Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:45

Түркиянын жараны Межит Мерден 2009-жылы Кыргызстанга алгач инвестор катары келип, кийин көмүскө алтын сатууга аралашкан.

Түрк жараны "Азаттык" үналгысынын Стамбулдагы кабарчысына курган маегинде Кыргызстандан алтынды көмүскө жол менен алып турганын, кийин бир жарым миллион долларын жиберип, бирок убада кылынган 50 кило алтынды ала албай калганын айтып берген.

Мерден ушул тапта дагы Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин коркутууларына кабылып жатканын, Кыргызстан менен Түркиянын расмий органдарына бир нече жолу кайрылса да эч майнап чыкпаганын айтып берди.

Межит Мерден: Мен 2009-жылы Кыргызстанга иш боюнча биринчи жолу бардым. Эң негизги максатым ал жакка барып айыл чарбасына инвестиция жасоо эле. Азыркы президентибиз ал убакта премьер-министр эле, менин фирмам Түркия соода өнөр жай палатасына катталгандыктан ал жактан сунуштар чыгып, Кыргызстанга барып эмне кылса болот караштырып келели дедим. Анткени тилибиз, динибиз бир тууган улуттарбыз. Барып иш жасап, экономикага салым кошуп, салык төлөп, ак эмгегибиз менен акча табалы деп ойлодум.

2009-жылы декабрь айында алгач Бишкекти, анан Ошту кыдырдык. Ошол маалда Кыргызстандан Түркияга төө бурчак, сарымсак, жаңгак, жүн келет эле, балким биз дагы аларды алып сатарбыз деп ойлодук. Айылдарды кыдырдык, акимдер менен жолугуп Түркиядан келгенибизди айттык. Жолугуп сүйлөшкөн адамдардын баары бул жерде расмий иштей албайсың деп ынандырышты. Дароо эле “мага канча акча бересиң?” деп сурашты. Мен расмий иштей турганымды айттым, анткени "инвесторду мамлекет, укук коргоо органдары коргобосо кантип акча келсин?" деп таң калгам. "Айыл чарбаны эмне кыласың, андан дагы кирешелүү бизнестер бар" деген сөздөргө өттүк.

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Акылбек Жапаров алтынга аралашкан кыңыр иштерге ошол кезде өлкө башында тургандардын тиешеси бар деп эсептейт.

Мен ойлонуп туруп, өзүм билген эле алтын ишин караштырайын деп чечтим. Анткени мен Стамбулда зергермин, алтын буюмдарды жасап дүйнө жүзүнө дүңүнөн сатам. “Кыргызалтынга” расмий кайрылдым. Ал жакта бизди кеңсесине кабыл алган адам бул ишти сыртта сүйлөшөлү деп ресторанда конок кылды. Ошол жерде бул ишти башкача жол менен жасаса болорун түшүндүрдү. Кыргызстанда алтын ишин Улуттук коопсуздук комитети көзөмөлдөй турганын айтты. "Биз өзүбүз сата албайбыз, коопсуздук кызматы аркылуу сатабыз" деди. “Сен отелге бара бер, сени кызматкерлер табышат” деп мени жөнөтүштү. Айткандай эле эртеси күнү келишти.

Алар менен базарга бардык, мага акча кантип келерин, товар кантип чыгарыларын көрсөтүштү. Акча карго фирмалары аркылуу келе турганын айтышты. Мунун кепилдиги кандай болот десем мени карго фирмасынын кеңсесине алып барышты. Шергазы деген жигиттин кеңсеси Кыргызстандын Улуттук банкынан кем калбай иштейт экен. Өз көзүм менен мүшөктөгөн акчалар Дубай, Кытай, Түркияга кетип, ал жактан миллиондогон долларлар Кыргызстанга келгенин көрдүм. Буларды көргөндөн кийин мен чынында эле ынандым. Демек бул кишилер акчаны көзөмөлдөйт экен дедим. "Эгер иштейм десең система ушундай" деп түшүндүрүштү.

Ошентип отуруп алтынды соодалаштык. Мен акчаны Стамбулда алар айткан карго фирмасына берем, алар мага алтынды Стамбулга ательеме алып келишет. Алар дүйнө жүзүнө ушундай жол менен алтын жиберишет экен. Москва, Дубай, Кытай.

