Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

"Макмалалтынга" жетекчи тандалууда


"Макмалалтындагы" кенчилер, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад.
"Макмалалтындагы" кенчилер, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад.

Эң эле көйгөйлүү деп саналган “Кыргызалтынга” караштуу “Макмалалтын” комбинатынын жетекчисин сынак аркылуу тандоо башталды.

Аталган алтын ылгоочу ишканадагы ачык-айкындыкты камсыздоо жана өндүрүш кубаттуулугун жолго койуу үчүн “Кыргызалтын” ишканасы күчтүү мененджерди ачык тандоо аркылуу аныктоону чечкен. Бирок бул тандоонун жүрүшүнө байкоо салган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү аны жасалма сынак катары карап, алтын ылгоочу комбинаттын жетекчиси алдын-ала эле тандалган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому эң ири филиалдарынын бири болгон “Макмалалтын” ишканасынын жетекчилигине сынак жарыялаган болчу. Буга чейин аталган кызмат орду дайындоо аркылуу жүргүзүлчү. Бирок өндүрүштүк абалы начарлаган Тогуз-Тородогу бул ишкананы бутуна тургузуу үчүн жетекчини ачык жол менен тандоо чечими кабыл алынган.

“Макмалды” майкандагандар ооздукталабы?

Анткени “Макмалалтын” мамлекеттик ишканасы коррупциялык жана криминалдык топтордун көзөмөлүндө калды деген маселе көп көтөрүлүп келген. Ошондуктан анын кирешелүүлүгү начарлап, ал жактан алтын уурдоо фактылары көп кездешип жатканы боюнча кезинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Шамил Атаханов өкмөттүк жыйында да билдирген болчу.

Талапкерлердин бири Таалайбек Кеңешов “Макмалдагы” мына ошол уюшкан топторду жок кылмайынча өндүрүш жолго коюлбайт деген оюн ортого салды:

- Менин маалыматым боюнча, учурда “Макмалда” 4-5 топ бар экен. Мына алтын уурдалып жатат, алтын казылбай калды, ишканада тартип начар деген эле маалыматтар. Бирок мына ошонун бардыгы боюнча кимдир бирөө кармалып, жооп берген жок. Эгерде абал ушундай кала бере турган болсо анда ал ишкана жок болуп кетет. Ал жакта криминалдык топтор дагы бар экендиги айтылып жүрөт. Ал эми жетекчиликте иштегендер алар менен келишип алып, алардын чөнтөгүн толтуруп кызмат кылышары тууралуу айтылган сөздөр жөн жеринен чыкпаса керек. Мына ошонун бардыгын тазалоо үчүн ал ишканага тиешеси жок эрки күчтүү, үчүнчү бирөө сырттан барса туура болмок. Мейли мен барбайын, бирок ага сырттан жетекчи алып барса иш ордунан жылмак.

Башында “Макмалдын” жетекчилик ордуна 21 адам талапкерлигин коюп, анын ичинен тогуз адам тандалып алынган. “Макмалдын” жетекчилик ордуна тандоо боюнча сынакка мына ошол тогуз адамдын алтоо катышты. Алты адамдын төртөө “Макмалалтындын” мурдагы жана учурдагы кызматкерлери.

2009-жылга чейин “Макмалалтынды” эки ирет жетектеген Абдраим Батырханов тармакка чыныгы адистер гана барыш керек деген негизде үчүнчү ирет талапкерлигин койгон:

- Мен ал жакка 2008-жылы барып, директор болуп иштеп калдым. Азыр эми ал жакта абал начар деп угуп жатам. Сынактын шарты боюнча көп жылдык башкаруу кызматында жүргөн адам катары менин гана параметрлерим туура келет экен. Эми ал жакта “каралар” бар, уурулук бар деп айтылганы менен бир дагы факты тастыкталган эмес. Анткени ал жакта алтын ылгаган фабрикада ишкананын өздүк коопсуздук кызматынан тышкары ИИМ атайын кызматтары көзөмөлгө алып турат. Анан калса, бардык жерге видео байкагычтар коюлган. Ошондуктан мурдагы УКМК башчысынын ал жактан 150 килограмм алтын уурдалган деп айтканына анчейин негиз жок. Эгерде ошондой фактылар болсо тиешелүү адамдар кармалышы керек эле го.

Талаштан тактык жаралабы?

“Макмалалтын” ишканасынын директорлук ордуна болгон сынакты “Кыргызалтын” компаниясынын башкы директорунун орун басары Кылычбек Шакиров жетектеген он бир адамдан турган комиссия алып барууда. Бул комиссия “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчилигинин чечими менен түзүлгөн. Бул сынакка байкоо салуу үчүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да чакыртылган.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева сынак жүргүзүүдө кетирилген одоно кемчиликтер туурасында буларды билдирди:

- Биринчи турда эле бул сынактын жасалма экени байкалды. Мүмкүн жеңүүчү мурда эле алдын-ала чечилип калган окшойт. Анткени комиссия мүчөлөрү суроолорго эптеп жооп бере албаган адамды эле улам көтөрмөлөп, ошого жакшы баа коюп жатышат. Бул адам “Макмалдын” жетекчисинин милдетин аткаруучу Базаров деген киши экен. Ал өзүнүн программасында бир да жолу мындай бир пайдалуу сунуш же идея көтөрө алган жок. Бирок ал элүүдөн ашуун балл топтоду. Ал эми ишин мыкты билгендердин баллын тескерисинче азайтып берип жатышты. Ошондуктан мен муну жөн эле шоу деп эсептейм.

Ошол эле кезде “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов коюлган дооматты четке кагып, комиссиянын ишине сырттан кийлигишүү болбогонун ырастады. Ал ачык-айкын жол менен ишкана жетекчисин тандап алууга мүмкүн болгон шарттар түзүлгөнүнө токтолду:

- Комиссия мүчөлөрү кандайча баалап жатат, алардын ар биринин өзүнүн эрки. Бирок дайыма эле бери жактан караганда алар кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кол көтөрүп жаткандай сезиле берет. Негизинен мына ошол компетенттүү комиссиянын чечими менен бирөөнө токтолобуз да. Анан калса, бул сынак биринчи жолу өтүп жатпайбы. Байкоочулар отурат. Талашып-тартышып жатабыз. Ошентип анан чындыкка жетебиз да.

“Макмалалтын” ишканасынын жетекчилик ордуна сынак үч тур менен жүрүүдө. Биринчи турда талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырса, экинчисинде психологиялык тесттен өтсө, үчүнчүсүндө жалпы өндүрүштүк тест тапшырат. Комиссия бул сынактын жыйынтыгы жакын арада чыгарын айтууда.

XS
SM
MD
LG