Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Жалилов: Маңзат каргаша гана апкелүүдө


Кыргызстандагы маңзат ташуу маселесинин күңгөй-тескейи тууралуу талдоочу Имамберди Жалилов ой бөлүштү.

- Кыргызстанда маңзаттарга каршы күрөшө турган бир нече мамлекеттик орган бар. Буга карабастан эмне үчүн маңзат ташуулардын саны азайбай келет?

- Бул өтө олуттуу, жүйөлүү маселе. Өлүп көрүптүрмүнбү дегендей, ааламдашуунун бир белгисин маңзат ташуудан байкасак болот. 1979-жылы Советтер Союзу Ооганстанга басып киргенден кийин маңзат маселеси өзүнчө көйгөйгө, бүгүн болсо чыныгы трагедияга айланып жатат. Анткени аралашуудан улам маңзат эмне экенине маани бере баштадык.

Кылымдар бою, миңдеген жылдар бою биздин жерлерде апийим өстүрүп келишкен. Табыптар адамдарга берип, ачык эле жүрүшкөн. Адамдар түшүнүү менен мамиле жасашкан.

Кийинчерээк бул тармак коммерциялык ыкка өтүп, өлкөдөгү түзүмдөр бузулуп, талкаланып, маңзат ташуу кандайдыр бир топтун кызыкчылыктарын көздөп калды. Натыйжада бул эл аралык маселеге айланды.

- Топ демекчи, мисалы, Баткенде баланча аке баланча маңзат алып өтүптүр, түкүнчөсү кармалыптыр деген кептер ачык эле айтылары белгиленип келет. Маңзат ташууга аттуу-баштуу адамдардын, тартип коргоо органдарынын катышуусун кантип токтотууга болот?

- Чындыгын айтуу керек, буларды токтотуу өтө оор. Анткени маңзаттарды көзөмөлгө алган чиновниктер кимдер? Булар биздин коомдун мүчөлөрү. Бүгүнкү күндө коом моралдык жактан адам ыйлай турган абалга кептелип жатат. Көкүрөк-көөдөндүн көрлүгү, аң-сезимибиздин төмөндүгү жана көрпендечилик биздин мамлекеттин алдындагы атуулдук парзыбызды аткарууга тоскоол болууда.

- Балким андай чиновниктерге катаал жаза, тыкыр иликтөө жетишпей жаткандыр..?

- Иликтөөлөр бизде жүрүп жатат. Атүгүл ашыкча иликтөөлөр бар. Эл аралык уюмдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жардамы менен көп иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бизде кадрлар да жетиштүү. Азыр ийнине жылдыз таккан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Советтер Союзуна салыштырмалуу үч-төрт эсе көп.

Маселенин баары кызматкерлердин кесипкөйлүгүндө, ошол көйгөйгө болгон мамилебизде жатат. Бүгүн маңзат менен алектенген чиновниктер пенде эмес, жараткан Кудайдан да коркпой калган деңгээлге жеткен. Анткени түрмөгө түшсө деле бир аз акча менен бошонуп кетүүгө болоорун коом тажрыйба жүзүндө көрсөтүп жатат.

- Маңзат менен шугулдангандар өлкөдөгү олку-солку саясий абалды өз кызыкчылыктарына пайдаланып келет деген сөз бар. Мындай пикир канчалык жүйөлүү?

- Бул туура сөз. Олку-солкулуктар эмнеден чыгат? Биринчиден, социалдык маселелердин түйүнү чечилбегендиктен чыгат. Ал эми маңзат менен шугулдангандардын баары экономикалык жактан бир топ белдүү, кубаттуу инсандар.

Алар социалдык маселелерди чечимиш болуп, кандайдыр бир маселелерге кол кабыш кылган болуп, белгилүү деңгээлдеги эл катмарын өз тарабына өткөрүп алышат. Алар аркылуу керектүү учурда саясий акцияларды өткөрүп, өзүн сактап калуу аракети көрүлүп жатат.

- Ооганстандагы апийим өстүргөн карапайым элге жан багуунун алтернативдүү кандай жолдорун сунуш кылууга болот?

- Мындай практика болуп өткөн. Мурда Бириккен улуттар уюму апийимдин ордуна дан эгиндерин айдоо боюнча программасын ишке ашырган. Кандай кылышкан? Булар апийимдин ордуна буудай, дан эгиндерин эгишти. БУУ апийимден алуучу акчаларды элге берди. Бирок эл акча түгөнгөндөн кийин ошол замат апийим өстүрүүгө киришти.

XS
SM
MD
LG