Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Жат жерде чатакташкан кошуналар


Орусиядагы мигранттардын жатаканасы.
Орусиядагы мигранттардын жатаканасы.

Акыркы эки айда эле Орусиядан кыргызстандык жети мигранттын сөөгү келди. Алардын ичинен экөө өзбекстандык жарандар тарабынан өлтүрүлгөн.

Бул окуяларга байланыштуу Питердеги кыргыз жана өзбек диаспоралары сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Катар-катар кол салуулар

15-февралда Орусиянын Звенигород шаарындагы аскер бөлүгүнө жакын жерде Чүй облусунун Кант районуна караштуу Люксембург айылынын 44 жаштагы тургунунун сөөгү табылды. Медициналык экспертиза ал күч колдонулуп өлтүрүлгөн деген бүтүм чыгарган. Көп өтпөй Орусиянын укук коргоо органдары бул ишке шектүү катары Өзбекстандын эки жараны кармалганын маалымдады.

16-февралда Санкт-Петербург шаарындагы Москва районунда Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 27 жаштагы келин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул учурда да маркумдун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстандын бир жараны кармалганын жергиликтүү милиция кабарлады.

Бул маалыматтарды Орусиядагы Кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” тастыктады:

- Москва облусунун Одинцово районунда 44 жаштагы кыргызстандык жаранды өлтүргөн деген шек менен Өзбекстандын эки жараны кармалган. Бул тууралуу бизге ошол аймактык милиция бөлүмү маалымдады. Ал эми 16-февралда Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда өлтүрүлгөн кыргызстандык 27 жаштагы тургундун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстан Республикасынын жараны кармалганы тууралуу бизге расмий маалымат түштү.

Өткөн күздө Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын жарандары чатакташып, ок атышуу болгону кабарланган. Ошол учурда бул маселе боюнча эки тараптын диаспора өкүлдөрү жолугушуп, жат жерде тынч, достукта жана ынтымакта жашоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн эле.

Питерде көп жылдардан бери жашап келе жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлү Өктөм Мамаева 16-февралдын түнүндөгү карасуулук кыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу да эки тараптуу сүйлөшүүлөр болоорун “Азаттыкка” билдирди:

- Күзүндө да эки элдин диаспоралары жолугуп сүйлөшкөнбүз. Азыркы учурда да бул жердеги кыргызстандык диаспоралардын мүчөлөрү өзбек диаспорасынын жетекчилери менен жолугуп, ынтымакта жашоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнү чечип атабыз.

Жаңы жылдан бери эле жети мигрант ажал тапты

Санкт-Петербург шаарында иштеген кыргызстандык мигранттардын расмий саны үч миң, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, 25 миңдин айланасында. Алардын көпчүлүгү орус жарандыгын алышкан.

Өктөм Мамаеванын айтымында, Борбор Азиядан барган мигранттарга диаспоралардын тили өтүшү да кыйын:

- Ачыгын айтуу керек, мигранттар азыр диаспоралар менен деле иши жок болуп калды. Тааныш-туугандары аркылуу келишет, жумуш, жашай турган жердин баарын ошолор аркылуу эптеп таап, иштеп-жашап жүрүшөт. Бизге болсо качан гана документи жоголсо, же бир жакын тууганы, же таанышы жамандыкка кабылса гана кайрылышат. Жолугушууларды өткөрүп, таанышууга да көбүнчө иштен бошобой келишпейт.

Москвадагы жана Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспоралары бул окуяларды улут аралык кастыкка байлоого негиз жоктугун билдиришүүдө. Алардын бекемдөөсү боюнча акыркы эки жарандын өлүмүнө тең кадимки эле турмуштук чыр-чатак себеп болуусу ыктымал.

Жаңы жылдан берки кыска убакытта Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жети мигрант түрдүү себептер менен набыт болгон. Алардын ичинен бирөө - 37 жаштагы Айбек Кемелов 8-февраль күнү Москва облусундагы Мытищи шаарында поезд астында калып, каза тапканы кырсык катары катталды.

Калган учурлардын баарында набыт кеткендер киши колдуу болушканы кабарланууда. Орусиядагы элчиликтин маалыматы боюнча, азыр алардын өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөр жергиликтүү күч органдары менен чогуу жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 550 миңдин айланасында. Ал эми такталбаган маалыматтарда миллиондон ашуун экени айтылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG