Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Орозбаев: Мигранттардын эсебинен акча жасоого жол бербейм


Турдалы Орозбаев "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында.
Турдалы Орозбаев "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Турдалы Орозбаев мигранттар тарабынан консулдуктун дарегине айтылган сын-пикирлерге башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ичинен биринчи болуп жооп берди.


Одоно мамиле кылгандар оожалбайт

- Турдалы мырза, “Азаттык” радиосунун интернет баракчасына чет өлкөлөрдө иштешкен кыргызстандык эмгек мигранттарынан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дарегине көптөгөн арыз-даттануулар келип жатат. Анын ичинде сиздердин консулдуктун кызматкерлеринин иш менен баргандарга одоно мамилеси тууралуу да жазылган. Буга эмне дейсиз?

- Албетте иш болгон жерде кемчилдик болбой койбойт. Биз сынды түз кабыл алабыз. Себеби шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт дегендей кээ бир жерлерде, айрым кызматкерлер туура эмес иш жүргүзүп жатышы мүмкүн. Анткени алардын баарын жанында көзөмөлдөп тура албайсың. Ошондуктан мага бул багытта иш алып барганга маалымат каражаттары, анын ичинде сиздердин сайттын көмөгү тийип жатат. Мен өзүмдүн кызматкерлеримден ошол жакка барып кыйналып иштеп жүрүшкөн жердештерибиз башкы консулдуктун короосуна киргенден баштап, алар Кыргызстанга келгендей, өзүнүн үйүнө киргендей кылып жайдары тосуп алгыла деп дайыма талап кылам. Бирок ага карабастан бирин-серин копол мамиле кылгандар болушу мүмкүн. Анткени ар бир адамдын өзүнүн мүнөзү анан ошол учурдагы шарт жагдай болот эмеспи. Ошондой туура эмес мамиле кылгандар болсо биздин жарандарды мен өзүм кыйшайуусуз кабыл алам.

- Ошол эле учурда мигранттардан чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери өздөрү иштеп жатышкан мекемелерди киреше табуунун булагына айландырышып, өзүнчө эле “ишкер борбору” кылып алышкандыгын сүрөттөп жазган каттар бар. Айрыкча кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын каалагандай коюп алышып, анысы аз келгенсип ишти тез бүтүрүп берүү үчүн кошумча акча талап кылышат деген дооматтар арбын. Буга канчалык негиз бар?

- Бул кызмат көрсөтүүлөр боюнча өкмөттүн бекитилген тарифи бар. Бул боюнча маалымат ачык илинип турат. Ошонун негизинде гана кызмат көрсөтүүлөргө акы алынат. Анын акчасын дагы банк терминалы аркылуу төлөп келишип, бизге квитанциясын гана көрсөтүшөт. Кайсыл документти даярдаса канча төлөнө тургандыгы даана жазылган. Мисалы РФнын жарандыгын алыш үчүн биздин жарандар ошол жерде туруктуу жашайт деген маалымдама алыш үчүн бизден үч документ даярдалып берилет. Анын баасы бекитилген тариф боюнча чындыгында эле 4 280 рублди түзөт. Бул жерде акча өөнөп калып жатышат дегенге мен караманча ишенбейм.

- Кечиресиз, мына ошол Россиядан биздин сайтка Эркинбек деген окурманыбыз “паспортторун жоготуп алышкан же документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен жердештерибиз Кыргызстанга кетүү үчүн он күндүк мөөнөткө чектелген күбөлөндүрүүчү кагазды жаздырып алыш үчүн эле 2140 рубль төлөтүшөт. Бул каяктан алынган сумма. Буга кошумча документти тезирээк бүтүрүп берүү үчүн консулдуктун өкүлдөрү бизден кошумча дагы акча талап кылышат. Айлар жок берүүгө мажбурбуз” деп жазган экен. Сиз жетектеген мекемеде ушундай коррупциялык иш-аракеттердин жүрүп жаткандыгы боюнча кабарыңыз барбы?

- Эгерде ошол Эркинбек деген инибиз ким ошол тарифте көрсөтүлгөндөн ашыкча акчаны сурап, талап кылган болсо, арызын жазып мага келсин. Маалымат такталып кала турган болсо ал кызматкерге сөзсүз катуу чара колдонулат. Анан дагы эске сала турган жагдай, жанагы мекенине кайтууну күбөлөндүрүү боюнча документти даярдоодо жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ыкчамдаштырылган тартифтер өкмөттөн бекитилген. Анда көрсөтүлгөндөн ашыкча акча алууга эч кимдин акысы жок. Бул эми бурмаланган же туура эмес маалымат болушу да мүмкүн.

Шылуундар шыпырылабы?

- Ошол эле учурда Новосибирски шаарынан Мирлан аттуу окурманыбыз “чет өкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктардын үстүнөн катуу текшерүү жүргүзүү зарыл. Себеби документ бүтүрөйүн деп барсаң ойго келип, акылга сыйбаган акыны уялбай эле сурап калышкан. Жазган акысына өзүнчө, кагазына өзүнчө жана мөөрдүн сыясына деп өзүнчө. Эптеп эле бир нерсеге шылтоолоп акча алышканга ынтызар. Алар көрүп олтуруп өзүң уялып кетесиң ” деп жазган экен. Турдали мырза, деги эле консулдуктун кызматкерлеринин тазалыгын камсыз кылуу үчүн кандай чаралар көрүлгөн?

- Консулдукта ушундай көрүнүштөр болуп калса, одоно мамиле боло турган болсо, ашыкча акча талап кылышса, биздин жердештер менин уюлдук телефонума түз чалышса болот. Телефонум күнү-түнү өчпөйт. Менин номерим +79122319623. Мен андай терс көрүнүштөргө чыдай албайм. Кыргызстанда мени бардыгы эле билишет. Ишкер катары дагы коомчулукка таанылгамын. СССР таркагандан кийин ишкердикке аралашып, кудайга шүгүр оокатым бар. Ошондуктан мен ал жакка барышып, кыйналып иштеп жатышкан кыргыздарыбыздан жасаган кызматыбыз үчүн үмүт этип, ошондон бир тыйын жасаганга өзүм аракет кылган болсом Кудайдын алдында да, мамлекеттин алдында да, элдин алдында да жооп берем. Мына ошондуктан мен өзүм мындай жаман адаттан алыс адам катары кыйналып иштеп жүргөн боордошторумдун эсебинен акча жасагысы келген кызматкерлер мени менен иштеше алышпайт деп айта алам.

- Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу Россиянын кайсыл аймактарында ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүктү камсыздайт жана ал жактардагы кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргоого канчалык деңгээлде жетише аласыздар?

- Биздин консулдук РФнын Урал жана Сибирь округдарын тейлейбиз. Ал деген сөз Уралда алты субъект жана Сибирде он алты субъект дегенди түшүндүрөт. Бардыгы болуп 22 субъекте иш алып барабыз. Россияга барып эмгектенип жатышкан мигранттарыбыз аябай көп. Жылдан-жылга көбөйүп жатат. Биздин негизги милдеттерибиз жарандарыбыздын укугун коргоо, жоголгон документтерин калыбына келтирүү, жактоочулардын ишин аткаруу менен түрмөлөргө киребиз, сотторго катышабыз. Каза таап калгандарды моргдорго кирип издеп таап, мекенине жөнөтүүгө көмөктөшөбүз. Бизде мына ошол иштерди жүргүзүүгө дипломаттык кызматтардан беш киши иштейт. Үчөө Екатеринбургда, экөө Новосибирскиде. Бул эрте мененки саат тогуздан кечки саат тогузга чейин иштеген учурлары болот. Кээде бир кокустук катталса түнү менен иштейбиз.

- Аткарыла турган жумуштун көлөмү көп болгондугуна карабастан, кызматкерлердин санынын аздыгын айтып жатасыз. Штаттык бирдиктерди көбөйтүү боюнча өкмөттүн алдына маселе койгон эмессиздерби?

- Мигранттар жылдан жылга көбөйгөңдүгүнө байланыштуу биз беш киши чындыгында жетише албай жатабыз. Бирок ага карабастан мурдагы өкмөттүн учурунда элчиликтер менен консулдуктардагы кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча маселе коюшкан эле. Биз анда каршы болуп, кайра тескерисинче көбөйтүү зарылдыгын айтканбыз. Бирок албетте бюджеттин абалын азыр көрүп турабыз. Бирок ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен көбөйтсө болот. Мисал үчүн жумуш көлөмү аз башка чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктарда деле беш адам иштейт. Мына ошолорду кыскартуу менен биздикин бир азга көбөйтүп беришсе болот эле.

XS
SM
MD
LG