Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Bonjour, Нарын!


Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында француз тилин үйрөнүп жатышат. Атайын үч апталык жайкы лагерде ондогон бала билим алышты.

Жайкы аптапта эс алуунун ордуна айрым кочкорлук өспүрүмдөр акысыз француз тилин үйрөнүүнү артык көрүшкөн экен.

Кызыл-Дөбө жана коңшу айылдардан жайкы лагерге келген балдардын французча кубулжута ырдаганын угуп, үч апта ичинде бул тилди өздөштүрүп алганына таң бересиң.

Мурда англис тилине кызыккан, эми французча үйрөнүп жаткан Ширин менен баарлаша кеттик:

- Кийин француз тил курсу ачылды, мага француз тили кызыктуу болду. Аябай оңой сыяктуу көрүндү, окудум. Азыр жакшы.

Мурда француз тилинде китептер жок болчу, аз болчу. Француз тили окутулчу деле эмес. Курс ачылгандан тарта окуп атабыз.


Француз тил жайкы лагеринин улуу тайпасында 15, кенже тайпасында 15 окуучу тил үйрөнүүдө.

Улуу тайпада окуган Аскар үч аптада өткөн кызыктуу күндөрдөн эстей кетти:

- Булар Пасха майрамын жакшы тосушат экен. Бир күн кечке көчө бою жумурткаларды издеп жакшы майрамдадык. Көптөгөн кызыктуу оюндар, маектерди уюштуруп жатышты. Аябай кызыктуу болду. Франция элчилигине, Борбор Азия университетине жана Франциядан келген ыктыярчыларга чоң рахмат айтам.

Лагерге Франциядан эки ыктыярчы чакырылган. Алардын бири Урзула:

- Француз тили боюнча эки мугалим болгону менен кыргыз, орус тилдерин билбегендиктен бир аз кыйналдым. Бирок кенже тайпадагы балдардын француз тилин үйрөнүүдөгү ынтызарлыгын көрүп абдан сүйүндүм.

Лагердин ишин жыйынтыктоо аземине ата-энелер да келген. Алардын бири Эркин айым:

- Бүгүн биз аябай жакшы кечеге күбө болуп атабыз. Балдарбыз 15 күндүн ичинде француз тилин үйрөнүп, 15 күндө эле сертификат алып, толкунданып жатышат окшойт. Ушунубуз өзүбүзгө кут болсун. Ушунун баары кимдин эмгеги? Буларды уюштуруп аткан Субан менен Ардактын эмгеги. Жигердүү иштеп, тиешелүү жерлерге барбаса эч ким билмек эмес да.

Кызыл-Дөбө мектебинин француз тил мугалими Субан Басылов француздар менен аралашып, тажрыйбага марыганын айтууда:

- Кыйынчылыктар сөзсүз болбой койбойт. Франциядан алып келген материалдар менен биздин материалдардын ортосунда көптөгөн айырма бар экен. Айрыкча методикасында көп айырма бар. Франциядан келген мугалимдерден көп нерсени үйрөндүм, менден да үйрөнүштү.

Борбор Азия университетинин алдындагы профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин кыска мөөнөттөгү долбоорлордун координатору Азамат Усупбеков жайкы француз тил лагери максатына жетти деген ойдо:

- 2011-жылдын башында Кызыл-Дөбө айылында француз тили боюнча ресурстук борбор ачылып, анын базасында француз тилин өнүктүрүү программасы иштеп жатат.

Бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биздин башкы максатыбыз – балдардын француз тили боюнча билим деңгээлин жогорулатуу болчу. Менимче, бул лагердин жыйынтыгында балдар билим деңгээлин дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.


Айтор, элеттик балдар кыргыз, орус, англис тилдеринде жарыша француз тилин өздөштүрүүдө. Ким билет, арасынан бирин-экини Парижге барып калгысы бардыр.
XS
SM
MD
LG