Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Жайкы Олимпиада: Париж же Лос-Анжелес


Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах, ​​Лос-Анжелестин мэри Эрик Гарсетти жана Париждин мэри Анн Идальго.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах, ​​Лос-Анжелестин мэри Эрик Гарсетти жана Париждин мэри Анн Идальго.

Эл аралык Олимпиада комитети 2024 жана 2028-жылкы Жайкы оюндар Париж жана Лос-Анжелес шаарында өтөт деп чечти. Бирок кимиси биринчи уюштурары азырынча белгисиз. Эки шаар өз ара мунаса таба албаса, сентябрдагы сессияда Эл аралык комитет добуш берип тандайт.

2024-жылкы Олимпиаданы өткөрүү арызын Гамбург, Будапешт жана Рим да тапшырган, бирок акыр-аягында тизмеде Париж менен Лос-Анжелес эле калган.

11-июлда Лозанна шаарында Эл аралык Олимпиада комитетинин жыйынында 2024-жылы экөөнүн бири, кийинкисин экинчиси өткөрсүн деген макулдашуу жетишилди.

Буга чейин 13-сентябрда Лимадагы кезектеги сессияда салттуу түрдө 2024-жылкы оюндардын борбору тандалат, ал эми 2028-жылкы Олимпиаданы өткөрүүгө талапкерлер башынан арыз тапшырып, ат салышуу кадимки тартипте жүргүзүлөт деп пландалган.

Париж
Париж

Бирок кийин ушунча аракет жумшалып, ушунча иш жасалды деген жүйө менен эмки Олимпиадаларды бул эки калаа ортосунда бөлүштүрүү чечими кабыл алынды.

- Бул бүгүнкү күндүн мыкты мүмкүнчүлүгү, бирок Олимп оюндарынын жалпы келечеги мындан да маанилүү. Эмне дегенде муну менен 11 жыл бою стабилдүүлүк сакталып турат. Бул азыркы дүйнөдө өзгөчө бир нерсе, - деди Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах.

Эми Париж менен Лос-Анжелес кезекти өздөрү макулдашууга тийиш. Мунаса табылбаса, 13-сентябрда Лима шаарында Эл аралык комитеттин сессиясында добуш берүү аркылуу 2024-жылкы оюндун кожоюну аныкталмакчы.

Эки калаа тең буга чейин Олимпиаданы эки жолудан кабыл алган. Франциянын баш калаасы 1900 жана 1920-жылдары, Лос-Анжелес – 1932 жана 1984-жылдары уюштурган.

2020-жылкы Жайкы оюндар Токиодо болот.

Лос-Анжелес
Лос-Анжелес

Лос-Анжелестин мэри Эрик Гарсетти Эл аралык комитеттин чечимин кубаттады:

- Мурда Олимпиаданы өткөрчү шаарды тандаганда “жеңүүчү шыралга бербей баарын өзү алчу” деген принциптен алып карачубуз. Мындайча айтканда күмүш медал жок болчу.

Париждин мэри Анн Идальго Париждин 100 жылдан кийин Олимпиаданы кабыл алуусуна өбөлгө түзгөн келишим жетишилет деп ишенерин айтты:

- 2015-жылы Парижде болгон окуялардан кийин кыйын-кезеңди баштан кечирдик. Эми ишенимди гана калыбына келтирүү керек. Өзгөчө жаштар оюндарды күтүп жатат. Жаштар калган дүйнөдөн коркпоого тийиш, Европага ишеним арткан жаш улан-кыздар Париж, Франция менен сыймыктангылары келет, француз коомундай космополит жаштар дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулганына сыймыктангысы келет.

Франциянын баш калаасы 1992, 2008 жана 2012-жылдары оюндарды өткөрүүгө ат салып, бирок ар бир жолу жыдып калган.​

Айрым байкоочулар мындай вариант Эл аралык комитетке оюндарды өткөрүүгө талапкерлерди көргөзүү жараянын жандантууга убакыт берет дешет. Эмне дегенде акыркы кездерде бул абройлуу мелдештерди уюштурууну каалагандар ортосунда атаандаштык өскөнү менен, Олимпиаданы өткөрүүгө кызыкдар өлкөлөрдүн саны азайды. Батыш Европада мындай перспектива көптөрүн чочулатат. Мунун себеби биринчи кезекте көп чыгымдарга жана жергиликтүү калктын колдоосунун жоктугуна такалат.

Шейшеби күнкү добуш берүү алдында эки талапкер презентацияларын сунуш кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG