Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Ачык асман алдында билим алгандар


Кара-Суунун Кыргыз-Чек айылындагы окуучулар ачык асман алдында билим алып жатышат.

Балдардын жарымы үйлөрдүн жертөлөсүндө окууга мажбур. Бул кырдаал Сыдык Алайчы мектеп имаратынын оңдоо иштери кечигип жатканынан улам пайда болду. Мугалимдер маалымдагандай, мектеп 22 жылдан бери эми гана толук ремонт көрүп атат.

Бөлмө караңгы жана парталар муздак болсо да кыргызчектик окуучулардын сабагын үзгүлтүккө учураган жок. Окуучулар сыртка чыгып бир сыйра жылынып алышып, кайрадан эжекесинин тапшырмасын аткаруу менен алек.

Мектебинин ремонт болуп жатканына сүйүнгөн балдар үйдүн жер төлөсүндө окуп жатканына деле капа эмес. 4-класстын окуучусу Адилет Эмил уулу:

- Биз азыр Алтымыш агайдын жертөлөсүндө окуп жатабыз. Жертөлөдө окуган жаман деле эмес, бирок суук экен. Анан караңгы, китеп-дептерлерибизди көрбөй жатабыз. Эшикти жапсак, андан бешбетер караңгы болуп калат экен. Алдыраак отурсаң суук өтөт, артка отурсаң көрбөй каласың. Мектебибиз эскирип калгандыктан ремонт кылып жатышат. Эми жаңы мектепте окуйбуз.

Адилеттин классынан башка дагы 300дөй окуучу мектептин жанындагы үйлөрдө билим алууда. Үйлөргө батпай калгандары мектептин короосунда эле ачык асман алдына парта-доскасын алып чыгып окуп жатышат. Бир чети танапис учурунда сыртка чыгыш, кайра кириш дегени жок балдарга кызык болуп жаткандай. Окуучулардын бири Асел Абдыманап кызы:

- Коңгуроо кагылганда сыртка чыгуу деген жок. Парталарда эле отура беребиз, суу ичип, же ойноп. Негизинен окуучулар үй-үйлөргө бөлүндү. Ал эми биз, чоң класстар, сыртта эле окуп жатабыз. Ар бир окуучу билим алыш керек да, ошон үчүн мектеп ремонт болуп жатса да окууга туура келүүдө.

Күндүн ысыгынан качып, окуучулар теректердин арасына кирип алышкан. "Бирок эми күн жаагандан Кудай сактасын", - дейт мугалим Мутабар Эргешова:

- Ар бир адам ар кандай шартка адаптация болууга жөндөмдүү да. Мына биз деле сыртка окуганга көнүп калдык. Бирок класстын ичиндегидей болбойт. Парталардын үстү чаң боло берет, окуучулар көп шоктонот. Дагы жакшы, сентябрдын башынан бери жамгыр жааган жок, мындан ары да жаабай туруп берсе жакшы болот эле. Өзүбүздүн мектеп ачылганча ушинтип окуп турабыз.

844 орундуу Сыдык Алайчы мектебинде миңден ашык окуучу бар. Жакшы эле курула баштаган мектеп Союз таркаган учурга туш келип калып толук бүтпөй калып кеткен.

Имараттын ашканасы, спорт залы, жыйындар залы, китепканасы, тосмолору, жылытуу жана жарыктандыруу системалары эми гана оңдолуп жатат. Ремонт иштери жаз башында мектепке кирип кеткен селдин шылтоосу менен башталды. Мектеп директору Алтымыш Топчубаев:

- Курулуштун токтоп калганына мына 22 жыл болду. Ошондон бери ремонт көрбөгөн мектеп эми оңдолуп жатат. Көп жерлерге кайрылып, экономикалык тартыштыктарга, каражат маселесине байланыштуу калып келген. Анан сел басып кетип, элдин арыз-муңу менен ремонт бетин көрүп турабыз. Бүтүп калса өзүбүздүн окуучуларга эле жакшы.

Мектепти ремонттоо иштерин "Кең курулуш" менчик фирмасы алып барууда. Мамлекеттик бюджеттен каралган 50 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Окуу жыл башында ишке бериле турган мектеп мынтип белгисиз себептер менен октябрь айларына барып гана окуучуларды кабыл алышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG