Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Сатыбалдиев парламентти айыптады


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн көбөйтүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун саясий популизм деп атады. Анын айтымында, өкмөт алдына депутаттар дээрлик аткарылбай турган милдет коюшту.

Жогорку Кеңеш Кумтөр тууралуу токтом кабыл алган соң алгач ирет журналисттерге сүйлөп жатып, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул келишимди аткаруу дээрлик мүмкүн эмес деп атады. Анын айтымында, депутаттар саясий максаттан улам бул маселе боюнча популисттик чечим кабыл алып коюшту:

- Жогорку Кеңеш популисттик чечим кабыл алып койду. Эч кандай санга негизделген эмес. Эмне үчүн 70-80% эмес, 67 пайызга жеткирүү керек деген суроого эки жума өтсө да жооп таба албай турам. Мен депутаттарга бул токтомду аткаруу реалдуу эмес деп айттым. Бирок 2015-жылдагы шайлоо жакындап калганбы билбейм, депутаттар популисттик чечим кабыл алып коюшту.

Ошентсе да Сатыбалдиевдин жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярдык көрүлүп жатканын кошумчалады. Анда кыргыз тарап “Центерра Голддун” алдына үч вариантты сунуштамакчы:

- Биринчиси - биз мурдатан эле айтып жаткан 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү, экинчиси - депутаттар бизге таңуулаган 67% пайыздык үлүш боюнча. Ал эми үчүнчү вариант - улутташтыруу. Биз учурунда мына ушул үч варианттын үстүнөн иштеп жатабыз.

Ошентип Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке декабрда мурда кабыл алынган меморандумду алып келүү мүмкүн экенин четке каккан жок. Бир гана Кыргызстан буга чейин 100 миллион долларга сатып алуусу каралган 4 пайыздык акцияны бекер бериши мүмкүн. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жакындан тарта башталганы жатат.

Анткен менен Жогорку Кеңеш депутаттары Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирсе болооруна ишенишет. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде өкмөт мындай тапшырманы аткара албаса, анда отставкага кетирүү маселеси көтөрүлөөрүн билдирген:

- Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “муну аткаруу мүмкүн эмес, бул аткарылбайт” деп коркутуп жатат. Токтомго кол коюлуп, күчүнө кирген соң азыркы өкмөт аны аткарат. Аткара албаса, анда “муну жасай алам” деген азаматты таап, өкмөттүн башына отургузуу керек.

Бирок Сатыбалдиев Кумтөр маселеси учурдагы өкмөттү таратууга негиз боло албайт деген ишенимде.

Эксперттер маселенин ушул өңүттө өнүгүшү Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда тирешти жаратышы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Анын жыйынтыгында же өкмөт отставкага кетип же Жогорку Кеңеш таратылышы мүмкүн. Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, парламент токтомунун аткарылбашы өкмөттү отставкага кетирүү менен аякташы ыктымал:

- Бул токтом аткарылбай калышынан улам парламент тарап кетет дегендерге мен ишенбейм. Кумтөрдүн айынан кетсе өкмөт кетет. Себеби аны кетирүү үчүн көпчүлүк коалицияны бузуу эле жетиштүү.

Ал ортодо башкы прокурор Аида Салянова коррупциялык жол менен кабыл алынган делген 2003-жылдагы келишимге кол койгон министрлердин атын атады. Анын айтымында, бул экс-министрлер жакынкы аралыкта суракка чакырылышы мүмкүн:

- Кумтөр келишимине 2003-жылы өкмөттүн 12 мүчөсү кол коюп, макулдугун берген. Алар: ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов, мурдагы каржы министри Болот Абилдаев, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, мурдагы айыл чарба жана суу чарба министри Александр Костюк, мурдагы социалдык коргоо министри Роза Акназарова, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов, мурдагы транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев, мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, мурдагы өнөр жай жана тышкы соода министри Садриддин Жиенбеков, Мамлекеттик мүлк жана инвестиция тартуу боюнча комитеттин мурдагы жетекчисинин орун басары Анатолий Макаров, “Кыргызалтын” ишканасынын экс-президенти Камчыбек Кудайбергенов. Булардын ичинен Кудайбергенов менен Макаров каза болгон.

Аты аталгандардын арасынан буга чейин Башкы прокуратура Курманбек Осмонов, Болот Абилдаев жана Темирбек Акматалиевге кылмыш ишин козгогон. Абилдаев менен Акматалиев 25-октябрда кармалып, ушул эле күнү атайын тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG