Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Көкбөрү федерациясынан ырк кетти


Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары.
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы жаңы жетекчини шайлаган соң федерациянын аймактардагы айрым өкүлчүлүктөрүндө нааразылык пайда болду.

27-декабрда Аламүдүн райондук администрациясынын имаратында өткөн Көкбөрү федерациясынын кезексиз курултайын мурдагы жетекчи Жыргалбек Саматов мыйзамсыз деп эсептейт.

Ал жыйынды өткөрүш үчүн алдын ала делегаттарга маалымат берилүүгө тийиш экенин, керек болсо өзү курултай туурасында бир күн калганда түндө укканын айтты:

Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

- Мен 26-февралда түндө Москвадан учуп келсем, мага түнкү 12де «эртең съезд болот» деп айтышты. Бирок съезд кандай шартта өтөрү биздин жободо жазылган. Ошондуктан бул курултай эмес, муну жөн эле жыйын деп айтып койсок болот. «Съезд» деп атап коюп, өздөрүнө керектүү делегаттарды эле чакырып коюшуптур. Мындайча айтканда текши пикир угулбай калды.

Анткен менен Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тилек Урмамбетов өз сөзүндө Жыргалбек Саматов федерациянын жетекчилигинде улакчыларга жетиштүү көңүл бурбаганын айтып чыкты.

Ал эми «Сары-Өзөн» командасынын жетекчиси Рамис Жунусалиев Көкбөрү федерациясынын жетекчилигин эл аралык аренада тайказанды алдырып жибергени үчүн айыптады:

- Эмне үчүн Жыргалбек Саматов 14-февралда Астанада эң маанилүү чечим кабыл алынып жатса, Бишкектен чыкпай койду? Ал Астанага барып, Кыргызстандын намысын талашышы керек эле. Ал аз келгенсип эми «Өзбекстандагы дүйнө чемпионатына да барбайбыз» деп жатат. Биз эмне, үйгө жатып алып эле «көкбөрүдөн кыйынбыз» дей берелиби? Биз дүйнөнүн кайсы бурчунда оюндар болбосун, кандай эреже болбосун барабыз да, жеңип келебиз.

Көкбөрү оюну.
Көкбөрү оюну.

Натыйжада съездге чогулган мүчөлөр Жыргалбек Саматовдун маалыматын отчет катары кабыл алып, аны канааттандырарлык эмес деп табышты. Курултайга чогулгандар ошол эле замат федерациянын президенттигине Көкбөрү федерациясынын Чүй облусу боюнча жетекчиси Искендер Кадыркуловдун талапкерлигин көрсөтүп, бир добуш менен колдоого алышты.

Ал ортодо «жетекчилик мыйзамды одоно бузуу менен алмаштырылды» деген Жыргалбек Саматов, жобого ылайык курултай өтө турган болсо тынчтык жолу менен федерациянын президенттигинен баш тартууга даяр экендигин айтууда.

Көкбөрү федерациясынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн вице-президенти Канат Хасанов да федерациянын жыйыны башынан мыйзам бузуу менен коштолгонун билдирди:

- Эгерде курултай болгон болсо, ал үчүн атайын катчылар, президиум шайланышы керек эле. Бирок, биз көргөндөй депутат өзүм билемдик менен жыйынды алып барды да, Саматовдун маалыматынан кийин отчетту добуш берүүгө коюп киргени түшүнүксүз болду. Ошондуктан бир топ адамдар жыйындан нааразылык иретинде чыгып кеттик. Негизинен бизде башкармалык деген бар, андан тышкаруу аткаруучу орган бар. Катчылык, директорубуз да бар. Ал эми 27-февралда болгон жыйын түшүнүксүз жана башаламан болду.

Курултай учурунда бир катар мүчөлөр нааразылык иретинде сыртка чыгып кеткенине карабай, съездде калган мүчөлөр кворум сакталганын айтышууда. Ал эми өз кезегинде өзүнүн мыйзамдуу шайланганын «Азаттыкка» айткан Искендер Кадыркулов алдыдагы аткара турган иштерин айтты:

- Менин алдыда аткара турган үч ишимди айтсам, биринчи кезекте тайказанды кайрадан эл аралык оюндарга алып келиш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштайм. Ошондой эле көкбөрүнүн кадыр-баркын өлкөдөн сырткары көтөрүш керек болуп жатат. Ал эми үчүнчү негизги милдетим – тез арада «Нооруз» турнирине даярдыкты башташыбыз керек. Азыркыга чейин командалар бул ири турнир кандай жобо менен өтөрүн билбей турушат.

Жыргалбек Саматов Көкбөрү федерациясын бир жыл жетектеди. Ал азырынча жаңы шайланган президент Искендер Кадыркуловго карата өз позициясын айта элек.

Искендер Кадыркулов буга чейин Көкбөрү федерациясынын Чүй облустук бөлүмүн жетектеп келген. Ал учурда «Түндүк электр» ААКнын директору. Анын бир тууган иниси Идрис Кадыркулов УКМКнын төрагалык милдетин аткарып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG