Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Сааданбеков: Кыргызстан Казакстанга керек өлкө


Кыргыз-казак мамилелери тууралуу Дипломатиялык академиянын ректору, Казакстандагы мурдагы кыргыз элчиси Жумагул Сааданбеков ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Эки кошуна өлкөлөрдүн кызматташуусу, мамилеси соңку убакта солгундап кеткени айтылып жүрөт. Сиз кандай баа бересиз?

Жумагул Сааданбеков: Эч солгундаган жок. Биз да жакшылыкты баалап жүрүшүбүз керек. Мисалы, 2010-жылдагы окуялардан кийин Казакстан Кыргызстандын түштүгүнө үй курууга деп 50 млн. доллар бөлгөн.

Кыргызстанда реформаларды алдыга жылдыруу деген атайын программасы бар. Башка кайсы өлкө ушинтип жардам берип атат. Биздин бюрократия, чиновниктер ошол каражаттарды туура пайдаланып, программаны компетенттүү ишке ашырып атабы? Бул башка маселе.

“Азаттык”: Бирок 7-апрелден кийин чек араны жаап, керек учурда жардам берген жок деген сын пикирлер көп айтылды эле?

Жумагул Сааданбеков: Көп учурда мындай туура эмес маалыматтар, ушак сөздүн чыгышына журналисттер да жардам берип коюшат. Элдин башы айланып сүйлөй берет дагы, чоң-чоң урунттуу иштерди баалабай калабыз. Мисалы, мындан беш жыл мурда 100 млн. долларлык инвестиция боюнча мен Назарбаевге кирип, инвестициялык фонд жөнүндө сүйлөшүп кеттим эле. Ошондо ал азыр да фондду ачууга даярбыз, бирок бул иш Кыргызстанга барганда токтойт деген эле.

Чындыгында мен келип Бакиевге кире албай койбодумбу. Сыртта иштеп келген элчини президент кабыл алыш керек да, өзүнүн элчиси да. Кабыл албай, саламдашпай койду. Назарбаев айткан сөздөрдү мен Бакиевге айта албай калдым. Азыр Атамбаев менен Бабанов рынокту кылдат түшүнгөн ийкемдүү жигиттер экен, кайра козгоп эптеп алып келип атат.

“Азаттык”: Казакстан июнь окуясынан кийин донор уюмдарды бириктирип, Кыргызстанга жардам берели деген демилге көтөргөнү чын. Бирок азыркыга чейин чек ара ачылбай турушу мигранттарга, ишкерлерге тоскоол болуп жатпайбы?

Жумагул Сааданбеков: Чек араны булар ача албайт. Беларус, Орусия менен Бажы биримдигине кирип албадыбы. Ачууга укугу жок. Аны кантип айта алабыз. Мен деле ачып салса гана деп ичимден таарынып турам. Мыйзам боюнча бул Казакстандын эле колундагы иш эмес, калган эки өлкө менен да макулдашыш керек.

Азыр Атамбаевдин президент болгонуна бир жыл да толо элек. Ошого карабастан расмий сапар менен чакырып жатканынын өзү эле чоң маселе. Казакстан бизге дилгир, биз аларга керек өлкөбүз. Биринчиден, Кыргызстан аймагы жана ресурсу жагынан да Борбор Азияда абдан талылуу жердебиз. Өңгөсүн айтпай эле коёюн сууну алалы. “Эл башы болгончо суу башы бол” дейт. Биз суунун башында турабыз.

Азыр какыраган кургакчылык болуп, Борбор Азиянын көп жеринде апрель, май айында жаан жаай элек. Бишкекте бир эле жолу өткүн өтпөсө, жаан жааган жок. Алыда суу боюнча чоң талаш турат, сугаткабы же энергиягабы деген өндөнгөн маселе да бар. Анын үстүнө Атамбаев саясатта жаңы муундун, жаңы системанын өкүлү. Назарбаев болсо кыйын, дүйнөлүк саясатта алп киши. Ушул маселелерди эске алып, байкап, эсептеп, анан кечээ эле президент болгон кишини биринчи расмий сапар менен чакырып атпайбы. Муну да баалашыбыз керек. Биз президенттин да, өлкөбүздүн да салмагын баалаганды билишибиз керек. Бир гана жамандаганды үйрөнүп алдык. Бизде бийликке, элге карата негилизм бар. Өксүк, кемсинүү комплекси каныбызга сиңип калган.

“Азаттык”: Ушул сапардын алкагында Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кандай маселелер чечилсе дейсиз?

Жумагул Сааданбеков: Энергетика, суу, Датка-Кемин, мигранттар маселелери чечилиш керек. Мен да иштеп келбедимби, Орусияга караганда Казакстанда чындыгында туура эмес мамилелер көп. Былтыр эки аял сүйлөшүп турат, мигранттар окшойт. Бирөө "казакка караганда орус жакшы, Кудай бетин көрсөтпөсүн", - деп айтып атат. Чындыгында ошентип айтылган жагдайлар бар.

XS
SM
MD
LG