Акча которууну да дал ушундай жол менен жибересиң деп кол кармаштык. Акыры мени ишендирүү үчүн складга алып барышты. 200-300 кило алтын бар эле. Мен алтынды жакшы билгендиктен мынча көлөмдө сапаттуу алтынды көргөндө эле дароо түшүндүм. "Биз ушундай жол менен даярдап сизге жиберебиз" дешти. "Мынча алтын кайсы жакка кетет, кардар барбы?" десем, жарымы Дубайга, жарымы Кытайга кетерин айтышты. Курьерлерибиз бар, эч кам санабаңыз деп ынандырышты. Бир кыргыз фирма менен акча которуулар, алтындын баасы, логистикасы баары жазылуу келишим түздүк. Мөөрүн басып, кол койдук.

Бишкектен келатканда пробасын көрөлү деп жаныма 300 грамм алтын ала чыккам. Бишкекке аэропортко белинде тапанчасы бар адамдар коштоп алып келишти, дароо эч текшерүүсү жок учакка отуруп келе бердик. Ал убакта Түркияда баасы 10 миң доллардан ашпаган алтындын декларациясын сурашчу эмес. Пробасын текшердик, айткандай эле эң сапаттуу алтын чыкты.

"Алтын жез болуп чыкты..."

"Азаттык": Келишимде аэропорттон кантип өтөт, декларация кантип жазылат сүйлөшүлдү беле? Алтын Стамбулга жашыруун жолдор аркылуу кирип жатат да, туурабы?

Межит Мерден: Биздин карго компаниябыз бар, алар жеткиришет дешкен. Мен ушул көргөн ательемдин адресин бергем, алар мага ушул жерге алып келип беришмекчи болгон. Алар бажы иштеринин баарын бүтүрүп туруп, алып келип беришмек. Дүйнө жүзү менен ушундай жол менен иштешет экен.

"Азаттык": Алтындын баасын канчага сүйлөштүңүз?

Межит Мерден: Биржада алтындын бир килограммы 35 миң доллар болсо, алар менен 33 миң долларга кол кармаштым. Алтындын 1 килосун 33 миң долларга алам дедим. Макул дешти.

Кыргызстандан келгениме эки күн болгондо Болот Келдибаев мага чалды. "Бир килограмм алтын бар, аласыңбы?" деди, макул болдум. Акчасын Стамбулдагы Бишкек деген каргого алып барып бер деди. Мен акчамды каргого алып барып, Зейнеп ханымга бердим. Артынан Болот Келдибаев чалып, акчаны Бишкектеги кеңседен алганын айтып, эми алтынды эртең күт деди. Айткан саатында алтын бул жерге келди. 2010-жылдын беш айында 15 килограмм алтын келди, мен сүйлөшкөндөй акчасын салып жаттым. Мунун документтери качан келет деп сураганымда бүгүн-эртең деп унутулуп калды.

2010-жылы жай айларында мага 50 кг алтын бар деп, скайптан көрсөтүштү. Алам десең дароо сатабыз дешти. Эсептегенде баасы бир жарым миллион доллар чыкты. Бул акчаны эки-үч күндө бөлүп-бөлүп Бишкекке жибердик. Анан алтынды күттүк, эки-үч күн өттү, алтын жок. Мен Болот Келдибаевге чалдым. Ал "бул жакта өкмөттө бир аз маселелер бар, менин убактым болбой жатат" деди. Анда мен өзүмдүн кишимди жиберип алдырайын дедим.

Исмаил Гасанов деген таанышыма айтып, Бишкекке алтын алып келгенге жибердим. Аны Бишкектен Келдибаевдин адамдары тосуп алышат, коноктошот, бирок 50 кило эмес, беш эле кило алтын бермекчи болушат. Ал “Манас” аэропортуна келгенде коопсуздук кызматкерлери токтотуп, контрабанда товар алып баратасың деп кармап кетишет. Мага Исмаил Гасанов Бишкектен чалып, "алтын контрабандасы менен кармалдың, 50 миң доллар бербесең түрмөгө камайбыз" деп жатышат деди.

Мен Болот Келдибаевге чалсам телефону өчүрүлгөн, жазгандарыма жооп бербейт. Исмаил Гасановдун Стамбулдагы үй-бүлөсү аны тирүү алып келишимди сурап ыйлашты. Айла жок болгондуктан, 50 миң долларды Бишкекке салып, Гасановду куткардым. 56 жаштагы адамды башы-көзүн жарып, тепкилеп сабашыптыр. Колундагы беш кило алтын жез болуп чыкты.

Ошол күндөн тартып Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы мени кылмышка шектүү деп тизмеге киргизиптир. Мен дагы өз алдымча адамдарды издей баштадым. Же акчамды, же алтынымды алышым керек да. Ар кимден жардам сурадым, элчилик, консулдук, барбаган жерим калган жок. Бирок бир дагы жооп келген жок.

Анан Кеңешбек Дүйшөбаевге чыктым. Анын адамдары Болот Келдибаев тууралуу менде эмне маалымат болсо сурашты, баарын бердим. Сүрөтүн көрсөтүштү, тааныдым. Ошондон тартып генерал Дүйшөбаев менен күндө сүйлөшүп турдук. Эки айдан кийин Медер деген тергөөчү мага чалып, Келдибаев кармалды, анын үйүнөн сенин 50 кг алтының табылды, биз алдык деди. Мен Дүйшөбаевге чыгыш үчүн көп акча короттум.

Алтындын ордуна героин

"Азаттык": Дүйшөбаев мырзага байланышка чыгууга сизге ким кеңеш берди?

Межит Мерден: Мага "ал Атамбаевдин оң колу, проблемаңды ошол чечет" дешти. Тамакка, белекке деп 500-1000 доллар жибер деп сурашкандарынан такай жиберип турдум. Ошентип ага эле 15-20 миң долларым кетти. 2010-жылы август айында Дүйшөбаев мага эки кызматкер жиберди. Мени суракка алып, колумдагы документтерди көрмөкчү болушту. Ал эки кызматкерге билет алдым, отелге жаткырдым, ал аз келгенсип ар бирине беш миң доллардан акча бердим. "Ишиңди бүтүрөм десең, биз эмне десек ошону аткарасың" дешти. Айла жок.

Алар келишти, Стамбулдагы консулдукта мени суракка алышты, документтерди, келишимдерди көрсөттүм. Сизди Келдибаев алдап акчаңызды алыптыр дешти, суроолоруна расмий жооп берип, кол койдум. Келдибаев мага Кыргызстандын алтын кендеринин картасын жиберген. Мөөр менен басылган, сыртында "Совершенно секретно" деп жазылып турат. Бул Кыргызстандын геологиялык картасы, кайсы жерде канча алтын бар экенин көрсөткөн. Анын баарын ошол эки кызматкерге көрсөттүм. Кыскасы колумда эмне болсо баарын көрсөттүм.

Арадан 15-20 күн өткөндөн кийин Дүйшөбаевдин жанындагы Медер деген жигит чалып, "сен эми бул ишти унут" деди. Мен бир жарым миллион доллар акчам кетти, кантип унутам дедим. Силердин консулдукка, элчиликке, Түркиянын Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине баарына кайрылдым, жооп жок. Эми дагы кимге кайрыларымды билбей калдым.

Анын үстүнө ошол эле келген кызматкерлерге чалсам жооп беришпейт. Жооп берсе дагы коркутуп, сени кесебиз, өлтүрөбүз деп айткандан башка сөз жок. Анысы аз келгенсип мага чалып героин сунушташты. "Высший сорт, белая мука" деп коюшат экен. Мен унду эмне кылам десем, сатып акчасын салсаң, биз сага акчаңды алганга жардам беребиз дейт. Бир кыргыз кыз менен героин жиберишиптир, “мунуңду ал дагы, кет” десем да кетпей койду. Кийин ошол кызды кабарлардан Анталияда героин менен кармалды деп көрдүм. Ал байкуш деле курьер болуп иштеген бечара да. Кийин консулдук куткарып чыкты окшойт аны.

Мунун баарын унутайын десем силердин кызматкерлер чалып, кыздарды жиберебиз, сатып бер дешти. Алардын акчасын 50/50 бөлүшөбүз деп сунушташты. Коопсуздук кызматкерлери өздөрү “сенин мындай иштериңди Кыргызстанда чечсе бир Камчы деген мафия чечет” дешти. Эми ошолор “Кыргызстанга кел, мафия менен тааныштырам” деп жатат.

Межит Мердендин "Азаттык" радиосуна берген маегинен кийин кесиптешим Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен байланышып, түрк жарандын анын дарегине айтканы боюнча пикирин сурадык. (Маекти бул жерден угуңуз)​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG