Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Ош: быйыл чет элдик студенттер аз


Өткөн жылкы июнь коогалаңынан кийин Ошто билим алган чет өлкөлүк студенттердин көпчүлүгү өз мекенине чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен жок. Жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттердин саны да азайды.

Ош технологиялык университети чет өлкөлүк студенттерин окуудан чыгарууда. Буга аталган студенттердин өткөн жылкы июнь окуясынан бери сабакка келбегени, окуу акысын төлөбөгөнү себеп болууда.

Окуу жайдын биринчи проректору Кубанычбек Мансуровдун айтымында, ОшТУда негизинен Түркмөнстан, Пакистан жана Өзбекстандын жарандары окучу.

Проректордун оюнча, алардын кайрылып келбегенине коопсуздуктан мурда виза маселеси себепкер.

- Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштары коогалаңдан кийин өз калыбына келе элек окшойт. Виза алыш кыйын болуп жатат. Ошон үчүн келбей атышат. Түркмөнстандык миңден ашуун бала окучу эле, келбей калышты. Өзбекстандан окучу эле, алардын да көбү кетишти. Ал эми пакистандыктар жакшы эле келип окуп атышат.

Бирок чет өлкөлүк студенттердин жүз буруп кетүүсүнө коопсуздук маселеси таасир этпеди деп айтыш кыйын. Анткени коогалаң учурунда, алардын арасында барымтага түшүп калгандары да болгон.

Учурда Оштогу жогорку окуу жайларына кабыл алуунун биринчи айлампасы аяктап, жыйынтыгы чыгарылууда.

Университеттердин ичи-тышында абитуриенттер кыжы-кыйма. Көпчүлүгүнүн жанында ата-эне, туугандары да бар. Быйыл абитуриенттердин саны былтыркыдан кыйла көп болгону менен, мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз экендиги айтылууда.

Былтыр айрым адистиктер боюнча көптөгөн орундар бош калган. Маселен Ош мамлекеттик университети 2009-жылы 6,5 миңге жакын абитуриентти кабыл алса, былтыр алардын саны 5 миңден ашыгыраак болгон.

Өткөн жылы коопсуздук маселесинен улам көпчүлүк абитуриенттер борборго агылса, студенттер арасында деле окуусун борборго ооштургандар көп болгон. Быйылкы абитуриенттер, алардын ата-энелери учурда шаарда кооптоно турган жагдай жок экенин айтышат.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков студенттикке талапкерлердин азыраак болгонуна негизги тесттен тышкары, кошумча предметтик тесттин милдеттүү түрдө киргизилгени себепкер экенин айтат.

- Математика, ПОВТААС, колдонма математика, энергетика, ошондой биология, химия, англис тили адистиктери боюнча да предметтик тесттер талап кылынат. Ушул жерде проблема бар. Себеби предметтик тест 65 баллдан жогору болушу керек. Эгерде негизги тест 160-170 болгон учурда деле предметтик тесттен белгиленген чекке жетпей калып, көпчүлүк билимдүү балдар окууга өтпөй калып жатат.

Мындан улам ректорат предметтик тесттин босогосун 10 баллга чейин төмөндөтүүнү Билим берүү министрлигине сунуштамай болууда.
XS
SM
MD
LG