Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Кыргызстандын Коомдук сыналгы жана үналгы компаниясынын жетекчиси шайланды


Кубат Оторбаев Прага шаарында ЭЕ/АҮ бюро башчыларынын семинарында сүйлөп жаткан учур. Азаттык үналгысы. 2006-жылдын 11-сентябры.
Кубат Оторбаев Прага шаарында ЭЕ/АҮ бюро башчыларынын семинарында сүйлөп жаткан учур. Азаттык үналгысы. 2006-жылдын 11-сентябры.

Коомдук телерадиокомпаниянын (КТРК) Башкы директору болуп 3-декабрда Кубат Оторбаев шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 12 мүчөсү белгилүү журналист Кубат Оторбаевдин талапкердигин колдоп добуш берди.

3-декабрдагы Кыргызстандын Коомдук телерадио компаниясынын Байкоочулар кеңешинин жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгына караганда, КТРКнын учурдагы директорунун милдетин аткаруучу Кубат Оторбаев Байкоочулар кеңешинин он төрт мүчөсүнүн он экисинин колдоосуна ээ болду.

Калган бирден добуш Эрнис Мамыркановго жана Болот Казаковго берилди.

Башкы директорду шайлоодо жашыруун добуш берүүгө байкоочу кеңештин бир мүчөсү жүйөөлүү себептер менен катышпай калгандыгы айтылды.

Коомдук сыналгы жана үналгы компаниянын жаңы шайланган Башкы директору Кубат Оторбаев ага көрсөтүлгөн ишенимди чоң жоопкерчилик менен актоого убада берди:

- Жакын арада менин көз караштарымды ичине камтыган программамдын негизинде иш-чаралардын мерчемин түзүп, аны алдыдагы айларда ишке ашырууга киришибиз керек. Алдыда чоң иштер турат. Ишеним көрсөтүү менен мага кошо берилген жоопкерчилик да абдан чоң. Негизги иштерге структуралык өзгөртүү, коомдук телеканалдын жобосун иштеп чыгуу, компаниянын өзүн адилет министрлигинен кайрадан каттоодон өткөрүү жана, эң негизги маселе. телеберүүлөрдө жана радиоуктурууларда сапаттык жаңылануууга багыт алуу. Ошону менен бирге эле телеканалдагы негизги максат - аны коомдун бардык катмарларынын кызыкчылыктарын эске алган алдыңкы каналга айлантуу вазийпасы.

Буга чейин сыналгы жана үналгы берүүлөрүн өнүктүрүүнүн заманбап усулдары, адистерди башкаруу, техникалык жана каржылык камсыздоо, маркетинг жана укуктук маселелер боюнча суроолорго жооптордун негизинде ар бир талапкер өздөрүнүн долбоорун көрсөтүшкөн эле.

Анын жыйынтыгы боюнча талапкерлердин арасынан Кубат Оторбаев, Эрнис Мамырканов, Болот Казаков жана Баян Сарыгулов жогорку балл топтоп, алдыга чыгышкан.

Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов коомдук сыналгы жана үналгы компаниянын жетекчисине бир катар талаптар иштелип чыккандыгын мындайча белгиледи:

- Талапкерлерге таратылган бизнес-кейсте коомдук телеканалга байланышкан ар кайсы тармак боюнча суроолордун топтому бар. Андагы суроолор аркылуу жетекчиликке умтулган талапкерлердин билим деңгээли, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, техникалык камсыздоого жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө багытталган таланты көрүнөт. Мына ошонун бардыгы, талапкердин туура маркетингдик жана менежердик өзгөчөлүктөрү байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү тарабынан бааланат.

Мындан сырткары башкы директорлук орун үчүн талапкер катары коомчулукка белгилүү куудул Жамбул Камчыев, тележурналисттер Дүйшөн Мамбетөмүров жана Бейшенбек Бекешев ат салышышты.

Талапкерлердин бири Жамбыл Камчыев он беш адамдан турган Байкоочулар кеңешинин коомдук телеканалдын башчысын тандагандыгы туура эмес болду деп эсептейт:

- Негизи өзү КТР менен ЭЛТРдин жетекчилерин Кыргызстандын президенттин шайлагандай жалпы шайлоочулардын тандоосуна коюш керек болчу. Бул жерде эми он беш кишиден турган Байкоочу кеңеш эле чечип коюп жатпайбы. Эгерде жалпы шайлоодон утуп чыгып келген жетекчилер башкарганда гана алар бийлигине да, партиясына да, оппозициясына, ар кандай кландарына да баш бербей, мыйзамды гана туу тутуп иштеп берет болчу. Мына ошондой болгондо туура болмок.


Ошентип, Байкоочулар кеңеши жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий ачык колго салуу менен бекитип, эң көп колдоого ээ болгон Кубат Оторбаев бул кеңештин токтомунун негизинде Кыргызстандын Коомдук сыналгы жана үналгы компаниясынын Башкы директору болуп калды.

Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жедигер Саалаев мырза жаңы шайланган директорду сынакка катышкан башка атаандаш талапкерлер тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди да жүзөгө ашырууга чакырды:

- Өздөрүнүн программалары менен тааныштыруу учурунда Баян Сарыгулов агайыбыз жана башка талапкерлер укмуштай сонун идеяларын айтышты. Ар биринде мыкты сунуштар болду. Ошонун бардыгын чогулутуп туруп, жаңы келген жетекчи жүзөгө ашырышы керек. Калган талапкерлер тарап кетишпей, телеканалдын айланасында бир уюм түзүп, кеп-кеңештерин берип турушса.

Коомдук сыналгы жана үналгы компаниянын Башкы директорлугуна болгон бул сынак - эсеби боюнча экинчиси. Анткени мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда президенттик катчылыкта иштеген Илим Карыпбековдун КТРК директорунун шайлоонун алгачкы айлампасында көпчүлүк добуш алышы коомчулукта нааразычылык жараткандыктан улам, Карыпбеков өзү Башкы директорлукка талапкердиктен баш тарткан болчу.

38 жаштагы Кубат Оторбаев буга чейин КТРКнын Башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеди. Ал бул кызматка 7-апрел ыңкылабынан кийинки күнү дайындалган. Ага чейин ал "Азаттык үналгысынын" Бишкек бюросун ("Азаттык Медиа" мекемесин) беш жыл бою (2005-2010-жж.) жетектеп келген.

Ага чейин "Азаттыктын" Бишкектеги бюросун Кыяс Молдокасымов (1998-2005-жж.) башкарган.

Мурдагы УТРК ыңкылаптан кийинки Кыргызстандын расмий жетекчилиги тарабынан Коомдук сыналгы жана үналгы компания катары кайра түзүлгөн.

Президент Роза Отунбаева кол койгон жардыкка ылайык, КТРК эми өкмөткө эмес, жалпы коомчулукка кызмат кыла турган маалымат каражатына айланууга тийиш.
XS
SM
MD
LG