Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Мигрант алыста, үй-бүлөсү талаада


БУУнун азык-түлүк жана аялдар фонду Ошто жолдошу жана балдары мигрант болуп жалгыз бой калган аялдарга жашылча-жемиш өстүрүп, бизнес кылуу жагынан көмөк көрсөтүүдө.

Долбоордун алкагында аялуу катмардын өкүлдөрү мыкты сорттогу үрөндөргө жана дыйканчылык боюнча жаңы билимдерге ээ болууда. Чет жерде жүргөн жакындары акча жөнөткүчө алар жер-жемиштерин сатып, үй-бүлөсүн багып жатышат.

Айдана Үсөн кызы жашылча-жемиштерин суугарып, чөптөрүн отоп жатат. Ал айдоосуна бадыраң жана помидорлорду отургузган.

Жолдошунун Орусияга кеткенине бир жылга жакындаса да, жакшы жумуш таппай, аларга оңдуу акча жибере элек. Ошол себептүү 2 баласын Айдана ушул дыйканчылыгы менен багып жатат:

Айдана Үсөн кызы
- Күйөөм Орусиянын Москва шаарында иштеп атат. Курулуш ишинде болсо керек. Азыр кеткенине 7 ай болуп калды. Бизге айына акча жөнөтө албайт. 2-3 айда салып турат. Анысы да аз эле. Анткени ал жакта да батирине төлөйт экен, жеп-ичкенине кетет экен.

Ошон үчүн бул жакта да жакшылап иштеш керек. Азыр бул жерде 6 сотик бадыраң, 6 сотик помидор эккенбиз.


Айданага Октябрь айылындагы жолдошу чет элде иштеп, айылда жумушсуз калган дагы 6 аял кошулган. Атайын тайпа түзүп алышып, алар бири-бирине күнүгө каралашып турушат.

Жаш аялдарга сапаттуу үрөндөрдү БУУнун азык-түлүк жана аялдар фонду таап берип жатат.

Ошондой эле фонддун адистери аларга дыйканчылыктын жаңы сырларын үйрөтүүдө:

- Бизге гибрид сортундагыларды берди. Муну кантип багыш керек, түшүмдү кантип жакшы алыш керек, жер семирткичти кантип бериш керектигин бул коом үйрөтүп жатат. Атайын тренингдер болуп жатат.

Роза Касымова айылдагы 7 пенсионерди бир топко бириктирген. Алардын балдары да чет жерде иштеп, үйдө төрттөн-бештен неберелери менен калышкан. “Балдарыбыз акча жөнөтөөрүн күтпөй, айдоого чыгып дыйканчылык кылып жатабыз” дейт Роза Касымова:

- Кимдики суусун таштап, табына келген болсо чогуубуз менен ошонукун отоп, карап жардамдашабыз. Бул тайпага жалаң пенсионерлер биригип алдык. “Карыганда эки сөз оор келбей, бир сөз жеңил келбей” кыйын болуп турганда, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз.

Жаштар күнгө чыдай албай, кайра өзүбүздү кыйнайт. Өз ара жардамдашуу тобу деп аталат мунубуз. Эркектерибиз болсо неберелерибизди карап үйдө отурат.


Роза Касымова
Октябрь айылында аярлуу катмардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 5 тайпа бар. Кыргызстан боюнча 65 айылда алардын саны 2 миңге жакын. Үй-бүлөлөрдүн дээрлик баарынын же атасы, же баласы чет өлкөгө кеткен.

БУУнун долбоорунун алкагында алардын баарына көмөк берилет. БУУнун азык-түлүк боюнча фондунун өкүлү Елизавета Залкинд “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз гуманитардык жардамдарды акырындап азайтып, адамдарды өндүрүү жагына тартып жатабыз. Даяр нерсеге гана үйрөнбөй, адамдар колунда бар нерсе менен үй-бүлөсүн багышы керек. Жашылча-жемишти өстүрүү аялдарга чоң стимул болуп берет. Айрыкча жакындары сыртта болуп, үй-бүлөсүн өзү багууга туура келген аялдарга биздин долбоор көп пайда алып келет.

Елизавета Залкинд
Соңку мезгилдеги кымбатчылыктын айынан дыйканчылык кылуу да кыйындап калгандай. Долбоордун катышуучусу Майрамкан Курумшуева элеттегилердин көбү жерлерин иштете албай калганын айтат:

- Бизге фонд жардам берип жатат. Башкаларга абдан кыйын болду. Айрыкча быйыл айылдагылар абдан кыйналышты. Жер иштетүүдөн безилдеп калышты. Солярка кымбат. Азот былтыр 25 сом болсо, быйыл 33 сомго чыгыптыр. Дарбыз эккендер эки-үч жолудан берет да. Элестеткиле, 1 гектар жерди 2300 сомго айдатасың, 1700 сомго малалатасың, 1000 сомго арык аласың, анан эгишиң да өзүнчө пул. Дары болсо 39-40 сомго көтөрүлүп кетти…

Анткен менен аялуу катмардын өкүлдөрү түшүмдөрүн алгыча БУУнун азык-түлүк фонду аларга ун азыктарын жана витаминдештирилген өсүмдүк майларын да жардамга берип турмакчы. Бирок азыр аялдардын жашылча-жемиштеринин алгачкы түшүмдөрүн бере баштады.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG