Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:26

Конституциялык палатада жетекчи алмашты


Карыбек Дүйшеев, Эмил Өскөнбаев жана Мээргүл Бобукеева.

Жогорку сотко караштуу Конституциялык палатанын жетекчилиги алмашты. Бул кадрдык жүрүш аталган орган менен Жогорку Кеңештин ортосундагы айрым маселелер боюнча пикир келишпестик болгон учурга туш келди.

Конституциялык палатанын жетекчилиги алмашканы аталган органдын басма сөз кызматы тараткан пресс-релизден улам белгилүү болду. Ага ылайык, 1-июлда аталган палатанын соттордун чогулушу өткөн. Чогулушта мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу төрага Эркинбек Мамыров менен орун басары Куанбек Кыргызбаевдин ордуна палатанын төрагасы болуп Карыбек Дүйшеев, анын орун басарлыгына Эмил Өскөнбаев шайланды. Ал эми Конституциялык палатанын катчы-судьясы Мээргүл Бобукеева өз ордунда калды.

Суроо жараткан шайлоо

Бийликтин бир бутагында мындай өзгөрүү социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында талкууга жол ачты. Анткени Мамыров жетектеген Конституциялык палата буга чейин айрым маанилүү маселелер боюнча Жогорку Кеңеш менен кайым айтышып, өз позициясын коргоого аракет кылып келген эле. Дал ушундай шартта мындан он күн мурун гана судьялыкка бекитилген Карыбек Дүйшеевдин төрагалыкка шайланышы суроо жаратып жатат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул шайлоодо көңүл бурчу көп жагдай бар экенин белгиледи:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Төрага үч жылга шайланган соң ал адамдын ишмердигинде жетишкендиктер болушу керек. Анан бул киши жаңы эле келсе, палатада ишин эч көрсөтө элек болсо, дароо эле төрагалыкка шайланышы абдан көп суроо жаратат. Албетте, судьялар өздөрү шайлады дечи, бирок ал жактын «ички ашканасын» билген адам катары Конституциялык палатага ким төрага болот деген маселеге Ак үй сөзсүз аралашарын билем. Ошон үчүн бул жерде кийлигишүү болгону көрүнүп тургандай».

Сооронкулованын шектенүүсүн Конституциялык палатанын ишмердиги боюнча илимий иш жүргүзүп жаткан Варшавадагы Борбордук Европа университетинин докторанты Сания Токтогазиева да колдоп, бул кадрдык өзгөрүүдө саясий өңүт бар деген пикирде:

«​Эгерде саясий контексттин негизинде жаңы төраганын шайланышын талдасак, анда Конституциялык палатага Жогорку Кеңеш жана президент тарабынан басым болуп жатканы жөнүндө шек пайда болот. Ага төмөнкү факторлорду айтсак болот: биринчиден, эки айдан бери палатанын мурунку төрагасы Мамыровго кээ бир депутаттар чабуул кюоп келатат. Экинчиден, Конституциялык палатанын судьясынын бир орду көп жылдан бери бош болуп келген, анан тез аранын ичинде Дүйшеев судья болуп 20-июнда шайланган, 10 күн өтпөй төрагасы болду. Үчүнчүдөн, Дүйшеев Асылбек Жээнбековдун мурунку кеңешчиси болгон. Төртүнчүдөн, азыр палата Атамбаевдин доо арызын карап жатат. Ушул факторлордун негизинде өзүңөр жыйынтык чыгарып көргүлө».

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мындай күмөн санаган ойлорду четке какты. Депутаттын айтымында, Дүйшеев кесипкөй юрист катары белгилүү.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

«Карыбек Дүйшеев Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин учурунда сот системасы боюнча иштеп келатат, - деди ал. - Экинчиден, бул кызматтын аты бийик болгону менен азыр андай деле катардан чыккан орун эмес. Ачыгын айтканда, буга чейинки төрага Эркинбек Тобокелович көптөгөн маселе жаратып койгон. Анын жоопкерчилиги боюнча айтып чыкканбыз. Ал эми Дүйшеев болсо сот системасы боюнча мыкты адистердин бири. Ал тарбия көргөн жигит».

Масалиев айтып жаткан мурдагы төрага Эркинбек Мамыров менен парламенттин ортосундагы пикир келишпестик экс-президенттин макамы боюнча мыйзамдан улам чыккан эле. Аталган мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин Конституциялык палата карап, «экс-президент кол тийбестикке ээ» деген 12-беренени Конституцияга каршы келет деп тапкан. Бирок «экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу импичмент процедурасынан жеңил болбошу керек» деп, бул боюнча өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган.

Конституциялык палатанын бул сунушун айрым депутаттар жактырбай, «судьялар өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланды» деп сындап чыккан болчу. Мындай пикир келишпестикти жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Конституциялык палатанын көз каранды эмес институт катары иш алып баруу аракети катары баалашкан. Дал ушул мыйзамдын негизинде жакында эле Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан эле.

Ал эми жаңы шайланган төрага, 59 жаштагы Карыбек Дүйшеевдин кесиби - юрист. Ал Москва мамлекеттик университетин аяктаган соң 35 жылдан ашык өкмөттүк органдарда юридикалык ар кыл кызматтарды аркалаган.

2010-жылдан соң президенттик аппараттын соттук органдар менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Ал эми акыркы убакта Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмда иштеген.
Конституциялык палатанын судьялыгына көрсөтүлүп, 20-июнда парламент тарабынан бекитилген эле. Ал депутаттардын алдында сүйлөп жатып, бийликти бардык бутактарын чогуу иштешине шарт түзүүгө чакырарын билдирген:

«Конституциялык палата өзүнүн үч ыйгарым укугунун негизинде иштеши керек. Бирок мамлекеттик бийликтин үч бутагы ыйгарым укуктарынын негизинде биргелишип иштесе, жакшы болот эле».

Конституциялык палата - өлкөдө кабыл алынган бардык мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкештигин караган башкы орган. Анын курамы 11 судьядан турат. Судьяларды парламент жактырган соң алар президенттин жарлыгы менен бекитилет. Бул палатанын негизги үч ыйгарым укугу бар. Алар: Баш мыйзамга каршы келген мыйзамдарды жана башка укуктук-ченемдик документтерди конституциялык эмес деп табат, эл аралык келишимдердин Баш мыйзамга шайкештиги боюнча жана учурдагы Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду чыгарат.

Буга чейин сегиз жолу Баш мыйзам өзгөргөн Кыргызстанда бул түзүм ар дайым бийликтин ыңгайына көнүп келгени айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG