Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

"24.kg" бийлик укуругуна илиндиби?


24.kg маалымат агенттигинин эн белгиси
24.kg маалымат агенттигинин эн белгиси

Парламенттик шайлоонун алдында "24.kg" cайты редакциялык саясатын өзгөртүп, бийликти сындоодон алыстап калганын медиа эксперттер байкашты.

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы окуялар тынчыгандан кийин анын сотко чейинки жана соттон кийинки редакциялык саясаты өзгөргөнүн дароо байкаса болот.

Жогорку Кеңештин мурдагы басма сөз кызматынын жетекчиси Шайырбек Маматокоров билдиргендей, шаардагы эң көп нускалуу гезиттин түбүнө жеткендер эми "24.kg" агенттигин колго алгандай. Соңку убакта бул сайттын бийликке болгон көз карашы жумшарып, алардын кемчилиги тууралуу маалымат жазуудан таптакыр четтеди.

Маматокторов мындай жагдайды маалымат агенттигинин позициясы өзгөрүп, де-факто башкарган жетекчилери алмашып, көрүнүктүү журналисттердин кызматтан кетип жатышы менен түшүндүрдү.

- "24.kg" агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева шайлоо учурунда узак мөөнөткө эмгек өргүү алганы көп нерседен кабар берди. Шайлоо учурунда эс алууга адам кетеби? Алар жашырып атат, чындыгында бардыгы тымызын чечилип, Оторбаеванын ордуна Анара Мамытова деген келди. Сайттан деле буга чейинки жаңылыктары менен азыркыны байкасаңар, бийликти сындоодон алыстап калышты. Алар бийлик тараптан ооздукталды деген ой келип атат.

Ажырымдар башталдыбы?

Сураштыра келгенде редакциядагы айрым журналисттер кызматтан кетип жатканы тастыкталды. "24.kg" сайтында бийликти катуу сындап, жазып келген журналист Махинур Ниязова агенттигинин жетекчилиги алмашканына байланыштуу кызматтан кетүүнү чечкенин "Азаттыкка" айтып берди.

- Ооба, мен жумуштан кетип жатам. Азыркы учурда башка жумуш издеп жүрөм. Жетекчилик алмашканына байланыштуу жумушуман кетүүгө аргасызмын. Себеби мен буга чейинки жетекчилик менен бул жумушка келгем, алар кетти, мен да кетип атам.

Ал эми "24.kg" агенттигинин жаңы жетекчиси деп айтылып жаткан Анара Мамытова ММКнын бийлик тарапка өтүп кетти деген сөздү четке кагат. Анын айтуусунда, агенттиктин жетекчиси Асел Оторбаева узак мөөнөткө чыгармачылык өргүү алды. Ал эми журналисттердин бири Дарья Подольская ооруп жумушка келбей жатса, Махинур Ниязованын кызматтан кетүү арызын алигиче көрө электигин айтат. Мамытова бул аралыкта агенттиктин редакциялык саясаты өзгөрүп кетти деген сөздөргө дагы макул эмес.

- Бизде эч кандай редакциялык саясат өзгөргөн жок. Мурда кандай маалымат жазып келсек, ошондой эле жазып атабыз. "24.kg" агенттигинин негиздөөчүсү болуп дагы деле Асел Оторбаева бойдон турат.

Коомчулукта "24.kg" маалымат агенттиги Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Жаныбек Бакчиевге таандык деген сөздөр басымдуу. Бакчиев учурда “Бир Бол” партиясы менен 7-тизмеде баратат. Анын өзү менен байланышканда, маалымат агенттиги менен эч кандай байланышы жок экенин билдирип, ошол эле учурда анын негиздөөчүсү Асел Оторбаева менен достук мамилеси бар экенин танбайт.

- Бул сайт эч качан юридикалык да, факты жагынан да мага таандык болгон эмес. Мен сайттын жетекчиси Асел Оторбаева менен дос катары мамилем бар. Ал жакта азыр жетекчи алмашып кеткенин деле уккан жокмун. Билишимче Асел Оторбаева азыр эмгек өргүүсүндө жүрсө керек.

Медиа активист Шайырбек Маматокоров "24.kg" агенттигиндеги орун алмашууларда бийликтин түздөн-түз кийлигишүүсүн көрүп жатканын айтат. Ал ОшТВнын рейдерликке кабылышы, "Вечерний Бишкекти" тизелеткен бийликтин укуругу эми "24.kg" агенттигине жетти деген пикирде.

Бийлик сөз эркиндигине жана медиа каражаттарынын жетекчилерине эч кандай басым жок экенин такай кайталайт. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов жеке медиа басылмалардын ишине аппарат тарабынан кийлигишүү мүмкүн эмес экенин айтат.

- ММКга бийлик тараптан кысым жасалбайт, жасоого мүмкүн дагы эмес. Кээ бир редакциялар эмнеге өз позициясын өзгөрткөнүн өздөрүнөн сураш керек. Балким ММКлар жакшыны да көрө билип, жаратмандык позицияга өтүп жаткандыр.

"7-канал" жаргылчакка түштүбү?

Редакциялык саясатын кескин өзгөрткөн медиалардын катарын өлкөнүн түштүгүндө популярдуу "7-канал" да толуктады. Камчыбек Ташиевге тиешеси бар деген "7-канал" да шайлоонун алдында бийликти критикалаган позициядан нейтралдуулукка өттү. Каналдын мурдагы башкы редактору Мубара Абдулатипова буларды айтты:

- Биз 2010-жылдан кийин коркпой-үркпөй бийликти сындап, алардын кемчилигин элге айтып берчүбүз. Мен 2012-жылы ал жактан кеттим. Эми бир гана мен эмес, эл деле айтып атат, акыркы 2-3 айдан бери таптакыр эле бийлик тарапка өтүп кетти. Жогорку бийлик тууралуу таптакыр айта албай калышты, эмне болгонун өзүбүз деле түшүнбөй жатабыз.

Бирок жогоруда сөз болгон ММКлардын позицияларынын өзгөрүү процесси эки тараптуу мунаса менен болгондой. Журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин маалыматы боюнча сөз эркиндигин ооздуктоо же ММКлардын жетекчилигин алмаштыруу убагында бир дагы арыз-дооматтар келген эмес.

XS
SM
MD
LG