Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

Өзгөндө Жаштар үйү ачылды


Бул борбордо элеттик жаштар чогулуп, компьютер курстарын окуп чет тилдерин үйрөнүшмөкчү. Ошондой эле алар бул жерде долбоорлорду жазып, Жаштар министрлигинен пайызсыз насыя алышмакчы. Жергиликтүү бийлик Жаштар үйү өзбек-кыргыз жаштарынын ынтымагына данакер болот деп үмүт артууда.

“Өзгөндүн Куршап айыл округунун жаштары эми жаңы ачылган Жаштар үйүндө түрдүү нерселер менен алек болушат” дейт жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов:

- Жаштар бийлик менен, биз менен жакындан байланышып турат. Жер-жерлерде жаштар өздөрүнүн көйгөйлөрүн талкуулап, чечип алышат. Андан сырткары бул жерде тил үйрөтүлөт, медициналык жардамдар берилет. Анткени миграциянын күчөшү менен жаштар арасында оорулуулар күчөп кетти. Ошондой эле жаштарды мамлекеттик иштерге иштөөгө үйрөтүү, ар тараптуу инсан катары калыптандыруу. Жаштар маалыматтан да артта калып жатат. Борбор бул жагын да колго алат.

Ошондой эле бул борбордо элеттик жаштар долбоор жазып, министрликтен пайызсыз насыяларга ээ болушат:

- Биздин мамлекет агрардык мамлекет. 60% эл элет жеринде жашайт. Ошондуктан каражаттар айыл жергесинде турган жаштардын долбоорлоруна көбүрөөк берилмекчи.

Элеттик жаштар ушул агрардык, дыйканчылык боюнча долбоор жазышат. Бул багытта биз жаштарга “мынча тоок өстүргүлө, мынча кой баккыла, мынча жер карагыла” деп атабыз. Ага каражаттан биз жардам беребиз, баары өзүңөргө калат.


Ош жана Жалал-Абад облусунда жалпысы болуп 16 Жаштар үйү иштеп жатат. Борборлор эл аралык ЮНИСЕФ жана ПРООН уюмдарынын каржылоосунда аткарылууда. Бул долбоордун башкы максаты – эки улут жаштарынын бири-бирине болгон ишенимдерин кайтаруу жана достугун чыңдоо.

Өзгөн район акиминин орун басары Матлюба Шарипованын белгилешинче, улуттар ынтымагын чыңдоодо алгач жаштарды ийге келтирүү керек:

- Улут аралык мамиленин чыңдоо, ар кандай жаңжалдарды алдын алуу боюнча активдүү жаштар кайра эле элеттик жаштарга ар кандай сабактарды өтүшөт. Тренингдер, иш-чаралар уюштурулат. Кызуу кандуу жаштар конкреттүү бир нерсе менен алек болуп, башка жаман жолдордон оолак болушат.

Куршап айыл округунда учурда 15 улуттуу 20 миңден ашык калк жашайт. Элдердин достугу айылды 90-жылкы тополоңдон жана былтыркы кандуу капсалаңдардан да сактап калды.

Бабур Шарипов
Айыл жаштарынын бири Бабур Шарипов 20 жашка келгиче кыргыз достору менен бир дагы жаман-жакшы айтышпаганын айтат:

- Ушу жерде туулуп, ушул жерде өсүп келатам. Мен өзбек болсом да башка досторум мени бир дагы урушкан эмесмин.

Эч ким мени бир жолу да кемсинткен эмес. Кыргыз-өзбек деп бөлүнбөйт эч ким. Былтыркы коогалаң күндөрү деле мен досторум менен чогуу-чаран эле жүрдүм.


Марат Мамасадыков
Башкалар сыяктуу эле куршаптык жаштарды жумушсуздук жана миграция маселелери түйшүккө салууда. Алар жыл сайын облуста, республикада спорттон ийгиликтерге жетишкен менен, айылда түзүгүрөөк спорт комплекстери жоктугун айтышат.

“Жеке ишкерлердин көмөгү менен болгону бир спорт жайы ачылды” дейт жаштардын өкүлү Марат Мамасадыков:

- Биз үчүн өкмөт тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатат. Анан жаштар өздөрүн өздөрү колдоого аракет кылууда.

Биздин көчөдө колоктоп бош жүргөнүбүздү көрүп чоң агаларыбыз, жеке ишкерлер спорт залын ачып беришти. Ошолор артыбызда өсүп келе жаткан жаштар өссүн, ден соолугу чың болсун деп жатышат. Алар антпегенде, биз кантет элек, билбейм…

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылда бош калган жаштар эми жаңы ачылган Жаштар үйүндө чет тилдерди жана компьютерлерди үйрөнүү менен алаксып турат деп белгилешүүдө. Азырынча элеттик жаштардын баарына жумуш табылгыдай эмес.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG