Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Ош: "Ак жүрөк" каржыдан кыйналды


"Ак жүрөк" кризистик борбору
"Ак жүрөк" кризистик борбору

Ош шаарындагы үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткан аялдарга кам көрүп келаткан "Ак жүрөк" кризистик борбору жабылуу алдында турат.

Буга уюмдун өзү камкордукка алган аялдардын тамак-ашын бере албай, имаратынын ижара акысын төлөй албай калганы себеп. Жергиликтүү бийликтер бейөкмөт уюмду каржылоого мыйзам жол бербесин айтууда.

- Биз берген арыздарды донордук уюмдар көп эле учурда канааттандырбайт. Мурда кандай арыз бербейли өтүп кетчү. Акыркы эки жылдан бери тандоого өтүшүп, ал татаалдашып кетти. Акыркы тогуз айдан бери каржылоосуз жашап атабыз, - деди “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова.

"Ак жүрөк" үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарды жана балдарды убактылуу баш калкалатып, айрымдарына адвокаттык жардам берген Оштогу жалгыз кризистик борбор.

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

- Отурган имаратыбыздын ижара акысын төлөй албай калдык. Буга чейин пенсиямдан 2-3 миңден чогултуп, 10 миң сом төлөп бергем. Калган карызыбыз 20 миңден ашып кетти. Ижара акысынан тышкары аялдардын тамак-ашына, кир жуучу каражаттарга акча таба албай айлабыз кетип турат. Жаңы төрөгөн аялдар ачка отурат.

Учурда уюм кыйынчылык айынан жабылып калуу коркунучунда турат. “Ак жүрөккө” кеңсесин ижарага берген кожоюн үч айдан бери күн сайын аласасын доолап келет. Пенсия жашындагы Дарика Асилбекова айласы кеткенде Ош шаардык мэриясына жардам сурап кайрылган.

- Ош шаардык мэриясы бизге “жардам беребиз, бизге керексиңер” деп мактап коюшат. Жардам сурап барган аялдарды бизге жөнөтөт. Жардам бербейбиз дешпейт, күтө тургула деп коюшат. Биз күтүп эле жатабыз.

Ал эми Ош шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Нурбек Кадыров болсо мэриянын бейөкмөт уюмду каржылоосуна мыйзам жол бербесин айтууда:

- Биринчиден, “Ак жүрөк” кризистик борбору биздин баланста эмес, ошондуктан аны түз каржылай албайбыз. Анткени мыйзам жол бербейт. Бирок ошого карабай мен социалдык тармакты тейлеген вице-мэр болгондуктан демөөрчү издеп жатам. Кечээ эле ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолуктум. Аларга ошол кризистик борбордун маселесин айттым. Алар жардам беребиз дешти. Жакында чечилет деген үмүттөбүз.

"Ак жүрөк" кризистик борборунун ачылганына 15 жыл болду. Ошондон бери ага жыл сайын миңдей адам ар түрдүү жардам сурап кайрылат. Алардын ичинен жүзгө жакыны бала-чакасы менен уюмдун жашыруун жайына жаткырылат. Күйөөсүнөн токмок жеп, жаш балдары менен үйдөн куулуп “Ак жүрөккө” келген келиндердин 70% Ош шаарынын тургундары түзөт. Учурда борбордун жашыруун жайында 15 адам баш калкалап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG