Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Эшназаров: Кендерге аукцион эл түшүнгөндө гана өтөт


Кыргызстан кендериндеги инвесторлор менен жергиликтүү элдин нааразылыктары тууралуу Геология жана минералдык ресурстар министрлигинин статс-катчысы Наби Эшназаров ой бөлүшөт.

- Лейлектин Катраң айылындагы кенге байланыштуу кайрадан наарызылык чыкты. Бул эмне кен жана аны чалгындоого лицензия кандай шартта берилген?

- Алтыны бар бул кендин аты Апрель деп аталат. Ал жердин запасы толук тактала элек. Бир топ жыл мурда A.Z. International деген орусиялык инвесторлор катышкан компания лицензия алган. Азыр чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат.

Экологияны бузушу мүмкүн эмес эле. Себеби баары долбоордун чегинде иштеп жатышат. Менин маалыматым боюнча, 15-ноябрда жергиликтүү эл чыгып кетесиңер деп талап коюшуптур. Чыкпагандан кийин 19-ноябрда келип айрым техникаларын талкалаган турбайбы. Кечээ да нааразылык уланыптыр. Менимче, жагдайды атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыгат. Негизинен бул компания лицензияны мыйзамдын чегинде алып, иш жүргүзүп жатат.

- Андай болсо, жергиликтүү эл менен инвестордун ортосундагы мындай нааразылыктын чыгышына кызыктар тараптар барбы?

- Кечээ Кыргызстанга орусиялык чоң делегация келген. Ар кыл тармактар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. Балким ошого карата жасалып жаткан ишпи деген ой бар.

- Бул кен Кыргызстандагы чыр-чатак чыккан жалгыз кен эмес. Башка кендердеги нааразылыктарды жөнгө салуу үчүн агенттиктин конкреттүү кандай сунушу бар?

- Геология агенттиги Экономика министрлиги менен бирге өзүнчө бир жумушчу топ түзгөн. Мыйзамдын мазмунун түшүндүрүп, кен байлыктардын иштетүүнүн натыйжаларын элге жеткирүү боюнча жумушчу топтор болуп саналат. Анын үстүнө бул топторго коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатат. Мүмкүн болушунча, алдыда түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

- Ал эми кендерге уруксатты аукцион аркылуу берүү маселеси кандай чечилүүдө?

- Эл толук түшүнбөгөндүктөн аукционду өткөрүү кыйын болуп жатат. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл макул болгондо гана өткөрө баштайбыз. Эми ал келе жаткан жылы гана болушу мүмкүн. Быйыл аукциондор болбойт.
XS
SM
MD
LG