Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Украина кыргыз спортчуларын киргизген жок


Украинадагы аэропорт. Аба бекетте өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер менен урушкан жоокерлердин сүрөтөрү чапталган.
Украинадагы аэропорт. Аба бекетте өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер менен урушкан жоокерлердин сүрөтөрү чапталган.

Украинанын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргызстандык төрт спортчу Одессага Беларустун Минск шаары аркылуу барган.

Украина кыргызстандык төрт спортчуну өлкөгө киргизген жок. Бул тууралуу маалымат Одессанын облустук администрациясынын спорт жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды.

Анда Украинанын чек ара кызматы коопсуздук чараларына байланыштуу Дагестандан, Беларустан жана Кыргызстандан келген сегиз спортчуну аба майданда кармап, артка кайтарганы белгиленген. Украиналык маалымат агенттиктери муну алардын Одессадагы мелдешке жикчил уюмдун атынан чакырылгандыгы менен байланыштырышкан.

Спортчуларды аба майдандан артка кайтарууга алардын "Куликовое воле" деген коомдук уюмдун чакыруусу менен келгени себеп болгону көрсөтүлгөн. Кыргызстандык интернет колдонуучу Өмүралы Матаев муну кылдат иликтөөнү талап кыла турган маселе катары мүнөздөдү:

- Украин бийлиги биздин спортчуларды өз өлкөсүнүн аймагына киргизбей коюшу алардын кайсы уюм аркылуу барганы суроо жараткан жагдайга байланыштуу экени көрүнүп турат. Бул жерде ал спортчулар мурда жалданмаларды тартууга шектелген "Куликовое воле" деген жикчил уюм аркылуу мелдешке чакыртылган деп алынган маалыматтын негизинде аларды өлкөгө киргизбей коюшкан деген билдирүү жөн жеринен чыккан жок. Чынында эле алар кыргызстандык спортчулар беле жана кайсы спорттук клубга караштуу болгон деген суроо жаралат. Алардын расмий билдирүүдө Украинага эмне максат менен барганын түшүндүрүп бере алышпады дегени дагы бир топ суроолорду пайда кылды. Ошондуктан бул жагдай терең иликтениши керек.

Спорт агенттигинин маалыматы жок

Украинага барган спортчулар кимдер экени жана алардын кайсы спорттук клубга же спорттук федерацияга таандык экени да азырынча белгисиз. Кыргызстандын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев төрт спортчу Одессада өткөн мелдешке расмий жөнөтүлгөн эмес деп билдирди:

- Биз ири масштабдагы дүйнөлүк же чөлкөмдүк чемпионаттар болсо, расмий түрдө мамлекеттик каттоосу бар спорттук федерацияларга гана жардам беребиз. Бизден мына ошондой спортчулар ал жакка жөнөтүлгөн эмес. Азыр ар кайсы версиялар боюнча федерациялар бар да. Ошолор аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Болбосо азыр Орусиянын шаарларындагы кыргыз диаспорасынан чыккан спортчулар дагы ар кайсы мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып жүрүшөт. Мына ошол жактан өз алдынча баргандар дагы болушу мүмкүн. Биздин агенттик тарабынан ошондой чакыруу менен спортчулар тобу Одессага барган эмес.

Канат Арпачиев. Сүрөт topsport.kg сайтынан алынды.
Канат Арпачиев. Сүрөт topsport.kg сайтынан алынды.

Кыргызстандын ММА жана Панкратион боюнча федерациясы уюмдун атына Одессадан эл аралык мелдешке катышууга жакын арада чакыруу албаганын жарыялады. Федерациясынын расмий өкүлү Анара Мамбетованын айтымында, алардын спортчулары Одессага барган эмес.

Ошол эле кезде панкратиондун ар кайсы версиясы боюнча башка бир катар федерациялар дагы бар экени белгилүү. Кыргызстандын ММА жана Панкратион боюнча федерациясынын өкүлү ​Анара Мамбетова Одессада кыргызстандык спортчулар артка кайтарылган деген маалымат боюнча буларга токтолду:

- Спортчуларды чакырып алып, анан көчөгө калтырып койгон буга окшогон турнирлерге биз катышпайбыз. Бул мелдешке спортчуларды мамлекеттик каттоосу жок федерация жөнөткөн экен. Анын бизге тиешеси жок. Буга окшогон турнирлерге катышкан спортчулар адатта ушундай жагдайга туш болот. Одессада болгон окуя мына ошондой иштин бири. Бизге ал жактан балдар чалып, жардам сурашты. Биз албетте, ал спортчулар башка федерацияга караштуу болсо да жардам беребиз. Анткени алар биздин жарандар. Украинадагы байланыштарыбыз аркылуу алардын кайтып келишине көмөк көрсөтүлөт.

Федерацияларда изи жок спортчулар

Украинанын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргызстандык төрт спортчу Одессага Беларустун Минск шаары аркылуу барган.

Мына ушуга байланыштуу спорт агенттигиндегилер ал жакка мелдешке барган спортчулар жакында Минскиге кеткен "Кулатуу-Эр таймаш" федерациясы аркылуу баргандар болушу мүмкүн деген түкшүмөлүн айтышты. Бирок бул федерациянын вице-президенти Эмил Токтогонов Украинада кармалган спортчулардын аларга тиешеси жоктугун айтты:

- Алар биздин балдар эмес. Биздин спортчулар Украинага Одессага мелдешке кетишкен эмес. Алар башка клубдан болсо керек. Биз азыр өзүбүз Таиландда жүрөбүз. Бир командабыз азыр Орусияда, Чеченстанда жүрөт. Башка бир спортчуларыбыз Беларуста чемпионатка катышты. Алар мелдеш бүтүп, эбак эле Кыргызстанга сапар алышкан.

Одессанын аба майданында кармалып, өлкөгө киргизилген жок деген кыргызстандык төрт спортчунун жагдайы эмне болгону, алар Кыргызстанга кайткан-кайтпаганы азырынча белгисиз.

Мурдараак Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG