Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

“Мегакомго” жаңы жетекчи дайындалды


Компаниянын ээси “Альфа телекомдун” директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмаз Абеков “Азаттыкка” маек курду.

Алмаз Абеков буга чейин аталган компаниянын директорунун орун басары болчу.

“Азаттык”:
Алмаз мырза, “Мегакомго” жетекчи болуп сиз кандайча тандалып калдыңыз?

Алмаз Абеков: Эмнеге мага ишеним көрсөтүлүп тандалганымды ошол буйрукту чыгарган Мамлекеттик мүлк министринен сурап көрсөңүздөр болот. Бирок мен өзүмө көрсөтүлгөн ишенимди актап, “Мегакомдун” күнүмдүк ишин татыктуу алпарып, биздин кардарларга сапаттуу байланыш көрсөтүүгө аракет кылам. Мага “Мегакомдун” акционерлеринин жалпы чогулушун дайындоо милдети жүктөлгөн. Мен ошол милдеттин үстүндө иштейм.

“Азаттык”: Сиздин дайындалышыңыз менен компанияда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Алмаз Абеков: Менин дайындалышым менен кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөр болбойт. Мурда иштеп жаткан жамаат өз ордунда, өз ишин аткара берет. Биздин максат – компаниянын туруктуулугун сактоо, компаниянын келечектеги өнүгүшүнө өбөлгө түзүү.

“Азаттык”: Башкы прокуратура компаниянын мурунку жетекчилигин мыйзамдуу деп айтты. Буга чейин баш кеңседе мурунку жетекчи Андрей Силич дагы жүргөн эле. Азыр алар кайда кетти?

Алмаз Абеков: Мен ал киши кайда экенин айта албайм. Бирок менимче, “Мегакомдо” иштеген жамаат саясий же жеке бир көз караштар менен кандайдыр бир толкундоолорго бурулбашы керек. Күнүмдүк иш кызматы, милдетин так аткарып, Кыргызстанда кабыл алынган эмгек мыйзамдарынын алкагында иш алпаруулары керек.

“Азаттык”: Сиздер убактылуу дайындалдыңыздар. Эртең дагы ушундай талаш маселелер кайра чыгып калышы мүмкүнбү?

Алмаз Абеков: Мен эми акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө чейин дайындалдым. Ал чогулушту уюштуруу иштерине убакыт талап кылынат. Бирок мен ар кандай толкундоолорго же иш таштоолорго жол бербейм. Ошого аракет көрөм.

“Азаттык”: Негизи “Мегакомдун” айланасындагы кырдаал кандай чечилиши керек. Сот чечиш керекпи же дагы башка жолдор барбы? Сиздерден кийин ким келет?

Алмаз Абеков: Жетекчилик маселесин ошол акционерлердин чогулушу чечет. Себеби бул менчик ишкана. Менчик ишкананын акционерлери ким болсо, ошолор жалпы чогулушта туруктуу жетекчини дайындашы керек.

“Азаттык”: Кечээ "Мегакомдун" кызматкерлдери мурунку жетекчини колдоп акцияга чыгышты эле. Азыр алар кандай иштеп жатышат?

Алмаз Абеков: Аларды кандайдыр бир куугунтуктоо болбойт. Алар өздөрү иш мыйзамын сактоо менен өздөрүнүн күнүмдүк ишин туруктуу, так аткарса эч кандай басым көрсөтүү же куугунтуктоо болбойт.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG