Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Касымалиева: Бизнес бала өмүрүнөн артык эмес


Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Коопсуздук маселесине байланыштуу Бишкектеги "Ата-Түрк" жана Асанбайдагы сейил бактарынын аттракциондору убактылуу жабылды.

Экотехинспекциядан билдиришкендей, Кыргызстандагы сейил бактар текшерилип, анын жыйынтыгында бул эки эс алуу багындагы аттракциондордун коопсуздук талаптарына жооп бербегени аныкталган.

Сейил бактардагы аттракциондор коопсуздугу 14-майда Оштогу "Навои" паркында карусель кулап, сегиз киши жабыркагандан кийин коомчулуктун назарына түшкөн. Буга чейин маселе парламентте да козголуп, өлкөдөгү бардык аттракциондорду текшерип чыгуу өкмөткө тапшырылган.

Бул темада Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Мындан мурда Кыргызстандагы сейил бактарды, аттракциондорду текшерип чыгууну өкмөткө сунуштадыңыз эле. Кандайдыр бир жыйынтык барбы?

Аида Касымалиева: Аттракциондордун абалы боюнча маселе Оштогу "Навои" паркында аттракцион кулаганда көтөрүлгөн болчу. Мен ошондо өкмөткө тапшырма бергем. Бир эле Ошто эмес, өлкөдөгү бардык сейил бактарында жайгашкан аттракциондор текшерилип чыгышы керек дегем. Мени сүйүндүргөнү мэрия бардык парктар текшерилиши керек деген буйрук чыгарды. Жакында анын жыйынтыктарын билсек керек.

Ошто каруселден сегиз киши жабыркады

Ошто каруселден сегиз киши жабыркады

Оштогу Навои паркында карусель кулап, сегиз киши жабыркады. Каруселден кулагандардын биринин абалы оор бойдон калууда.

Бул жерде дагы бир маселе чыгып жатат, Экотехинспекциянын укуктук, ченемдик базасы жок болгондуктан, текшере албайт экен. Жоопкерчилик кимде деген суроо жаралат, алар текшерген күндө деле “бул аттракцион бузук, алып койгула” деген буйрукту чыгара алышпайт.

Ош шаарындагы "Навои" паркында деле ошол маселе чыккан, себеби парктын ээси интервью берген эмес. Ал эми Экотехинспекция “биз дарактарды гана текшеребиз” деп айтышкан.

Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин, аттракциондорго техникалык регламент керек. Бизде канча аттракцион бар, алардын абалы кандай деген иликтөө жок да. Аларды ким көзөмөлдөп, ким жооп берет деген суроо ачык бойдон калууда.

“Азаттык”: Оштогу "Навои" паркындагы карусель кырсыгына жол бергендерге кандай чара көрүлүшү керек эле?

Аида Касымалиева: Бул жерде бардыгы мыйзам алдында жооп бериши керек. Биз жабыр тарткан адамдардын дагы абалын сурап, көзөмөлдөп турабыз. Алардын да сөзсүз түрдө арызы керек. Ушул ишти журналисттер, Жогорку Кеңеш менен көзөмөлдөп, карап турушубуз абзел. Ал жакта техникалык регламент же болбосо мыйзамдык база жок деп аттракциондорду текшербей койгон туура эмес. Себеби ар бир сейил бактын, аттракциондун ээси бар, алардын техникалык жабдууларын текшерүү оңой иш да. Андыктан сейил бакта канча аттракцион бар жана алардын абалы кандай, ким тарабынан, качан, канча аттракцион өлкөгө киргизилген деген суроолорго жооп алса болот.

Ар бир баланын өмүрү баалуу

“Азаттык”: Парктагы карусель кырсыгы балдар коопсуздугу жетиштүү корголуп жатабы деген суроону кабыргасынан койду.

Аида Касымалиева: Балдардын коопсуздугу коомдогу алгачкы маселе. Акыркы учурда жол кырсыгынан жабыр тарткан балдардын саны абдан көп болуп кетти. Биз буларга күбө болуп эле жатабыз. Балдардын коопсуздугу мамлекеттин абалынын начардыгынан кабар берет.

Өлкөбүздө кароосуз калган балдар абдан көп. Ушул жаатта көп жумуштарды аткарышыбыз керек. Мына жайкы каникул башталды, балдар эмне менен алек болот, алар базарларда иштебейби, алардын коопсуздугу кандай болот деген маселеге бийлик органдары көңүл бурушу зарыл.

Укук коргоо органдарынын “быйыл жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 62 пайызга азайды” деген маалыматына аябай таң калдым. Биз статистиканы карабашыбыз керек, ар бир баланын өмүрү абдан баалуу, алар коопсуз жерде өсүшү керек деген максат башкы орунда болгону оң.

Ошол эле маалда балдар коопсуздугуна коомчулуктун көңүлү бурулуп жатканы жакшы. Өкмөт тарабынан дагы көңүл бурулуп, ”аракеттерди жасайбыз, программаларды кабыл алабыз” деп сөз берип жатышат. "Навои" паркында болгон кырсыктан улам мага ата-энелер көп кат жазышты. Аттракциондорду текшерүүнү сунушташты.

Аттракциондор Кытайдан арзан келет

“Азаттык”: Кыргызстандагы, Бишкектеги сейил бактарга барып эле жүрсөңүз керек. Алардагы аттракциондордун абалына кандай баа бересиз?

Аида Касымалиева: Эки-үч жыл мурун курбуларым бизнес ачкан. Алардан “Кытайдан эски аттракциондорду баасына карап алып келебиз” деген сөздөрүн угуп таң калгам. Себеби аларга балдар түшөт да. Мен өзүм аларга балдарды текшерип туруп түшүрөм.

“Азаттык”: Демек коопсуздуктан да бизнес жасоо башкы орунда экен да. Маселени чечүүнүн жолдору барбы?

Аида Касымалиева: Тилекке каршы, чындап эле бизнес жана акча жасоо биринчи орунда болуп жатат. Жабдуулар өлкөгө кирип жатканда көзөмөлдөнсө маселе чечилмек. Азыркы эки маселе чыгып жатпайбы, “техникалык регламент керек жана жоопкерчилик кимде болушу керек” деген суроого жооп табышыбыз зарыл. Мыйзам же токтом, кандайдыр бир эреже керек болсо аларды тез арада жазып, аныктап берүү зарыл. Ошондой эле сейил бактарынын ээлери жана аттракцион иштеткендер жоопкерчиликти сезе билсе.

"Навои" паркындагы окуяны көзөмөлдөп туралы. Кимге кандай чаралар көрүлөрү ошондон кийин гана белгилүү болот. Негизинен ушундай көйгөйлөргө коомчулуктун көңүл бөлүп жатканы жакшы жышаан. Социалдык тармактар да бизге жакшы жардам берүүдө. Маселен, ата-эне жабдуулар, аттракциондор начар абалда экенин байкап калса, Фейсбук же башка социалдык тармактарга таратып, ал коомдо талкууланып, элдин көңүлү бурулууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG