Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Атамбаев Ошто оппозицияны сынга алды


Алмазбек Атамбаев. Ош, 16-март
Алмазбек Атамбаев. Ош, 16-март

Оштогу иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев калкты саясий акцияларга кошулбоого чакырды.

Ал ошондой эле оппозицияны "өз кызыкчылыгы үчүн чуркаган бузукулар" деп атады. Өлкө башчысы аймактын активдери менен жабык эшик артында сүйлөшкөнү да маалым болду. Президенттин 16-марттагы түштүк аймакка сапары 24-мартта Ошто өтө турган оппозиция курултайынын алдына туш келди.

Алдын ала чакырылган жүзгө жакын шаар тургундары менен президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарына курулган жаңы суу кампасынын ачылышында кезикти. Дароо эле шаардыктарды ынтымакка чакырып, "эл бузарларды" жолотпоо керектигин айтты:

- Кыргызстандын келечеги кең, азыр бир топ эле өсүштөр болуп атат. Бизге бир гана нерсе, ынтымак керек. Өзгөчө Ош шаарына. Эч качан адам адамды улутуна карап, жерине карап бөлбөшү керек. Керек болсо эл бузарларды таш менен уруш керек. Кадыржан Батыров болобу, башкасы болобу эл бузарларды жолотпоо керек. Дагы бир жолу бузукуларга жол берсеңер, анда Ош шаарынын тургундарын сыйлаш кыйын болот. Азыр жанагылар айтар сөзү жок, элди жөндөн жөн эле бөлүп атат. Кыргыз-өзбек кылып, ичкилик-аркалык кылып, анысы аз келгенсип, облус, айылдарына чейин бөлүп атышат. Бул абдан туура эмес. Урууну ойлобой, улутту ойлош керек. Эл бузарларга ишенбегиле, эгерде бир нерсе болуп кетсе, алардын саманы да, ширеңкеси да даяр. Майын чачып, ширеңкесин жагып кетет.

Митингге катышкан эл
Митингге катышкан эл

Атамбаев ошондой эле мындан 14 жыл мурдагы Аксы окуясын да эске салып ал бардык төңкөрүштөрдүн башталышы болгонун белгиледи:

- 2002-жылдын 17-мартында кыргызстандыктар биринчи жолу көтөрүлүп, уулдарыбыз каза болгон. Ошонун уландысы кийин Кыргызстанды кемирип жатканда Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу 2005-жылы айдап чыкты. Ошондо мени деле “президент бол” деп көтөрүп чыгышкан. Бирок Бакиевге сөз бергенбиз, “Акаевдикиндей болбойт” деп антташтык деп, албай чыгып кеткем. Бирок анда да эл жеңишин уурдатып жиберди. Аягында мына Бакиевдердин үй-бүлөсү да, Кыргызстандын байлыктарын уурдап качып кетти. Акаевдер Москвада жыргап жүрөт, Бакиевдер Минскиде жыргап жүрөт. Бирок мен антип качпайм, бир жарым жылдан кийин президенттикти тынч өткөрүп берем. Өзүмдүн айылыма барып гана тынч тиричилигимди улантам. Бир нерсени туура эмес кылсам, өз башым менен жооп берем.

Мамлекет башчы калаа тургундарын Ош шаардык кеңешин шайлоодо да добушун сатпоого, алданып калбоого чакырды. Президент Атамбаев буга катар Жалал-Абадда жана башка аймактарда митинг өткөрүп жаткан оппозиция өкүлдөрүн сынга алып, калкты алардан оолак жүрүүгө үндөдү:

Митингге катышкан эл
Митингге катышкан эл

- Кээ бирөөлөр тополоң болуп, кан төгүлгөн сайын пайда табат. Бирөөлөр өлүп көчөдө калат, бирөөлөр эки-үч кабат үй салып, чөнтөктөрүн толтурат. Кээ бирөөнүн умтулганы жалаң гана бийлик. Мына азыр оппозицияда жүргөн кээ бир экс-губернатор, экс-мэрлер иштен кеткенде, “мени иштен кетирсең, оппозиция болом” деп атып кеткен. Буларга кызмат, пара, өзүнүн курсагы гана керек. Буларга эл, ынтымак, Кыргызстандын келечеги бир тыйын. Булар шайтандын кулдары, шайтандын азгырыгы.

Атамбаев менен жолугушкандардын бир даары президенттин кебинин төркүнү Ошто өтөт делип жаткан оппозициянын курултайы жөнүндө кетип жатканын түшүнүшкөндөй. Калаа тургуну Калбү Кыргызбаева бул жагынан өлкө башчысын колдоого алган менен, нааразылык да бар экенин жашырбайт:

- Президент эми ачыктан ачык, митингге чыкпагыла, нааразылык акцияларына кошулбагыла деп айткан жок. Бирок Ошту сактап калуу силердин колуңарда, өзүңөр чечкиле, башаламандыкка жол бербегиле деп ачык өтүндү. “Өзүңөрдү жакшы кармагыла, элди сыйлагыла” деп айтканы туура. Албетте, акыркы кризистерде эл аябай эле кыйналып атат. Энергиянын кымбаттаганына, жөлөк пулдардын жоюлушуна нааразы болгондор бар. Бирок пикетке чыга койгонго же тиги курултайга бара калганга элдин кудурети да, каалоосу да жок.

Митингге келген эл
Митингге келген эл

Иш сапарынын алкагында президент Ош шаарынын активи менен жабык эшик артында жолугушту. Ал жерге айрым мамлекеттик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн сырткары, башка журналисттер киргизилген жок. Президент Алмазбек Атамбаев мындан ары 17-мартта Жалал-Абад облусуна барып, Аксы окуяларын эскерүүгө арналган иш- чарага катышарын айтты.

Кантсе да Атамбаевдин иш сапары 24-мартта Ош шаарында болчу Улуттук оппозициялык кыймылдын курултайын утурлап жатканы түрдүүчө жоромолдонууда.

Атамбаевдин Ошко иш сапары жана андагы сөздөрү тууралуу серепчи Эркин Абдразаков "Азаттыкка" маек берди.
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00
Түз линк

Бирок оппозициянын катарында жүргөн Абдылда Капаров бул жыйындардан чочулоонун кажети жок дейт:

- Акаевдин, Бакиевдин жанындагылар да аларга “баары жакшы, эл жыргап атат” деп жомокторду айтып жүрүп, элдин чыныгы жашоосун билбей калган. Акыры кетип тынышты. Атамбаевге да жан- жөкөрлөрү ошентип туура эмес маалыматтарды берип жатат. Азыр президент айткандай жыргал жашоо эмес, элде абал оор, жашоо кыйындап жатат. Жалал-Абадда, Таласта, Аксыда чыккан нааразылыктар да ошондон, элде нааразылык күч. Эгерде Ошто курултай боло турган болсо, аны уюштургандар жат адамдар эмес, алар Сириядан келген эмес. Аны уюштургандар Атамбаевди жетелеп бийликке алып барган Бекназаровго окшогон эле адамдар. Алардан коркуштун да, ага тоскоолдук кылыштын да кереги жок, тескерисинче Атамбаев өзү да келип, ошол курултайдан элдин көйгөйүн угуп кетсин. Оппозицияны "эл бузарлар" деп атады, кечээ эле Атамбаев өзү да ушул эле оппозицияда "бузукулардын" катарында болгон, кечээги күндү унутпаш керек.

14-март күнү Жалал-Абад шаарында, Кербен шаарында жана Аксы райондорунда 200дөн миңге чейинки кишинин катышуусунда митингдер өтүп, социалдык төлөмдөргө байланышкан талаптар коюлган. Жалал-Абад шаарындагы акцияда ал тургай президентти кетирүү талабы да айтылган эле. Алар ошол бойдон Ош шаарында 24-мартта кезикмекчи болуп тарашкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG