Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Турсунбеков: КТРКны телефон аркылуу башкарууну эңсегендер бар


Жогорку Кеңеш “Коомдук телерадиокорпорация жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Буга ылайык Убактылуу өкмөттүн Байкоочу кеңешти түзүү боюнча декрети жокко чыгарылмай болду. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” маек курду.

- Укуктук жагынан алганда Убактылуу өкмөт бир топ декреттерди кабыл алган. Бирок КТРКга келгенде эмне себептен ал декрет жокко чыгарылып калды? Алдыда шайлоо келатат. Мунун артында саясат барбы?

- Ачыгын айтканда бул мыйзам азыркы Конституцияга туура келбей калды. Ошондуктан президент вето коюшу зарыл. Анткени Баш мыйзамда Байкоочу кеңешти президент же Жогорку Кеңеш бекитет деп конкреттүү көрсөтүлгөн эмес.

Президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин укуктары, кимди дайындап, кайсыны көрсөтө алаары Конституцияда ачык, так жазылып тургандыктан бул жерде кемчилик кетип калды. Ошол себептүү вето коюлуш керек. Эгер вето коюлбай, жарлык менен мыйзам күчүнө кирсе анда Байкоочу кеңеш тарап, жаңысы түзүлүшү керек.

- "Көп талкууланбастан жең ичинен кабыл алынганын" бир топ серепчилер белгилешүүдө...

- Чындыгында дал ушул мыйзамды алып чыгуу менен Жогорку Кеңеш да өзүн туура эмес абалда калтырды. Анткени өткөн жылдары телекөрсөтүү коомдук болуш керек деген саясатчылар бул ирет үн катпады. Тескерисинче ошолордун колдоосу, баш ийүүсү менен ушундай мыйзамдар өтүп кетүүдө.

Муну түбү барып кайра бийликке гана кызмат кылдырууга алып барган мыйзам болуп калбасын деген кооптонуулар да бар. Кандай гана болбосун мурдагы КТР кандай эле, азыркы коомдук телеберүү кандай болуп атканын биз билебиз. Ортодогу айырманы эл да көрүп атат.

Негизи алдыга жылыштар көп. Мунун башкы себеби коомдук теле көрсөтүү болуп, Байкоочу кеңеш шайланып, саясатын өзгөрттү. Мурдагыдай Ак үйдөн телефон аркылуу башкаруу жок.

Тилекке каршы Жогорку Кеңештен болобу, башка бийлик бутактарынан болобу мурдагыдай телефон менен башкаруу ыкмасын эңсегендер дале бар. Бул - телеканалды өзүнө баш ийдирип алуу аракети. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде шайлоого даярдануу, же жеке максаттар да бар деп түшүнсө болот.

- 7-апрелге чейин эле Социал-демократиялык, “Ата Мекен” партиялары коомдук телеканал болсун деген идеянын башында турдуңуздар эле. Эмне үчүн биригип, мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыккан жоксуздар?

- Туура, ушундай мезгилдер болуп атат. Бүгүнкү күндө “Ата Мекен” оппозицияда калып, биз бийликте болгонубуз менен азчылыкты түзүп калгандай көрүнүп атат. Ошондуктан мындай маселелерге келгенде эки партия бириксе деле өткөрө албай калып атабыз, добуш жетпейт.

Көз караштары, алдыга койгон максаттары бир, программалары окшош фракциялардын иш-аракеттери менен гана ушундай тилектерди ишке ашырууга боло турганын учур, мезгил, кырдаал көрсөтүп атат.
XS
SM
MD
LG