Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Садиевдин өлүмү суроо жаратууда


Жеңиш Садиевдин үйү. Ош. 2-май, 2014-жыл.
Жеңиш Садиевдин үйү. Ош. 2-май, 2014-жыл.

Өз үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атылган Жеңишбек Садиев ооруканада каза болду. Жеке ишкерди 30-апрель күнү көкүрөккө жана колго атып кетишкен эле.

Күч органдары азыр бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтып, Садиев мурда криминалга аралашкандыгы окуяга себеп болушу мүмкүн деп жоромолдошууда. Оштун экс-мэри Мырзакматовдун тууганы саналган Жеңиш Садиевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү өкмөт көзөмөлгө алды.

2-майга караган түнү Ош шаардык ооруканасында көз жумган Жеңишбек Садиевдин сөөгү өзү туулган Жапалактын Арек кыштагында жерге берилди. Аны 30-апрель күнү Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында өз үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле.

Тартип коргоо кызматкерлеринин айтымында, Жеңиш Садиев мурда криминалдык чөйрөгө аралашып, эки жолу соттолуп, кийин амнистияга илинип, бошоп чыккан.

Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, ишкердин өлүмү басып өткөн жолуна же акыркы кезде шугулданган автоунаа бизнесине байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Жеиш Ашырбаев.
Жеиш Ашырбаев.
- Окуя эки жоромол боюнча иликтенүүдө. Биринчиден, бул жаран жаш кезинде криминалдык чөйрөгө аралашкан жайы бар. Тагыраак айтканда, Садиев 1998-жылы маңзат ташууга байланыштуу кармалып, 14 жылга эркинен ажыратылган. 2003-жылы болсо опузалап тартып алуу боюнча 8 жылга соттолгон. Ошол кезде бул атуул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп саналган. Кийин амнистияга туш келип, башка жагдайлардан улам бошонуп чыккан. Акыркы 5-6 жылда жеке ишкердик менен алектенген. Үйүндө күрөөкана ачып, машине алып-саткан. Анын өлүмү бизнес ишмердүүлүгүнө же мурдагы криминалдык аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүн. Ошол себептүү, иш эки багытта тергелүүдө.

Жеңиш Ашырбаев бул окуяга саясий боёк берүү туура эместигин да кошумчалады:

- Айрым бир массалык маалымат каражаттарында маркум Жеңиш Садиев менен Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун апасы жакын тууган болгон, бул Мырзакматовду коркутуу үчүн жасалган иш дегендей такталбаган маалыматтар таркап кетти. Экөөнүн жакын тууганчылыгы жок, болгону апалары жердеш болгон, ошондон улам тага-жээн деп айтылып калчу экен. Бул кандуу окуяны саясатка байлап кереги жок. Анткени Садиев өзү деле жашоосунда тарыхы өтө “чоң” бир окуяларга туш болгон жайы бар.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Окуя болгон жерден 16 калибрлүү мылтык эки патрону менен табылган. Садиевдин үйүндөгү видео байкоодо ок аткан адамдардын сөлөкөтү, алар минип чыгып кеткен автоунаанын маркасы тартылып калган. Милиция азыр ушуга окшош 300дөй машине текшерилгендигин кабарлоодо.

Бирок маркум Садиевдин жакындары ал криминалга аралашкан деген сөздү четке кагууда:

- Бул эми аны каралоонун эле амалы болсо керек. Эгер Жеңиш криминал, рэкет болсо, ушунча эл батага келбейт эле да. Мына тажияга келген элдин санын көргүлө, көчөгө машине батпай атат. Эгер Садиев криминал болсо, милициянын жетекчиси көңүл айтып келбейт эле, Ош шаарынын жаңы мэри батага келбейт эле. Кайсы чоң, кайсы чиновник криминалдын үйүнө батага келчү эле, - деди атын атагысы келбеген Садиевдин тууганы.

Ал окуянын саясатка тиешеси бар-жогу эми билинерин да кыйытты:

Ишкер Жеңиш Сатиев ушул жерден атылган.
Ишкер Жеңиш Сатиев ушул жерден атылган.
- Эгерде күнөөлүү адам табылбаса бул саясий буйрутма болорун эл айтууда. Эгер аны өлтүргөн киши табылып, чындап күнөөлүү экени аныкталса анда кадимки турмуштук чыр-чатак болот. Жеңиш Мырзакматовдун тууганы. Ага анча-мынча кол кабыш кылып, ары-бери чыкканда узатып жүрчү. Эми эл оозунда элек жок экен, балким Мырзакматовду коркутуу үчүн, канатын кайрыш үчүн да ушундай аракет болдубу деген сөздөрдү угуп жатабыз.

Бирок ишкердин бир тууган иниси Толкун Садиев окуяга агасынын ишкердиги себеп болду деген пикирде:

- Окуя үйдүн короосунда болгон. Чачма ок менен аткан. Ок колуна, көкүрөгүнө тийген. Операциядан жакшы эле чыккан, бирок каза болуп калды. Агам акыркы он жылдан бери автоунаа бизнеси менен алектенчү. Кол салууга ошол ишинин тиешеси барбы деп ойлоп атабыз. Мелис Мырзакматов менен тууганчылык жайыбыз бар. Бирок биз саясаттан алыс адамдарбыз. Ошондуктан өлүмдү Мырзакматовго байланыштырган туура эмес деп ойлойм.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов болсо, бул кол салуу аны коркутуу үчүн жасалганын билдирип, бирок кененирээк комментарий берүүдөн баш тартууда.

Жеңиш Садиев 37 жашта болчу. Үй-бүлөлүү, артында 4 баласы калды.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2-майда Ошто күч органдарынын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп жатып, кол салуудан каза тапкан Жеңиш Садиевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү тапшырганы белгилүү болду.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG