Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Бийликтин жаңы командасы кантип түзүлөт?


Укук коргоочулар кеңеши бийликке кайрылып, өкмөт жана президенттик команданы революцияга, шайлоого салым кошконуна, тууганчылыгына карабай, адистигине жана тажрыйбасына карап түзүүгө чакырууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков менен саясат талдоочу Санжар Тажыматов катышты.





“Азаттык”: Чыныбай мырза, сиз мүчө болгон партиянын лидери жакынкы шайлоодо жеңишке жетишти. Андыктан жаңы президенттик, өкмөттүк команда түзүү боюнча сизде көбүрөөк маалымат болсо керек. Мына ушул командалар кандайча түзүлөт? Кандай максаттар бар?


Турсунбеков: Биринчи кезекте жаңы коалиция түзүү максатын алдыга койдук. Бул демек бизди президенттик шайлоодо колдогонуна карабастан, “Республика” фракциясы, же “Ата Журт” фракциясы менен чогуу калуу деген эмес, бул биринчи кезекте – жаңы, келечекке умтулган реформаларга макулдугун бере турган күчтөрдүн коалициясы түзүлөт дегим келет.
Борбордук бийлик коалициянын ичиндеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде, ал эми жергиликтүү бийликтерди шайлоо жолу менен тандасак жакшы болот.

Ошон үчүн биз бүгүнкү күндө өкмөт башчысын жумшак рейтинг жолу менен шайлоо сунушун чыгардык, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин түзүмдөрүн жана комитеттердин санын кыскартуу сунуштарын киргизип жатабыз. Мунун баары тең биринчи кезекте бүгүнкү күнү эл күтүп жаткан кадамдарга баруу керектигин көрсөтүп турат.

“Азаттык”: Cанжар мырза, ыңкылапка катышып, бийликти алмаштырууга салым кошкондор, шайлоодо партиялашынын, санаалашынын, жердешинин, классташынын ж.б. жеңишке жетиши үчүн жан үрөп иштегендер мамлекеттик кызматка келүүгө түздөн-түз укугу барбы?

Тажыматов: Тигил же бул жасаган иш-аракети үчүн бийлик талап кылган туура эмес, бул жарандык маданиятка жатпайт. Жыйырма жылдык эгемен тарыхыбызда ошондой эле болуп келген: ким элге эмес, бийликке көбүрөөк эмгек кылса, ошолор мамлекеттик кызматтарга иштеп келишкен.


Бүгүнкү күнү бийликтин башына келген адамдар жаңы чечим кабыл алышат, себеби кандай команда түзүлөрүнөн көп нерсе көз каранды. Президент деген жалгыз адам эмес, ал команда. Өкмөт да дал ошондой эле. Алар канчалык эффективдүү иштейт, бул ошолордун командасына түздөн-түз тийиштүү.

“Азаттык”: Жаңы коалиция келсе, бийликтин борбордук органдарынан тарта айыл өкмөттөрүнө чейин бөлүшүшү керекпи, же жер-жерлерде бийлик башчыларын жергиликтүү калк шайлоо жолу менен тандашы керекпи?

Тажыматов: Белгилеп кетүү керек, өткөн жылы шайлоо болду, анда беш партия утуп чыкты. Алар белгилүү бир биримдикке келип, бир программа менен иштеп атышат. Бийликке келүү үчүн белгилүү бир идеянын алдына бириккен партиялар, адамдар, ошол идеяга өзүн арнаган адамдар бийликке келиши керек.
Тигил же бул жасаган иш-аракети үчүн бийлик талап кылган туура эмес, бул жарандык маданиятка жатпайт.

“Азаттык”: Өткөн жылы июнь коогалаңында азыр жеңишке жетишип отурган партиялар басып келген эмес, ал эми ошондо эл менен болгондор көчөдө кала беришеби деп айрым угармандар суроо узатууда. Мүмкүн борбордук бийлик органдарын болбосо да райондук, айылдык бийлик ээлери шайлоо жолу менен келсе, элде да мындай нааразылык болмок эмес?


Тажыматов: Менимче борбордук бийлик коалициянын ичиндеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде, ал эми жергиликтүү бийликтерди шайлоо жолу менен тандасак жакшы болот. Эгер Ак үй жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып алса, туура болбой калат. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү керек.

Турсунбеков: Ошондой эле болот го. Эл менен кеңешип турушу керек, албетте. Азырынча президентке канча кеңешчи берилери мыйзамда жазылган, ошого жараша алат болуш керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG