Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Жапалакта мүрзөнү талкалаган киши кармалды


Ош: мүрзөнү талкалаган адамга иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Ош: мүрзөнү талкалаган адамга иш козголду

Ош шаарындагы Жапалактын Татар айылында мүрзөдөгү күмбөздөр диний көз караштан улам талкаланган. Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгоду.

Вандализмге шектелип кармалган жаран күмбөздөр маркумдарга жүк болот деген ой менен аларды бузганын айтууда. Айыл тургундары болсо радикал агымдар жаштардын көз карашын бузуп жатат дешет.

Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймагынын Татар айылындагы мүрзөнүн мурунку кароолчусу жана жай казуучусу Жоробек Токобаев азыр эс алууда. Ал иштебей калгандан бери Татар айылынын көрүстөнү көзөмөлсүз калган:

- Бул күмбөз атамдыкы. Муну жыгып салышыптыр. Кечээ инилерим менен келип, бир жагын түздөп коелу деп, көтөрө албай койдук. Бул болсо аялымдыкы. Буларды бир эмес, бир канча киши бузган деп ойлойм. Бир адамдын күчү жетмек эмес. Мен мурда жай казчумун, карып калгандыктан иштебей калгам. Ошондон бери эч ким карабайт.

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Татар айылынын көрүстөнүндөгү эстеликтердин талкаланганын айылда мал кайтарган балдар 26-октябрда байкап, айылга кабарлашкан. Айыл аксакалдары чогулуп келип эстеликтердин кээ бири сынып, айрымдары түбү менен оодарылып жатканын көрүшкөн. Эсептей келгенде мүрзөдөгү 51 эстелик бузулган. Жапалак айыл аймагынын тургуну Каримжан Сатыбалдиев мындай окуя болору эч кимдин оюна келбегенин айтууда:

- Ал жердин дарбазасы ачык эле турчу, эч ким деле кайтарчу эмес. Анан бери жакта курулуш да жүрүп жаткан. Бастырма тургузуп жатканбыз, келгендер жаан-чачында ошо бастырманын астында отуруп куран окушсун дегенбиз. Дарбаза ачык турган маалда балдар кирип ушундай кылышыптыр. Эми көрүстөнгө ким кирип, ким чукумак эле дегенбиз да.

Ош шаардык милициясы вандализмге шектүү катары ушул эле Татар айылынын 28 жаштагы жашоочусун кармашкан. Ага "өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо" деген берене боюнча айып тагылууда. Кылмышка шектүү күмбөздөрдү диний көз караштан улам талкалаганын билдирди:

- Телевизордон көрчүмүн. Анан молдолордон мүрзөгө күмбөз койсо болобу деген суроого мүрзө маркумдарга жүк болот дегенин укчумун. Мен маркумдарды ошол жүктөн арылтам деп ойлогом.

Бурана жана башка тарыхый-маданий эстеликтерге залал келтиргендер

Бурана жана башка тарыхый-маданий эстеликтерге залал келтиргендер

Тарыхый жана маданий эстеликтерге залал келтирүү учурлары Ооганстанда талиптер бийлеген доордо гана жолукпастан, секулярдык Кыргызстанда да учурап жаткандыгы кейитет.

Айыл тургундары болсо мындай ишке айыл жаштарынын диний сабатсыздыгы, радикалдашуусу себеп болду деп болжошууда. Аксакалдардын айтымында, акыркы убактарда кыштакта дааватчылар көбөйгөн. Арасында радикалдуу ислам агымдарынын өкүлдөрү да бар болушу мүмкүн дешет алар.

Айыл тургуну Кеңешбек Сулайманов бул иш кимдир бирөөнүн атайын көрсөтмөсү менен аткарылган деген ойдо:

- Жинди киши кылбайт, мас кылбайт, анан да бул бир эле кишинин колунан келбейт. Жаштардын баары эле динге берилип, ошолордун радикалдашуусу десек да туура эмес. Муну бирөө буйруган. Молдобуз бир күн мурун уккан экен. Ал айтпаптыр. Анан биз имамды күнөөлөп сен имамдык кылбайсың, сени бошоттук дедик.

Татар айылындагы “Ассалам” мечитинин имамы Сабыралы Мадалиев жума намаздарда маркумдарга эстелик тургузуу туура эмес деген сөздөр айтылганын жашырбайт. Ал муну шариятта бар деп түшүндүрдү.

- Эстелик тургузууга шариятта тыюу салынган. Бул тууралуу ар бир жерде, жума намаздарда да айтылып келатат. Биздин ханафий мазхабында эстелик коюлбасын дейт. Бирок коюлган нерсе бирөөнүн мүлкү болуп саналат. Ошондуктан аны талкалоого биздин мазхабда жол берилбейт. Биз аларды барып бузгула деп айткан эмеспиз, эч ким эч качан антип айтпайт.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Учурда вандализмге шектелген жарандын баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып жатат. Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков бул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери зарыл деп эсептейт.

- Биз бул салттуу исламды түшүнбөгөндүктүн кесепети деп ойлойбуз. Бул багытта милиция гана эмес, эл арасында дин ишмерлери да түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Бул киши баласын жоготкон эненин кайгысына кайгы кошту. Атасынан айрылган баланын күйүтүнө күйүт кошту. Маркумдардын жакындарынын жарасын сыйрыганга барабар иш болду деп ойлойбуз.

Жапалак айылында диний активдүүлүк жыл башында айыл дүкөндөрүндөгү спирт ичимдиктерин массалык түрдө талкалап, айылда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салганда да бир байкалган.

Мындан 3-4 жыл мурун Баткен облусунда да мүрзөлөрдү талкалап салган окуялар катталган эле.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылында имамдардын демилгеси менен мүрзөдөгү эстеликтер алынып, андан ары мүрзөгө эстелик орнотууга тыюу салынганы да маалым.

Жапалакта үч машине ичимдик жок кылынды

Ош: үч машине ичимдик жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG