Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:51

«Азаттыктын» оператору суракка чакырылды


Айбек Кулчуманов.

“Азаттык” радиосунун оператору Айбек Кулчуманов Ош шаардык ички иштер башкармалыгында сурак берди.

Буга чейин Кулчумановго келген эки чакыруунун биринде күбө катары жабырлануучу менен беттешүү үчүн 19-октябрда милицияга келиши керек экендиги айтылган. Бирок ал күн ишемби болгондуктан сурак 25-октябрга калган.

Бул чакыруу Ош шаарындагы Руслан Матраимовдун үйүндөгү «дрон башыма түштү» деп арызданган бакчада иштеген жумушчунун ишине байланыштуу болушу мүмкүн.

Экинчи чакыруу Айбек Кулчумановдун арызынын негизинде козголгон (Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пункту - «Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») кылмыш ишине байланыштуу жиберилген.

Анда оператор жабырлануучу катары кошумча сурак жүргүзүү жана кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакырылганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Айбек Кулчумановдун адвокаты Чынара Мамаюсупова жабыркагандар беттеше турганы тууралуу кыскача маалымат берген.

- Чакыруу алдык. Ишемби күнү тергөөчүлөр эки тарапты беттештиргени жатат. Ошол жерден дрон учуп барып тийдиби же жокпу деген сыяктуу айрым маселелер такталат.

Ал эми жабырлануучу тараптын адвокаты Амантур Медербек уулу менен байланышканбызда буларды айткан:

- Барабыз. Берки ишке да алып барам. Ооматбек Абдыкадыр уулу ооруканадан чыккан. Бирок аны менен байланыша элекмин. Мен берки Руслан Матраимовду жактап жатпаймынбы. Бирок Ооматбек (дрон башына кулап кетти деген Ооматбек Абдыкадыр уулу-ред.) менен Матраимовдордун ортосунда карама-каршылык жок да. Анын деле укугун коргошум мүмкүн.

Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков болсо чакыруу тергөөнүн алкагында аткарыла турган иш экенин түшүндүргөн.

- Бул ишти иликтөө учурундагы тергөөнүн негизги процесстеринин бири. Эки тарапты беттештирүү керек. “Булар силерди урдубу, камераңарды тартып алдыбы”, тигил тарапка болсо “ушул балдар беле” деген суроолор берилет. Тергөө процесси тууралуу мага эч нерсе айтышпайт да. Бул тергөөчүнүн укугу кааласа маалымат берет, каалабаса бербейт. Биз эки тарапка тең бирдей карап жатабыз. Ошого келип катышып беришсе жакшы болмок.

28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Ош шаарында дрон аркылуу материал тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Мындан тышкары Руслан Матраимовдун бакча жумушчусу Ооматбек Абдыкадыр уулу башына дрон тийгенин айтып, милицияга арыз жазган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы буга чейин соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ооматбек Абдыкадыр уулу башынан жаракат алып, мээси чайкалганын, төбөсүнүн оң тарабындагы терисинин алдына кан уюп жана сыйрылганын кабарлаган. Бул жаракаттар катуу, жумуру нерселердин таасиринен пайда болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми Айбек Кулчумановго карата Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза “денесинде эч кандай жаракат жок жана анын издери байкалбайт. Мээсинин жабык түрүндөгү жаракаты, мээсинин чайкалышы, бети, башына сокку да болгон эмес. Ошондуктан соттук-медициналык экспертизалык баа берүүгө жатпайт” деген бүтүм чыгарган.

Бирок Кулчуманов Бишкекке келип медициналык текшерүүдөн өткөндө белине зак кеткени аныкталып, ооруканага жатып чыкты. Ошто окуя болгондон кийин Кулчумановдун расмий өкүлү болгон Анара Мамиева оператордун абалын орточодон бир аз начар деп баалаган.

- Оператордун абалы орточодон бир аз начар. Анткени алган жараатынан улам бир аз баса албай, оң тарабы ооруп, томографияга түшүп жатат. Азыр бөйрөгү да текшерилип жатат. Анткени оператор «жакшы дем ала албай жатам» дейт. Травматолог дары-дармектерди жазып берди. Аны үй шартында алууга мүмкүн эмес. Кечээ дарыгер «мээси чайкалышы мүмкүн» деген суроо койгон.

Буга чейин «Азаттык Медиа» мекемеси коопсуздук маселесинен улам оператор Айбек Кулчумановго кол салып, жабдууларын тартып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин Ош шаарынан Бишкек шаарына которуу тууралуу өтүнүч менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго арыз жазган. Ушундай эле арыз ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге да жөнөтүлгөн.

Бирок ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова андай каттан кабары жок экенин билдирди.

- Алар катты качан жазган экен? Бизде азыр иликтөөнү калыс жүргүзүүнү өтүнгөн кат гана турат. Аны 30-сентябрда алганбыз. Ал жерде ишти которуу тууралуу сөз болгон эмес. Биздеги катты мен Тергөө кызматына жиберем. Буга чейин бул иш менен Криминалдык милиция кызматы алектенген.

Эскерте кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги “Азаттык” радиосунун кызматкерлерине байланыштуу катталган иш толугу менен жетекчиликтин көзөмөлүндө турарын айтып, билдирүү тараткан.

Ал эми Башкы прокуратура ишти башка тергөө органына өткөрүп берүүгө негиз жок экенин кат жүзүндө билдирди.

"Эгерде соткон чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө кызыкдар тараптардан басым болсо же тергөөнү калыс жүргүзбөгөнү аныкталса, Кыргыз Респуликасынын ЖПКнын 33-беренесинин негизинде, аталган кылмыш ишин башка тергөө органына өткөрүп берүү маселеси караларын маалымдайбыз", - деп жазылган Башкы көзөмөл органы жөнөткөн катта.

Айбек Кулчумановго кол салуу боюнча бир катар эл аралык уюмдар, коомдук жана саясий ишмерлер тынчсыздануусун билдирген.

Кыргызстандагы «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Төлөгөнов бул көрүнүштү басма сөз эркиндигине кол салуу катары сыпаттаган. Ал журналист иликтөө жүргүзүп жатканда кайсы жерди тартарын алдын-ала барып айтууга милдеттүү эмес экенин белгилеген:

- Журналист «биз ушундай иликтөө жүргүзүп жаттык эле, ушул жерден барып тартканы жатабыз» деп алдын-ала барып айтпайт. Өткөндө бир журналист «геолокация болушу керек» дейт, ал да туура эмес маалымат берип жатат. Журналисттик иликтөө жанры өзү ушундай – «кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп жатат» десе ошону коомчулукка жеткириш үчүн журналист же иликтөө жүргүзүп жаткан топ алдын-ала кабарлабай туруп барып ошол жерден маалымат топтоп алып келиши керек.

Борбор Азиядагы «Демократиянын аралчасы» катары сыпатталган Кыргызстанда соңку кездери сөз эркиндигине кысым болуп жатканын эл аралык уюмдар айтып келет.

Былтыр «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-орундан 89-орунга түшүргөн.

Бул тууралуу уюмдун «Эркин маалымат каражаттарынын 2017-жылдагы индекси» отчетунда жарыяланган. Уюм мунун себебин медиа каражаттарына карата соттук доолор көбөйгөнү менен түшүндүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (17)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG