Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Апрель каармандары: жан кыйнаган жараат


Ак үйдүн алдындагы кандуу булоон. Бишкек, 7-апрель, 2010.
Ак үйдүн алдындагы кандуу булоон. Бишкек, 7-апрель, 2010.

Апрель окуяларында ок жаңылгандардын басымдуу бөлүгү алигиче ооруканадан башы чыкпай келет.

Жарадар болгондор маал-маалы менен дарыланып, айрымдары айлап ооруканага жатууга аргасыз. Апрель окуясынын айрым жабырлануучулары майып абалында да көртирликке башы малынып келатат.

Көртирлик амалы

Орто жашап калган Туратбек Мамбетов 7-апрелде оң бутуна ок тийип, ал буту дээрлик иштебей калса да таксист болуп иштеп келет. Жөө жүргөндө таяк таянып, сылтып басканы менен машинесин дени сак адамдан кем калышпай айдайт. Башкалардан айырмаланып, машинанын газын оң буту менен эмес, газга байланган жарым метрдей таякча аркылуу колу менен басат.

Туратбек Мамбетов
Туратбек Мамбетов
- Бул таякты байлап алып, такси айдап, оокат кылам. Өкмөткө деле рахмат. Акча берет. Бирок беш-алты миң сом шаарда акча эмес экен да. Такси айдап, күнүнө беш жүз сомдой табам. Айла жок көнөт экенсиң. Биринчи коркуп, түз жерлерде таксиге чыгып жаттым. Таякты газга зым менен эле байлап койдум.

Туратбек Мамбетов ошентип майып болгонуна карабастан такси айдап үй-бүлөсүн багат. Бирок апрель окуяларында ок жегендердин басымдуу бөлүгү алигиче жарааты менен күрөшүп келет.

Ысык-Көлдүн Түп районунун 21 жаштагы тургуну Максат Чегирткеев кандуу окуяларда ичине ок тийгенден бери беш жолу операция болду. Октун кесепетинен ичегисинде жараат ириңдеп, кеминде салмагынын үчтөн бирин жоготту:

Максат Чегирткеев
Максат Чегирткеев
- 7-апрелде ок Ак үй тараптан тийди. Ичимди аралап, ичеги, ашказанымды тешип кетти. Тез эле ооруканага жеткиришип, операция болуп, жоон ичегини чыгарып, бир ай дарыланып чыктым. Алты айдан кийин келдим. Дагы бир жолу операция болдум. Жоон ичегини кайра кошушту. Дагы бир айдай жатып, дарыланып чыгып, үйгө бардым. 3-январда ичим ооруп, такыр болбой койгондо Түптүн ооруканасына жатып, ал жакта болбой, Бишкекке 9-январда келип түштүм. Дароо операция кылышты. Ичегилерим ириңдеп кетиптир. Октун кесепети дешти. Бир ай ичинде үч жолу операция болдум. Азыркы абалым оор.

Азыр Бишкектеги республикалык клиникада жаткан Максат Чегирткеев Кытайдын Үрүмчү шаарындагы дарыгерлерден шыпа болоор бекен деп үмүт артып турат. Дарылоо бекер болгону менен ата-энеси каражаттан кайышып турганы байкалып жатты.

7-апрелден кийин жарааттын деңгээлине жараша жабырлануучуларга 100 жана 50 миң сомдон жардам көрсөтүлгөн. Мамлекет жаракат алгандарды бекер жана жеңилдетилген түрдө дарылоо кепилдигин берген.

Жабырлануучулардын башын бириктирген “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин өкүлү, апрель окуясында жамбашына ок жаңылган Марипа Алыйкулова:

- Дарылануу бекер болгону менен сапаты начар болуп жатат. Өзүм жер иштеткенди жакшы көргөн адам болчумун. Эки жылдан бери жерге күрөк да сая албай калдым. Оор нерсе көтөрө албай калдым. Бутум уктап турат. Ооруканага бир жылда эки жолу жатам. Андан чыкканда бир азга жакшы болуп калат. Үч-төрт ай өткөндөн кийин бутумдун башы уктайт.
Баянды бул жерден угуңуз.




Алигиче жарааттан каза болгондор бар

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда 1200дөн ашык адам жаракат алып, 87 адам каза болгон. “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун маалыматы боюнча, эки жыл ичинде дагы 14 адам алган жараатынан каза болду.

Буга чейин Ак үйдөн атылган октор тууралуу түрдүү пикирлер айтылып келген. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов октор тууралуу ой бөлүштү:

- Ууланган октор колдонулган деп буга чейин бир эки жолу сөз болгон. Атайын биз билбеген газдар да колдонулган деп айтылган. Бирок андай жок. Ок адамдын денесине киргенден кийин абдан маанилүү органдарды тешип кетет. Ошондой оорулуулар азыр биздин көзөмөлүбүздө болуп жатат. Алар эки-үч жолу операция болушкан. Бирок биздин колубуздан келбегенден кийин чет мамлекетке жөнөткөнгө аракет кылып жатабыз.

Мындан эки жыл мурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, жаракат алгандардын көбү ден соолугу кыйла начарлаганын айтышууда. Алардын көбү ден соолугун алган бул кандуу окуялардан кийин элдин мүдөөсү орундалса деп үмүттөнүп келишет.

Тасмада: Апрель окуясында жараат алган таксист Туратбек Мамбетов

Апрель каарманы: таксист Туратбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

XS
SM
MD
LG