Комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, элчилерди дайындоодо депутаттардын макулдугу болсун деген сунуштар да айтылганын кошумчалады.
- Сиздердин комитет элчиликтердин ишмердүүлүгүн жабык талкуулады. “Азаттыктын” угарман, окурмандары кайрылып, эмнеге жабык өттү деп суроо узатып жатышты эле. Түшүндүрө кетсеңиз?
- Жыйында элчиликтердин ишине нааразылыктар тууралуу сөз болуп, "эки тараптуу кызматташтыктарды жабык айтып берет элем" деген министрдин суранычы менен жыйынды жабык өткөрдүк.
Негизгиси, элчиликтерде болуп кеткен терс көрүнүштөр, сыртта жүргөн жарандардан нааразычылык каттар, кайрылуулар келди эле деп жылдын экинчи жарымында элчиликтердин кылган иштери боюнча комитет жыйын өткөрүп туралы деп пландаштырдык.
Министрден жашыруун эмес, так, аты-жөнү көрсөтүлгөн кайрылууларды карап берсеңиздер деген сураныч болду. Анткени көп кайрылуулар жашыруун келип атат, аты-жөнү жазылгандарды текшере келгенде андай адам жок болуп чыгып атат. Ушул багытта жылдын экинчи жарымына чейин диаспоралардан да маалымат алалы деген сунуштар айтылды. Элчилер жана консулдар комитет жыйынында маалымат беришет.
Жаңы Конституция боюнча парламент элчилерди жумуштан алуу укугуна ээ эмес. Мыйзам боюнча аларды өкмөт сунуштайт, президент бекитет. Бирок ошол эле учурда макулдашуу менен жумушка коюлсун, тажрыйбасы бар кадрлар келсин деген сунуштар айтылды. Министр деле мындай сунуштарды негизинен колдоду.
- Буга чейин берген маегиңизде сиздерге да толгон-токой арыз-каттар бар экенин билдирген элеңиз. Ошолор тууралуу сөз болдубу?
- Ооба, ошолор боюнча да сөз болду. Акча сурашат, Москвадагы элчилик боюнча кыргызча билбейт, орусча сүйлөшөт деген суроолор болгон. Ошолор да сүйлөшүлдү, министрге ушуларды карап маалымат бергиле дедик. Негизи чет жакта жүргөн жарандар элчиликтер тарабынан орой мамиле болсо, ашыкча акча сураган фактылар болсо бизге да берсе ошого жараша иш кылат элек.
- Дипломаттардын жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтан алынды деген маалыматтар айтылдыбы? Арыздар көп болгон менен ушундай жүйөдө кызматынан алынгандар жок болсо керек?
- Бул маалымат каралган жок, айтылган да жок. Андай маалыматтарды сөзсүз түрдө элчилерден маалымат алынганда каралат, бул маселеге өзгөчө маани беребиз.
Мындан сырткары чет элдеги диаспоралардан да маалымат алалы деп жатабыз. Аларга кат жөнөтөбүз. Июнь айынын соңунда Казакстандагы, Орусиядагы кыргыз мигранттар көбүрөөк байырлаган шаарларды кыдырып, алар менен жолугуп келсекпи деп пландап жатабыз.