйүнүн имаратын жергиликтүү протестант христиандары 1994-жылы сатып алган.

2016-жылы да белгисиз адамдар анын терезелерин, чатырларын талкалап кеткен. Анда да окуя териштирилип, бирок күнөөлүү табылбай калган. Ошондон улам айрым машаякчылар акыркы өрттү да кээ бир жергиликтүүлөрдүн кысымы катары да түшүнүп жатышат.

Акылбек Усубалиев.
Акылбек Усубалиев.

- Бул Кажы-Сай айылындагы сыйынуу үйү. Исага ишенгендер ушул жерге чогулабыз. Ушул жылы 2-январдан 3-январга караган түнү саат он эки-бир чамасында белгисиз адамдар келип, терезени талкалап, бензин куюлган идиштерди ыргытып, өрттөп кетишкен, - дейт Кажы-Сай айылынын тургуну, иса машаякчы Акылбек Усубалиев.

Өрттөн зыян тарткан имаратты протестант христиандары өздөрү калыбына келтирип жатат.

Бул сыйынуу үйүнө Тоң, Жети-Өгүз райондорунун башка айылдарынан да протестант ишениминдегилер келип сыйынышат. Алар өздөрүнүң санын коопсуздук үчүн ачык айтууну каалашпайт. Анткен менен сыйынуу үйүнүн башчысы Вячеслав Шуванов айылдагы мусулмандар аларга жылуу мамиледе экенин белгиледи:

- Айыл тургундары жакшы мамиле кылышат. Эч кандай коркунуч жок, тынч эле жүрөбүз. Тескерисинче, сыйынуу үйү өрттөнгөн окуяда кээ бир айыл тургундары келип, көңүл айтып, керек болсо жардам да беришти. Өрттү өчүрүшкөнгө чоң жардам кылышты. Кыскасы жакшы эле мамиледебиз.

Кажы-Сай айылынын тургуну Гүлжан Ибраева да ушундай ойдо:

- Биздин Кажы-Сайда баптисттер, жахабанын күбөлөрү бар. Биздин эл алар менен аябай ынтымактуу. Ушул убакка чейин жахабанын күбөлөрүн, баптисттерди кодулап, өрттөп же болбосо урушуп, мушташкан окуя такыр болгон эмес.

Кажы-Сай.
Кажы-Сай.

Ар башка динге ишенгени менен аймактын эли бири-бирине сый мамиледе экенин айыл имамы Кубанычбек Боронов да бышыктады:

- Биз, мусулмандар, башка диндеги адамдар менен мамилебиз дурус. Анткени биз өзүбүздүн ишибизди кылабыз, алар өздөрүнүн ишин кылат. Ортодо эч кандай кайым айтышуу же болбосо "сен муну ташта, муну карман" деп мажбурлоо жок. Бизде христиандар да бар. Керек болсо христиандар да бул жерде азан чакырылып, мечит курулганда кадимкидей сүйүнүп, "бул жакта да Кудай деген адамдар бар" деп калышкан. Ортобузда эч кандай талаш-тартыш жок.

Кубанычбек Боронов.
Кубанычбек Боронов.

Ошол эле кезде бир айыл тургундарынын же бир элдин эки башка динде болушун колдобогондор бар. Каракол шаарынын тургуну Эржан Жакшылыков:

- Арасында мусулманчылыктан ошол ишенимге өтүп кеткендер да жүрөт. Мусулманчылыкта мындай кылган чоң күнөө да.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, диний азчылыкка кандайдыр бир кысым, басым жок. Ага далил катары сыйынуу үйүнүн иштеп жатканын, протестант христиандары үчүн көрүстөнгө атайын жер бөлүнүп берилгенин мисал тартууда. Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Түлпан Дүйшөнбаева:

- Баптисттер менен биздин эл ынтымакта жашайт. Алар майрамыбызга да көп келет. Бизде канча жылдан бери сыйынуу үйү бар. Мен да көп жылдар бою коомдук иштерди аркаладым, алар менен аралашып жүрдүм. Эл арасында аларга нааразылар жок деп ойлойм.

Протестант христиандарына берилген көрүстөнгө коюлган маркумдардын саны онго жетиптир. ​

Кажы-Сайдагы баптисттердин көрүстөнү.
Кажы-Сайдагы баптисттердин көрүстөнү.

Ал көрүстөнгө Жети-Өгүз, Тоң райондорунун аймагында жашап, көзү өткөн протестант христиандарынын сөөгү коюлат. Жергиликтүү бийлик протестанттар үчүн жерди 2004-жылы бөлүп берген. Акыркы жолу бул жерге Барскоон айылында жашаган маркумдун сөөгү берилген.

Протестанттар үчүн өзүнчө көрүстөндөрдүн жер-жерлерде пайда болушуна калктын диний көпчүлүктү түзгөн бөлүгүндө чыккан нааразылык түрткү болгон.

Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дай диний мекеме бар. Буга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 1900дөйү ислам багытындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиандык багытта иш жүргүзөт. Христиан дининдеги уюмдардын басымдуу бөлүгүн протестанттык багыттагы мекемелер түзөт.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG