Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Өнөрү өтүмдүү өтүкчү Дилбара


Дилбара Дүйшеева.
Дилбара Дүйшеева.

Дилбара Дүйшеева Нарын шаарында өтүкчү болуп иштеп жатканына беш жыл болду. Ал "өтүкчүлүк - эркектин иши" деген түшүнүктү эле өзгөртпөстөн, чебердиги менен кардарлардын алкышын алып, үй-бүлөсүн да багып атат.

Өтүкчү Дилбара Дүйшеевага бут кийимин оңдоткону келгендердин аягы үзүлбөйт. Айлана-тегерегиндегилер гана эмес, Нарын шаарынын алысыраак аймактарынан издеп келгендер да бир топ. Алардын бири - Нарын шаарынын туругуну Умсунай Абдыкадырова.

- Дилбараны биз мурунтан эле тааныйбыз. Ишин жакшы аткарат. Буга чейин ашпозчу болуп, жакшы тамактары менен таанылды эле, эми минтип өтүкчүлүк кесипти үйрөнүп алып, элдин алкышын алып отурат. Атайын издеп келебиз. Жакшы тигип берет.

Ошентип Дилбара "өтүкчү эркек киши гана болот" деген көз карашты өзү жашап, иштеген аймакта өзгөрттү. Ал беш жылдан бери өтүкчүлүк ишти аркалап, анын акыбетин көрүп келатат. Ал бардык башка өтүкчүлөрдөй эле түркүн түстүү бут кийимдерди оңдоп-түзөйт, жамайт, тигет.

- Бир бут кийимди жыйырма мүнөттө тигип бүтөм. Ар кандай болот. Айрымдарынын такалары катуу болот. Ошого жараша баасы да өсө берет. Эки бут кийимди айлантып тигип чыкканым 150 сом болот. Буйрутманы саат экиде алып, "үчтө кел" десем, ошого чейин тигип бүтүшүм керек, биздин жумуш ушундай экен да. Жоопкерчиликтүү болушубуз керек. Кардар бизге бир эле жолу келбеши керек, зарыл болгон учурда кайра мени издеп келсе, ошол менин ишимдин жыйынтыгы болот.

Жашы элүүгө чамалап калган Дилбаранын биринчи кесиби ашпозчу болчу, анан соодагер болду. Кийинчерээк күйөөсүнөн өтүкчүлүктү үйрөнүп алып, анан ошол кесипке ооп кеткен:

- Жолдошум кесипчилик лицейден өтүкчүлүктү окуган. Кадимкидей диплому бар, "өтүкчү" деген. Бирок ар кандай табыла калчу жумуштарды иштеп жүрдү. Мен базарда кийим сатып жүрдүм. Андан кийин эле "өтүкчүлүк кирешелүү жумуш экен, күркө ачпайлыбы" деп калды. Макул болуп, кичинеден керектүү оокаттарды чогултуп отуруп, ачып алдык. Анан мен жолдошуман өтүкчүлүктү үйрөнүп алдым. Азыр ал эс алганда мен иштейм, мен эс алганда ал иштейт. Эми мамлекеттин күйүп аткан жумушунда иштеп жатпагандан кийин ушул жумушту аркалап жүрөбүз.

Дилбарага өтүкчүлүк кесип жагат. Каралбаган кара боюна, чор баскан колдоруна деле маани бербейт. Ага караганда карыз сураган намысына тиет, бала-чаканы багуу, жашоо үчүн күрөшүүнү башкы максаты деп билет:

- "Карызга акча берип турчу" дегенден намыстаныш керек. Өз жашоомду өзүм жөндөп жатам. Бул мен үчүн жеңил. Базарда отургандардын жыргап кеткенин көргөн жокмун. Ал жерден соодаң болобу же жокпу, билбейсиң. Насыядан насыя алып жашайсың. Бул жерде иштегенден бери карызым жок, кирешени ушул жерден табам.

Дилбара өтүкчүлүк жумуштун ден соолукка зыянын жакшы түшүнөт:

- Ден соолугумду караш үчүн күчтүү тамак ичкенге аракет кылам. Сүт, айран ичип турам. Алты ай сайын ооруканага көрүнүп, дарыланып турам, Кудайга шүгүр. Ден соолугум жакшы. Болбосо өтүкчүлүк иштин зыяны көп да.

Дилбаранын үч уулу бар. Экөө студент, кичүүсү мектепте окуйт. Алар да өтүкчүлүктү өз алдынча өздөштүрүшүп, ара-чолодо келе калып бир аз пайда таап алышат. Бара-бара апасын ушул жумуштан оолактатсак деген ойлору бар. Алар апасы Дилбардан айырмаланып, өтүкчүлүк жумушту оор деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG