Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Кайдыгерликтен секелек жабыркады


Нарын облусунда сегиз жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам камакка алынды.

Белгилүү себептерге байланыштуу ысымы өзгөртүлгөн Эрке аттуу сегиз жаштагы кыздын ата-энеси ажырашып кетип, чоң энесинин колунда калган. Атасынын биринчи топтогу майып иниси алар менен чогуу жашачу экен.

Эркенин бир жылдан бери зордукталып келгени чоң энеси үчүн да оор сокку болду. Ал уулу шал оорулуу болгондуктан мындай ишке барат деп ойлобогонун айтууда. Бирок небересинин бир нече жолу айтканына маани бербегенине эми өкүнүп отурат.

- Былтыр октябрдын этегинде кызым айтканда ишенген эмесмин. Бирок “андай кылба” деп баламды талмасы кармаганча сабагам. Балам тубаса шал оорулуу, бир ыптасы жакшы кыймылдабайт. Кайсы учурда мындай ишке барганын билбейм. Бул баламды үйлөнтөлү деп ойлоп, бирок оорусунан улам аял алып бербейбиз деп чечкен элек. Анын эркектик кубаты бар экенин ким билиптир. Неберемди жалгыз калтырбай, жанымда алып жүрчүмүн. Ата-энеси болсо ажырашып, жакшы жашабай жүрөт. Алар да бул окуяны жакында эле угуп, “болор иш болуптур” деп жатышат.

Эрке окуяны кийинчерээк өзү окуган мектептин директору Гүлмира Бектемишовага айтып берген.

- Бул кыздын үй-бүлөсү социалдык жактан жардамга муктаж. Биз такай ага жардам берип, кыз мектептин көзөмөлүндө болчу. Өзү сабакты жакшы окуйт, тың. Кийинки күндөрү ушундай жүдөө абалга келип калды. Алгач мага айтып берди. Анан жергиликтүү милиция кызматкерлерине кайрылып, кылмыштын бетин ачтык, - деди Бектемишова.

Бул үй-бүлөнүн Ырыс аттуу кошунасы майып жигит акыркы күндөрү карындашын эле кайтарып калганын байкаган экен:

- Бул ишти укканда жакабызды кармап, төбө чачыбыз тик турду. Негизи акыркы күндөрү Баатырбек Эркени эле кайтарып калган. Сабагына чейин барып, урушуп, үйгө кир деп кубалаганын көрүп жүрчүмүн. Оорукчан бала мындайга барат деп ким ишениптир.

Секелек кыз учурда Нарындагы реабилитациялык борбордо. Аны зордуктады деп шектелген адам болсо Нарындагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда. "Азыр кылмыш иши такталып, тергөө жүрүүдө", - деди Нарын ОИИБ басма сөз катчысы Медина Султанказиева.

- 19-январда Ак-Талаа райондук ИИБи тарабынан “Камкордук" аттуу операциясынын негизинде ушул кылмыштын бети ачылып жатат. Азыр зордукталган алгачкы белгилери такталып, экспертизага кетти. Жообу келсе, тергөө иштери башталат.

Нарындагы үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча адис Кылыч Мамбеталиев акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук күчөп баратканын айтты. Ал мындай кылмыштар үчүн жогорку жаза киргизүүнү сунуштады:

- Негизи зордук-зомбулук тышкы миграциянын күч алышы менен ата-эненин балдарына кайдыгер мамиле жасаганынан улам көбөйүүдө. Буларга мамлекет өлүм жазасын бериши керек жана ата-эненин балдарына карата жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

Нарында акыркы эки жылда жашы жете элек балдарга күч колдонгон үч факты болгон. Соңку учурда өлкөдө балдарга зомбулук жасаган, секелектерди зордуктаган учурлар көп катталууда. Мындан улам Оштогу “Кыргыз журтум” коомдук фондунун мүчөлөрү балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүгө кол топтой баштаганын билдирген. Ушул күндөрү кыргыз өкмөтү ЮНИФЕМ менен биргеликте балдарга карата зомбулукка каршы маалыматтык кампаниясын баштады.

XS
SM
MD
LG